Саясат

Кыргызстанда бизнес тургузуу маселелери

18 мая 2017 г. 17:40 21261

«Чет өлкөлүк инвесторлор сыяктуу эле жүздөгөн адам иштеткен өзүбүздүн өндүрүүчүлөр көп учурда корголбой калууда. Республикадагы бардык бизнес корголуусу зарыл», - дейт америкалык соода палатасынын (АСП) аткаруучу директору Зарина Чекирбаева

Кыргыз бизнесинин көйгөйлөрү

Көйгөйлөр өтө эле көп. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) тиешелүүсү учурдун негизги көйгөлөрү. Товарды чек арадан алып өтүү, бажыдан чыгаруу жана кийинки процедураларда көп маселе бар. Бизге тиешелүү жүктөр Казакстанда айлап кармалып калган учурлар болду. Бул маселени чечүү боюнча АСП туура маалымат берүү иш-чараларын уюштурду. Биздин ишкерлерге ЕАЭБдин процедуралары тиешелүү маселелерде кеп-кеңеш берүү үчүн биз чет элдик адистерди чакырдык. Буга учурунда Казакстандын ЕАЭБге кирүүсүнө жардам берген кесипкөйлөрдү атайын алып келдик. Алар бул маселени мурун чечкендиктен, эң жакшы жана баалуу кеңештерди бере алышты.

Биздин ишкерлерге эмне жетишпейт?

Бизнестин өнүгүүсүнө процедуралардын татаалдыгы чоң тоскоол. Отчётторду интернеттен тапшырса, чет жакта жүрүп документтерге кол койсо болот эле. Мисалы Грузия бул маселени небак чечип койгон. Ал жакта 40 мүнөттүн ичинде бизнести каттап, бардык документти онлайн тапшырса болот. Бизде кагаз толтуруп жатып чарчайсың. Ошондуктан ашыкча бюрократия өнүгүүгө чоң тоскоол болууда десек жаңылбайбыз.

Жакынкы өлкөлөргө салыштырмалуу албетте өнүгүү бар. Бирок биз алдыдагы күчтүү мамлекеттерге атаандашуубуз керек. Болгон жыйындын баарында ишкерди колдоп, ага жардам берүү зарыл деп тынбай айтып келебиз. Бирок мамлекеттик мекемелердин бул боюнча бирдиктүү системасы жок. Минэкономдуку башка саясат, Минфиндики башка. Бирдиктүү көз караш жок. Учурда бизге бизнес-ассоциациялар биригип, күчтөнүүсү керек деген шылтоо айтышат. Бирок мамлекеттик секторго караганда биздин ишкерлер бирдиктүү эле. Кайра эле Грузияны мисал кылгым келет. Биз алардын бизнеси менен мамлекеттик мекемелери бирге уюштурган жыйындарына катышып жүрдүк. Алардын Айыл чарба министрлиги визалар, Тышкы иштер министрлиги айыл чарба стратегиясы, Билим берүү министрлигинин өкүлү коомдук тармактардын өнүгүүсү тууралуу ой жүгүртө алат. Алар бардык маселеде бири-бирин кубаттап, бирдиктүү натыйжа үчүн жан үрөшөт. Биздин министрликтер да биригип бирдиктүү саясат жүргүзүүсү керек деген ойдомун.

Чет өлкөлүк бизнестин көйгөйлөрү

Чет элдик инвесторлорду Өкмөт коргой албай калган учурлар бар. Мындан сырткары дүйнөлүк бизнес-рейтингдерде төмөнкү саптарда жайгашып калганыбыз да алардын биздин рынокко кирүүсүнө чоң тоскоол. Саясий туруксуздук да Кыргыз Республикасына акча жумшоого тоскоол болуп келет. Мында биздин өлкөдө бардык бизнес бирдей корголуусу керек экенин баса белгилеш керек. Биздин өзүбүздүн көп жумушчусу бар ишканаларыбыздын укуктары корголбой калган учурлар арбын эле кездешет.

АСПга кайсы жана кандай компаниялар мүчө?

Америкалык соода палатасы өлкөгө жараша америкалык гана компаниялар кирген же башка өлкөлөрдүн да компаниялары кошулган форматта иштей берет. Мисалы Кыргызстандагы АСПга Америка, Түркия, Корея жана башка өлкөлөрдүн компаниялары мүчө болушкан. Биздеги АСПнын 60 пайызын жергиликтүү компаниялар түзөт. Бизге кирген 75 компаниянын жергиликтүүсүнүн кызыкчылыгын дүйнөдө, чет өлкөлүктүн кызыкчылыгын Кыргызстанда колдоп, коргойбуз.

АСПларга дүйнө боюнча 108 өлкөнүн 3 миллиондон ашык компаниясы кирген. АСПлар Түркмөнстандан сырткары бардык Борбор Азия мамлекетинде бар. Башка мамлекеттерде иштеген компанияларга биз түз эле чыга алабыз. Ошондуктан бизнесин өстүрөм дегендин көбү биздин палатага киргенге аракет кылат. Кыргызстандагы АСПга биздин өлкөдө түздөн-түз бизнеси жок, бирок биз аркылуу иштеп жаткан да компаниялар кирет. Алар биз менен иштешсе Кыргызстанда өкүлчүлүк ачуу чыгымынан кутулат. Мындан сырткары бизге бардык тармактын компаниялары кирген. Биз ошондуктан кичине бир тармактын эмес жалпы бизнеске тиешелүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштейбиз.

Кыргызстанда көргөзмө маданияты жок

Биз ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыктарбыз. Өлкөбүздө өндүрүшү бар 50 компания катышкан EXPO Made in Kyrgyzstan деген биринчи эл аралык көргөзмө өткөрдүк. Көргөзмөгө бизде өндүрүлүп, толугу менен Кыргызстандын сыртында сатылган ата мекендик сапаттуу товар жана жабдыктар коюлду.

Бул иш-чарабыз менен аябай сыймыктанабыз. Биз көргөзмөнүн чыныгы деңгээлин көрсөтө алдык. Себеби Кыргызстанда бизнес көргөзмө маданияты калыптана элек. Көргөзмөбүз жарманкеге айланып кетет. Көргөзмөгө келген өндүрүүчүлөр катышуу чыгымдарын актайм деп товар сатуу менен алек. Дүйнөлүк салт боюнча товар, жабдык жана технологиялар фирманын өндүрүмү, иштөө жана башкаруу деңгээлин көргөзүү үчүн коюлат. Дүйнөнүн бир да жеринде көргөзмө учурунда соода-сатык болбойт. Себеби бул иш-чара узак мөөнөттүк кызматташуу үчүн уюштурулат.

АСП Евразиялык биримдикке жардамдашууда

АСП Евразиялык экономикалык биримдик боюнча форум уюштурду. Ага Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасында Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча түздөн-түз жооптуу депутатты чакырдык. Андан сырткары КМШ өлкөлөрүнүн ЕАЭБге кирүү боюнча адистери да иш-чарага катышты.

Былтыр Doing Business Global аттуу иш-чара уюштурдук. Ага көп жылдардан бери Milavitsa брендин иштетип келген Дмитрий Дичковский конок болду. Ал советтик доордон калган заводдон дүйнөлүк талаптарга жооп бере алган ишкана куруп чыккан. Бул бренддин дүйнө жүзү боюнча 700дүн тегерегинде дүкөндөрү иштеп жатат. Иш-чарабызга келгендер кайсы мамлекетке кандай товар алып кирүү керектигин билишти.

Кайсы мамлекет кандай товарга муктаж экенин жана Кыргызстан дүйнөнү эмнеси менен кызыктыра аларын билүү өтө маанилүү. Ошондуктан баары мамлекеттин аброюна келип такалат. Мисалы биз «Италияда өндүрүлгөн» деген жазуусу бар товарга качырабыз. Бирок бул мамлекетте да сапатсыз көптөгөн товар өндүрүлөт. Биздин бизнесмендер мындай иш-чараларда буга чейин оюна келбеген нерселер менен таанышат.

Мамлекет менен бизнеске ортомчулук

АСП ишкерлик колдоо боюнча мамлекеттик жана жеке сектордун ортосунда диалог курууга түрдүү иш-чара уюштуруп келет. Биздин палата жакында Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында уюштурулган Бизнес жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңешке, Өкмөткө караштуу Бизнес жана инвестиция боюнча кеңешке мүчө. Ишкерликке тиешелүү бардык иш-чараларга биз АСПнын мүчөлөрүнүн өкүлү катары катышабыз.

Биз уюштурган бизнес-жолугушууларга Сингапурдун Соода жана өндүрүш министрлигинин мурунку министри, АКШнын мамлекеттик катчысынын башкы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, КРдин Президенттинин Аппаратынын башчысы, элчиликтердин өкүлдөрү жана башка коноктор катышат.

АКШга бизнес-саякаттар

Биздин Америкалык соодо палата АКШга бизнес-турларды ырааттуу уюштуруп келет. Мындай саякат учурунда биздин ишкерлерге Microsoft, Tesla Motors, Starbucks, Google, Apple, Airbnb сыяктуу Америкада жайгашкан дүйнөлүк компаниялардын топ-менеджерлери менен жолугуп, пикир алышып, кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

Мисалы бир сапарыбызда дүйнөнү учактар менен камсыздаган Boeing компаниясына бардык. Аларга жети жыл алдын ала тапшырык беришет экен. Бул фирмада суткасына нөөмөттөшүп 45 миң адам иштеп, айына эки учак чыгарышат. Microsoft компаниясына зыяратка барганыбызда юридикалык бөлүмүнүн башчысы менен жолуктук. Ал адис компанияда ар бир юридикалык документ кеминде 40 жылдык мөөнөттө болуп кетчү кырдаалдарды эске алып түзүлөт деп, биздин ишкерлерди таң калтырды.

АКШга барган ишкерлерибиз он жылдап калыптанып калган туура эмес бизнес-адаттарынан кутулушат. Бир жолу бизди коноктогон ири компаниянын генералдык директорунун кабинетин көрсөткүлө деп калдык. Баарыбыз кайыш капталган дивандарга жана башка кымбат эмеректерге толгон килейген кабинет көрөбүз деп күткөнбүз. Көрсө анын ээлеген жери компаниянын башка кызматкерлериникине катарлаш турган эле бир үстөл экен. Иш көбөйгөн учурда ал башкаларга кошулуп телефон аркылуу кардарлардын суроолоруна жооп берип кирет экен. Мындай бизнес-тур учурунда биздин ишкерлер үнөмдүүлүктү жана бизнести ыкчамдаткан көптөгөн туура нерселерди үйрөнүп, өз бизнестеринде колдонуп баштады.

Зарина Чекирбаева, Аkchabar