Жорум

Эс алуу бактарынын баркы кеткенде

18 мая 2017 г. 17:55 335

Күн ысык, бардыгы көлөкө издеп, салкын жерде отуруп эс алууну каалашат. Бүткүл өлкө эмес, Бишкек шаарыбызды эле алсак, бул жакта көптөгөн чоң жана чакан эс алуу бактары бар. Күнү бою ал жакта кишинин саны үзүлбөйт. Эс алуу багы - жашы да, карысы да каттаган, кээ бири жолугушууга, кээ бири китеп окуп эс алуу үчүн, кээ бирөөлөр жөн гана достору менен сейилдеп сүйлөшүп отура турган жер. А бирок кийинки күндөрү шаарыбыздын эс алуу бактары - кандайдыр бир чоң таштанды аянтына окшоп бараткансыйт...

Эс алуу бактары

Бишкек шаарында шаар тургундары үчүн көптөгөн эс алуу бактары бар, ал жердин бардыгы бак-даракка оронгон, жаз мезгилинде өзгөчө кулпуруп, адамды өзүнө тартат. Шаарыбызда: «Ата-Түрк» эс алуу багы, «Түштүк дарбаза» эс алуу багы, «Асанбай» кичи эс алуу багы, «Эркиндик» бульвары, «Жаш Гвардия» бульвары, «Эмен багы» «Фламинго» эс алуу багы жана «Панфилов» эс алуу бактары бар. Булардын ичинен «Ата-Түрк», «Түштүк дарбаза», «Панфилов» жана «Эркиндик» бульварына адам көп каттайт. Күндүзү да кечкисин дагы эс алуучулардын саны үзүлбөйт. Азыркы тапта эс алуу бактарына кичинекей балдар үчүн оюн-зоок аянттары курулуп, көпчүлүгү балдарын ойнотуу үчүн барат. Эс алуу багында ар кандай адамдарды көрөсүң. Бирок эң эле өкүнүчтүүсү таштанды таштоочу жай турса дагы таштандыны отурган жерлерине таштап кете бергендери. «Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың» дегендей баланы кичинесинен жашаган чөйрөсүн таза кармоону үйрөтүү керек.

А бирок эс алуу бактарында ата-энелер андай нерселерге көнүл бурбай баласы эмне иш кылса дагы макул болуп кете беришет. Айлананын жапжашыл кооздугуна суктансаң, ар кайсы жерде жаткан таштандыларды көрүп көңүлүң ирээнжийт. Эс алуучулардын бардыгы ушундай кылат деп айтуудан алысмын, бирок көпчүлүгү таштанды таштоочу жайды унуткандай.

Дагы бир көйгөй жаштарыбыздын жакшынакай отургуч турса анын үстүнө буту менен чыгып отуруп алгандары. Өздөрү жакшынакай кийинип алышат дагы зымга конгон каргалардай болуп отургучтун үстүнө отуруп алып, чемичке чагып, анысы аз келгенсип какырынып-түкүрүнүп отурушат. Биздин ушундай жактарыбызды көргөн чет элдик коноктор шаарыбызга кантип келсин? Жогоруда айткандай эс алуу бактарынан ар түрдүү жана ар кайсы муундагы адамдарды көрүүгө болот. Дегеним, улуу муундан эч ийменбей жаштарыбыздын кылып жаткан жоруктары көңүл оорутат. Уят сөздөр менен сүйлөшүп, кыз балдарыбыздын ачык эле чылым чегип, отургучка бир башкача отурганы... Буларды карап, анын жанында ойноп жүргөн наристе кандай болуп чоңоёт, алар дагы ушундай болуп чоңойгусу келеби же тескерисинче мындай болбойм деп өзүнө сабак алабы деген ой келет.

Майрамдан кийинки көрүнүш

Кыргыздарда майрам абдан көп, мына ошол майрам күндөрү эс алуу бактарына болуп көрбөгөндөй адам келет. Ал жакта ар кандай оюн-зоок программалар уюштурулуп, көпчүлүк ошол жакта болот. Бирок эң өкүнүчтүүсү майрам бүткөндөн кийинки эс алуу бактарынын көрүнүшү. Адамдардын жаратылышка ушунчалык көңүл кош мамиле кыларын ошол жактан байкаса болот. Болгондун баарын ичип-жешет дагы таштандыны каалаган жагына таштап баса беришет. Анысы аз келгенсип балдарына, «ошол жакка эле таштай бер» - деп үйрөткөнү. Чоочун кишинин аймагында жүргөндөй эле мамиле кылышат. Ушундай нерселерге катуу чара көрүлүп, мыйзам иштесе жакшы болмок. Бул көйгөйдүн көпчүлүгү эс алуучулар тарабынан келип чыгат. А бирок, мамлекет тарабынан дагы кемчиликтерди табууга болот. Анткени кийинки күндөрү эс алуу бактарындагы асман тиреген, эс алуу багынын көркү болгон бактарыбыз чирип, мурдагыдай кооздукту да бербей калды.Мамлекет ушундай нерселерди эске алып, аларды дарылап, сугарып, кыйылган эски бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп караса кандай жакшы болмок. Бул көйгөйлөр чечилип, эс алуу бактары калыбына келип, шаар тургундары дагы өз шаарын сыйлайт деген үмүттөмүн. Өлкөнүн жашоочуларын өз жерибизди сыйлаганга, таза кармаганга жана кооз жаратылышыбызды көздүн карегиндей сактоого үндөөр элек.

Таштандылар туурасындагы фактылар

- "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашевдин "Манастын" 1000 жылдыгына даярдык жүрүп жатканда Кызыл-Аскердин аймагын тазалоо ага тийип, таштандылар жыл санап тазаланбай, үйүлүп жатчу. 25 күн тынбай иштеп, акыры көчөнү тазалаганын айтканы бар. «1995-жылга чейин ал жакта деги эле короо шыпыргычтар жок болчу. Таштандылар жылдап тазаланбай, үйүлүп жатчу» - дейт.

- Кыргызстанда тазалыкка деп 22 сом төлөшөт.

- Бишкектин эң эле кир жери «Арча-Бешик» конушу. «Тазалыктын» кызматкерлеринин айтуусунда ал жерди тазалап кеткенден кийин эки саттын ичинде таштандылар кайра жайнап калат. Ал жерде убактылуу жашагандар көп, аларга баары бир.

- Борбор калааны таштандыдан арылткан жумушчулар 10-12 сааттан иштешет.

- Тазалыкта иштеген жумушчулардын айлык акысы 7500 сомдон 20000 сомго чейин болот. Негизи акча иштегенине жараша берилет экен.

- Шаардын көчөлөрүндө орнотулган евроконтейнерлердин дөңгөлөктөрүн гана уурдабастан, өзүн дагы көтөрө качкандар бар.

- Ар бир майрам сайын «Ала-Тоо» аянты менен «Эмен багынан» эле эң аз дегенде эле жети машина таштанды чыгарылат.

Рахат КЫШТООБАЕВА