Саясат

Доллардын кесепеттери жөнүндө

26 мая 2017 г. 20:35 472

Менден: «Доллардын экономикабызга канчалык коркунучу бар? Биз эмне үчүн инфляцияны азайтканга аракеттенебиз, АКШ менен Евробиримдик эмнеге аны жогорулаткысы келет? Эч нерсе менен камсыздалбаган доллар качан урап түшөт?», - деп сурашат

Экономиканын алсыздыгы долларды күчтөндүрөт

Долларлашуу – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн оорусу. Ал бир гана же өзгөчө себепке байланыштуу эмес. Бул өнүкпөгөн экономиканын жалпы натыйжасы. Ошон үчүн бул ооруну экономиканы башкаруунун салттуу усул жана куралдары менен айыктыруу мүмкүн эмес. Өнүккөн жана өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө экономикалык саясат эки башка усул менен жүрөт. Учурдун экономисттеринин дээрлик бардыгы мындай айырма бар экенин моюндаган.

Биздин Улуттук банктын стандартын карап көрсөк, долларлашуу – Кыргызстандын каржы-кредиттик мекемелеринин жалпы валюталык кору деп чечмеленген. Ошондуктан дароо: «Эмне үчүн жарандарыбыз байлыгын валютада сакташат?»,- деген суроо пайда болот. Суроонун жообу дайын. Ал бир тамырдан чыккан эки себепке байланыштуу. Биринчиден биздин валюта чакан географияда таанылган, бизге жакын жайгашкан эле Астананын «обменкаларында» сомду эч ким билбейт. Экинчиден сомдун туруктуу экенине күмөнбүз.

Күмөнүбүз карызыбыз менен импортубуздун көлөмүнө байланыштуу. Сырткы карыз менен сырттан кирген импорттун көлөмү жыл санап өскөн сайын биздин сомго күмөнүбүз да артып бара берет. Карыз менен импорт валюта менен төлөнөрүн карапайым калк да билет. Бул жагдайдан чыгуунун жалгыз жолу ата мекендик товарды сыртка сатуу, б.а. экспорттоо экенин да жакшы түшүнөбүз. Учурда бул соода балансында импорттун көлөмү эселеп жогору. Ички дүң өндүрүмгө (ИДӨ) караганда тышкы карыз да эселеп өскөн. Бул жерде эстен чыгарылган бир маселе бар.

Сомдун кунун түшүрүү баш тарткыс чарабы?

Сомдун кунун кармап тура берүү – бул импортту күчөтүп, экспортту басмырлаган саясат. Себеби биздин өндүрүүчүлөр чыгымдарынын көбүн сом менен жабат. Өндүрүүчү экспорттон түшкөн кирешесин кайра сомго айлантканда кирешеси азайып кетет. Улам экспорттогон сайын валюталык кирешеси азайып, сомдук чыгымдары өсүп кете берет. Мындан улам биздин экспорттоочулар сырткы базарда атаандаша албай калат. Анын кесепетинен чет өлкөлүк валютанын келүүсү тартылып, импорт менен өлкөнүн карыздарын төлөө мүмкүндүгү азаят. Кыргыз экономикасынын ативдүүлүгү басаңдап, аргасыздан карыз алуу жана импортту мыдан да көбөйтүү зарыл болуп калат. Бул аргасыз айлампа экенин көрдүңүздөр. Ар бир мындай айлантуу, бурама сыяктуу, улуттук экономиканы улам төмөндөгөн түзүмгө түртө берет.

Экономикалык түзүмдү өзгөртүү бул айлампадан кутулуунун жалгыз жолу экени түшүнүктүү. Буга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөр экономикалык түзүмүн өзгөртүп, мындай жагдайдан чыгып кеткен тажрыйбалар бар экенин баары билет. Алар экономикасынын каражатка «чаңкоосун» кандыруу үчүн өз валюталарынын кунун түшүрүп, сырткы жана ички инвестицияны өндүрүп жана экспортко багыттай алышкан.

Саясатчылар долларды сомго басып берсе...

Биздин каржы саясатын жүргүзгөндөр экономикабызда импорт үстөмдүк кылгандыктан мындай кадамга барууда чочулап турат. Себеби сомдун куну төмөндөсө, инфляция дароо жогорулап кетет. Биз инфляциядан оттон корккондой чочуйбуз. Анткени валюталык корубуз, соода балансынын дефицити жана валютанын курстары бири-бири менен тыгыз байланышып калган. Соода балансынын дефицити бийликти валюта корун сарптоого же сомдун кунун түшүрүүгө мажбурлайт. Мындан да жаманы мындай саясат «капиталдын качуусун» шарттап, экономикага чоң кесепети тийиши мүмкүн. Ошондуктан сомдун күчтүүлүгүнөн пайда болгон экономикалык «жараны» жарып, толук тазалап чыккандын ордуна биз үстүнө «май тартуу» чаралары менен аны дарылаганга аракет кылып келебиз. Доллардын үстөмдүгү биздин экономиканын негизги көйгөйү экенин айтпаган адам калган жок. Аны ички соода-сатыкта колдонууну чектөө же толугу менен токтотуу менин оюмча убактылуу туура чара болмок.

Мындай чара сомго туруктуулук алып келеби? Албетте, жок. Анткени бул жол менен бийлик долларлашуунун көйгөйүн биротоло чече албайт. Бул чара сырткы карызды төлөп берүүнү оорлоштурат. Сомдун кунун туруктуу кармап калуу аракети болсо экономиканы чабалдатып, сомго болгон ишенимди ого бетер алсыратат. Ошондуктан баштагы үч суроонун алгачкы: «Доллардын экономикабызга канчалык коркунучу бар?», - суроосуна, «долларлашуунун өзү эмес, бийликтин ага каршы көргөн чаралары коркунучтуу» - деп жооп берсек туура болчудай.

Реалдуу экономикадан качкан каражат

Эмне үчүн бийликтин аракеттери опурталдуу дедим. Себеби биздин инвестициялык чечимдерибиз кыймылсыз мүлктөн алган кирешеге, илимий тил менен айтканда рентага байланган. Мындай жагдай валютанын алмаштыруу курсунан элдин кооптонгонуна байланыштуу. Калктын, айрыкча чөнтөгү калыңдардын ашыкча каражаттарынын баары бизнес негиздөөгө же аны кеңейтүүгө эмес, кыймылсыз мүлк же туруктуу валюта сатып алууга жумшалууда. Бул биздин бийлик жүргүзгөн экономикалык саясатка мыйзам ченемдүү жооп десек жаңылбайбыз.

Ошентип бир тараптан экономикабыз каражатка чаңкап турат, экинчи тараптан кабыл алынган инвестициялык чечимдер экономиканы мындай жагдайдан чыгарбастан, тескерисинче валюта базарын дүрбөлөңгө салып турат. Демек өнүгүп келе жаткан экономикалардын көйгөйү айланып жаткан акчанын көлөмүнө эмес, валютага болгон талаптын жогорулаганында. Биз бул бүтүмгө таянып, инфляция тууралуу маселени карап көрөлү.

Экономикалык организм татаал болуш керек

Дүйнө экономикасынын глобалдашуусу, өндүрүштө жаңы технологиялардын колдонуусу, байланыш менен товар жеткирүүнүн заманбап куралдары акча каражаттарынын салттуу колдонуусун түп-тамыры менен өзгөртүүдө. Мурун экономикалык саясат мамлекетте айланып жаткан акчаны Ички дүң өндүрүмгө (ИДӨ) салыштыруунун негизинде жүргүзүлгөн.

Учурда экономикадагы акчанын көлөмү гана эмес, анын айлануусу да чоң мааниге ээ боло баштады. Бул айлануу мамлекеттин экономикалык түзүмүнүн жөнөкөйлүгү же татаалдыгына байланыштуу. Татаал структурада акча акыркы адресатына жеткенге чейин татаал организмдин ичиндеги азыктай көптөгөн экономикалык үжүрөлөрдөн (клеткалардан) өтөт. Жөнөкөй экономикалык түзүмдө болсо бир же бир нече клетканы аралап өтүп экономикалык организмден чыгып кетет.

Демек өнүккөн өлкөлөрдөгү инфляция акчанын көлөмүнөн мурун экономикалык түзүмдүн татаалдыгы же жөнөкөйлүгү жана валютага болгон талапка көз каранды. Муну менен биз макаланын башындагы: «Биз эмне үчүн инфляцияны азайтканга аракеттенебиз, АКШ менен Евробиримдик эмнеге аны жогорулаткысы келет?», - деген суроого жооп бердик деп ойлойбуз.

Батыш татаалданган сайын биз жөнөкөйлөшүүдөбүз

Биздин импортко багытталган, эң жөнөкөй түзүмү бар экономикада валюта базарынын туруксуздугунан улам ашыкча каражат дароо валютага болгон талапты жогорулатып, инфляцияга түрткү берет. АКШ менен Евробиримдикте мунун тескерисинче: биринчиден экономикасы татаал түзүмгө ээ, экинчиден алардын валютасы башкаларга салыштырмалуу өтө туруктуу. Демек бизде бийликке келген акчалуулар экономикада ашыкча каражат пайда болуусунан качып, экономикабызды мурункуга караганда да жөнөкөйлөштүрүп, каражатты валютага же үйлөргө жумшап, «тоңдуруп» салышууда. Батыштын өнүккөн өлкөлөрү экономиканы кошумча каражат менен жандандырып, улам татаалдаштырып, жаңы технологиялык деңгээлге өтүп кетүүдө.

Массалык маалымат каражаттары менен саясатчылар жана кээ бир экономисттер АКШнын доллары жакында урап түшөт деген ой айтып келишет.

Бирок бул ойлор АКШнын Федералдык резерв системасынын (ФРС) кандай иштегенин талдабай туруп айтылып кетүүдө. АКШ долларынын бекемдиги же борпоңдугу тууралуу пикир айтуудан мурун бул өлкөнүн ФРСы дүйнө экономикасын «ичи көңдөй» доллар менен кантип толтуруп жатканын карап көрөлү.

Кыргыз банкынын АКШныкынан айырмасы

АКШнын коммерциялык банктары өздөрүнүн каражатынын бир бөлүгүн ФРСтин түзүмүндөгү Федералдык резервдик банктарда (ФРБ) сакташат. Бул акчалар «резерв» деп да аталат. Бизде мындай каражаттар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (КР УБ) коммерциялык банктардын корреспонденттик эсептеринде жыйылат. Бул каражаттар КР УБнын резервдик талаптарын аткаруу жана төлөм жүргүзүү системасын валюта менен камсыздоо үчүн колдонулат. Ошондуктан кээ бир банктын каражаты ашыкча, кээ бириники жетишсиз болуп баштайт.

АКШ банктарынын резервдеринин мындай ашыкча же дефицити ФРСтин кору тарабынан тескелип турат. Эгер кандайдыр бир банкта каражат жетишсиздиги пайда болсо, ФРБлар ссуда берет. Мындай ссуда «федералдык фонддорду сатуу» - деп аталат. Бул каражаттарды колдонуу үчүн эң төмөн пайыз алынат. Ал федералдык фонддун «эсептик ставкасы» - деп аталат. 1979-жылдан баштап бул ставканы ФРС өзү тескебей калган. Анын ордуна ФРС баалуу кагаздарды алуу же сатуу менен каржы базарынын туруктуулугун камсыздайт. Мындай активдер сатып алынганда резервдеги акча көбөйөт, сатылганда азаят. Демек ФРС экономикага акчаны түздөн-түз куйбастан ФРлар аркылуу акчага болгон талапты тескейт.

Доллар жакында урап түшөбү?

АКШ өкмөтү ФРС менен Экономика министрлигинин атайын казыначылык департаменти аркылуу гана алака кылат. Бул департаменттин ФРСта өкмөттүн каражаттарын жүгүрткөн эсеби бар. Мамлекеттик дефицитти жабуу үчүн ушул казыначылыктын карыз алганга укугу бар.

Бул жерде эки олуттуу нерсеге көңүл буруу керек. Биринчиден АКШнын сырткы карызы доллар менен эсептелет. Башкача айтканда казыначылыктын карыздары долларга гана сатылат. Ошондуктан АКШ өкмөтү карызын төлөй албай калуусу мүмкүн эмес. Анткени ФРС керектүү көлөмдөгү доллар басып чыгарып, карызды жаап берет. Экинчиден дүйнө өкмөттөрүнүн валюталык резервдеринин басымдуу көбү АКШнын өкмөтүнүн карызынан (вексель) турат. Бул болсо АКШнын мамлекеттик бюджетинин дефицитин ушул өлкөлөр каржылап жатат дегендик.

Мындан улам АКШнын доллары туруктуу бойдон кала бермекчи деген бүтүмгө келсек болот.

Азамат Токбаев, Аkchabar