Технология/Инновация

дүйнөдөгү эң мыкты Билим берүү системалары

18 мая 2017 г. 17:45 15971

Өтө тыкыс глабалдык байланыштары бар азыркы заманбап дүйнөбүздө өнүгүүнүн башка социалдык-экономикалык факторлору сыяктуу эле билим берүүнүн мааниси, окуу жайлардын эффективдүүлүгү мамлекеттердин гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошот.

Билим берүү системаларынын сапатына баа берүү жана аларды салыштыруу үчүн адистер атайын бир канча метрикаларды иштеп чыгышкан. Алардын арасында эң белгилүүлөрү- PISA, TIMSS жана PIRLS дегендер. Пирсондун группасы 2012-жылдан бери жогорудагы метрикалардын негизинде өзүнүн индекстерин жарыялап келет. Алар бир канча параметрлер менен билим сапатынын деңгээлин жана ар кайсы өлкөлөр боюнча бүтүрүүчүлөрдүн санын аныкташат. Жалпы индекстен сырткары, окуучулардын ой жүгүртүүсүн жана ийгиликтеринин көндүмдөрүн эсепке алышат.

Дүйнөдөгү билим берүүнүн улуттук системаларынын өнүгүүсүндө төмөнкүдөй тенденциялар байкалат:

Чыгыш Азия өлкөлөрү мурдагыдай эле алдыга эч кимди чыгарбай келишет. Түштүк Корея бул рейтингдин туу чокусунда жүрөт. Андан кийин Япония, буга куйрук улаш Сингапур, ошондой эле Гонконг да билим берүүнүн көч башында төртүнчү болуп жүрөт. Бул өлкөлөрдөгү билим берүүнүн идеологиясы жарандарынын табигый жөндөмдүүлүгү жана аракетчилдиги менен шартталып турат десек болот. Алар билим берүүдө алдыга койгон максаттары менен милдеттерин так билишет. Отчёт берүүнүн эң жогорку маданияты буларда эң мыкты калыптанган.

Кийинки орунда салттуу түрдө демейде күчтүү позицияларга ээ болуп жүргөн Скандинавия өлкөлөрү бир аз артыкчылыктарын жоготуп койгондой. 2012-жылдагы рейтингдин лидери деп саналган Финляндия 5-орунга жылып калды. Швеция 21-орундан 24-орунга жылып калган.

Израилдин абалы бир аз жакшырып, 17-орундан 12-орунга көтөрүлгөн. Орусия 17-орунда болсо, Польша 10-орунга чыккан.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн сап башында Индонезия өлкөсү 40-орунду ээлеген. Мунун алдында Мексика 39-орунда, Бразилия 38-орунда турат.

Түштүк Корея

Жапония менен Түштүк Корея билим берүү боюнча 1-орун үчүн айыгышкан атаандаштыкта күрөшүп келишет. Корейлер жапондорду 3-позиция менен артка калтырышты. Жапондор балдарынын баштапкы билим берүүсүнө ченебеген инвестиция салганы менен, корейлерге ой жүгүртүү жана рейтингдеги бир канча позиция боюнча төр бошотуп беришти. Билсеңиздер Кореяда окуучулар жуманын жети күнү тең окушат. Буларда дем алыш күн деген жок. Билим берүү тармагындагы мамлекеттик бюджет өткөн жылы 11миллиард 300 миллион АКШ долларын түзгөн.

Жапония

Жапондордун Билим берүү системасы өтө жогорку технологияларга таянат. Бул келечекте билим тармагындагы лидерликти камсыз кылып, түрдүү маселелерди чечүүнү жөнгө салат. Өлкөнүн жалпы ИДӨсү 5.96 триллион АКШ долларын түзөт. Мынчалык каражат өнүгүү үчүн эң сонун материалдык база болуп бермекчи.

Сингапур

Бул өлкө баштапкы билим берүү боюнча лидер саналат. Кээ бир көрсөткүчтөр боюнча күчтүү позицияларга ээ. Рейтингде 3-орунга татыктуу болгон. ИДӨ жан башына 64584 АКШ долларын түзүп, дүйнөдө 3-орунду ээлейт.

Гонконг

Мектептерде негизинен окутуунун британ системасы киргизилген. Билим берүүгө сарпталган мамлекеттик бюджет акыркы жылда жан башына 39420 АКШ долларын түзгөн. Баштапкы, орто, жогорку билим берүүнүн деңгээли дүйнөдө эң жогору деп саналат. Окутуу англисче жана кытай тилинин кантон диалектисинде жүргүзүлөт. Калктын сабаттуулугунун деңгээли 94,6 пайызды түзөт. Окуучуларынын өтө күчтүү математикалык даярдыгы бар экендиги белгиленген.

Финляндия

2012-жылкы рейтингдин лидери эсептелген Финляндия өлкөсү өзүнүн бекем позицияларын азиялык атаандаштарына өткөрүп, шаабайы кичине сууп турган маалы. Бирок ошентсе да көпчүлүк Финляндиянын билим берүү системасын дүйнөдөгү эң мыкты система деп эсептеп келишет. Ал эми көпчүлүк билермандар бул өлкөнүн билим берүү системасынын кемчилигин балдарды мектепке тартуу курагы 7 жашынан башталганынан деп ойлошот. Өлкөдө билим берүү бекер. Билим берүүнүн бюджети – 11,1 миллиард евро. ИДӨ ар бир жанга бөлө келгенде 36395 АКШ долларын түзөт.

Улуу Британия

Улуу Британияда билим берүүдөгү маселелер королдуктун деңгээлинде эмес, Англия, Шотландия, Түндүк Ирландия, Уэльстин өкмөттөрүнүн деңгээлинде чечилет. Пирсондун индекси боюнча Билим берүү жаатында Европа боюнча 2-орунду, дүйнө жүзү боюнча 6-орунду ээлеген. Өзгөчө шотландиялык билим берүү салыштырмалуу өлкө боюнча жогорку баага татыктуу болгон. ИДӨ жан башына 38711 АКШ долларын түзүп, дүйнөдө 21-орунду ээлейт.

Канада

Канадада англис жана француз тилдери окутуунун расмий тили болуп саналат. Сабаттуулуктун деңгээли 99 пайызды түзөт. Бул өлкөдө аял-эркек дебей сабаттуу. Билим берүүнүн деңгээлинин көрсөткүчү да жогору. Колледжди бүтүрүүчүлөрдүн пайызы дүйнө жүзү боюнча эң жогорку.

Окутуу тили болуп ангис жана француз тилдери эсептелинет. Канадалыктар колледжге 16 же 18 жашында тапшырышат. Окуу календары 180-190 күнгө каралган. Эгерде инвестицияны баштапкы билим берүүгө дагы көбүрөөк жумшаганда натыйжа мындан да жакшы болмок. ИДӨ жан башына 44656 АКШ долларын түзөт. Канада өз ИДӨсүнүн 5,4 пайызын билим берүү секторуна жумшайт.

Нидерланддар

Билим берүүгө инвестициянын аз кылынышы, орто билим берүүгө начар пландоо менен башкаруу бул өлкөнү рейтингде 8-орунга түшүп калууга мажбур кылды. ИДӨ жан башына 42568 АКШ долларын түзөт.

Ирландия

Сабаттуулуктун деңгээли 99 пайызды түзөт. Өлкөдө билим берүү башталгыч класстардан колледждерге, университеттерге чейин акысыз. Евробиримдиктин студенттери гана окуусу үчүн акча төлөшүп, салык төлөгөнгө милдеттүү. Ирландия мамлекети билим берүүгө 8 миллиард 759 миллион евро инвестиция кылат.

Польша

Польшанын билим берүү системасы билим берүүнү көзөмөлдөйт. Пирсондун индекси боюнча Польша баштапкы жана орто билимди жакшы уюштуруу аркылуу Европада дүйнө жүзү боюнча 10-орунга ээ болгон. ИДӨ жан башына 21118 АКШ долларын түзөт.

Талгат Деркембаев