Коом

Хамелеон же өзүм болсомбу, кесиптештер менен кандай мамиле кылсам?

11 мая 2017 г. 17:20 673

Акыркы убакта бардык абалда кандай болсоң өзүңдү ошондой алып жүрүү (мындан кийин «өзүң болуу» дейли) популярдуу болуп калды. Бирок бул принципти дайыма болбосо да иштеген жерде кармануу эмне үчүн опурталдуу деп эсептелет?

Хамелеон

Ошондуктан иш чөйрөсүнө келгенде хамелеондор артыкчылыкка ээ болушат. Анткени корпорацияларда жетекчилик макамды ээлеген адам активдүү жүрүм-турумду жана өзүн туура суна алууну талап кылат. Бул себептен улам турдүү абалга карата ыкташып кете алгандар чоң ийгиликтерге жетишет экен.

Мындай укук күрөш аркылуу келет

Башка бир изилдөөлөрдүн натыйжасына караганда өзүңдөй болуу укугуна күрөш аркылуу гана жетсе болот. Ошондуктан «ойт берип кетмей» белгилүү бир статуска жеткендер үчүн гана уруксат берилет деген пикирде психологдор.

«Тажрыйбалуу адамдын көбү «өзүндөй болгонго» чейин көп жылдар бою эксперимент кылгандарын унутуп коюшат. Алар өз стилдери сан жеткис сынак жана каталардын аркасы менен келгенин эстебейт», - дейт Ибарра айым.

Алар өзүнөн жаш кесиптештери менен бүтүрүүчүлөргө «өзүңөрдү тапкыла»- деген кеңеш берип жатышканда өздөрү мындай «макамга» 30 жылдан ашык убакта араң жетишкенин эстеринен чыгарып жиберишет.

Мындай лекцияларды угуп алган жаштар «өзү болуу» ийгиликке жетүүнүн жападан жалгыз ачкычы деп эсептеп алышы мүмкүн деп эскертет Нью-Йорктогу Hudson RPO кадрдык агентигинин кызматкери Жеремайя Стоун

«Өзүң болуу» заманбап жашоонун негизги урааны болуп бараткансыйт. Аны компаниянын жетекчилери да карманганга аракеттенип, мындай жүрүм-турумду студенттер бүтүрүү кечелеринде даңазалап калды. Айрым фирмалар бул критерийди кызматкерди жумушка алууда колдонуп баштады.

Михаэль Фридрих ысымдуу биздин каарман да «өзү болууга» аракет кылат. Ал канадалык ScribbleLive интернет-компаниясынын Берлиндеги бөлүмүнүн вице-президенти болуп иштейт. Ал үчүн мындай жүрүм-турум, мисалы жумушка шорта менен келип, кардары болуп калчу адамдарга батир издеп жаткандыктан досунун үйүндө жерге салынган төшөккө уктап күн өткөрүп жатканын айтып берүү дегендик.

Мындай эреже менен жашоо Михаэлге азырынча утуш гана алып келип жатат. Ал бир нече чет тилде сүйлөйт, түрдүү маданият жана көз-караштагы адамдар менен тез эле тил табышып кете алат. Себеби университетте лекция уккандын ордуна дүйнөнү кыдырып чыккан. Ал буга чейин орношкон жумуштарында жакшы маяна алчу. ScribbleLive фирмасында да кызыктай жүрүм-турумуна карабастан жакында кызматында жогорулап, айлыгы да көбөйтүлгөн.

Эрминия Ибарра

Сизди менеджерлик кызматка коюштубу? Демек аргасыздан кесиптештериңиз менен мамиле кылуу стилиңизди өзгөртүүңүз керек деген ойдо Эрминия Ибарра.

«Албетте, өзүңдү кандай болсоң ошондой алып жүрүү бул өзүңө чыккынчылык кылбоого тете. Бирок менин «меним» бүгүн кечээгиден айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле эртең да өзгөрбөстөн кала бербейт», - дейт профессор Ибарра.

Кээде адамдар «табигий өзүм» деп өздөрү түзүп алган комфорттун аймагынан чыккысы келбейт. Алдыга жылып, өзгөрүү керек болуп турган убакта да алар «бул нерсе мага жарашпайт» - деп өсүү жана өөрчүүдөн баш тартышат.

Америка Кошмо Штаттарынын Миннесота университетинин коомдук психологу Марк Снайдер адамдардын жаңы абалдарга ыкташып кеткенине карап, «хамелеон» жана «өзүнө бекем» деген эки топко бөлүп карайт. Ал личносттордун мындай типтерин атайын түзүлгөн тесттер менен аныктайт.

Хамелеон жашоо-турмушуна жараша дайыма түрдүү каармандарды ойношот. Алар түрдүү коомдук абалдарда туура таасир калтыруу максатында сөздөрдү кылдат тандап, ситуацияга жараша жүрүм-турумун оңдоп кете алышат деп түшүндүрөт Снайдер.

«Өзүнө бекемдер» аларга салыштырмалуу өзүнүн ички дүйнөсүн ачык көрсөтө беришет. «Хамелеондор» сүйлөшүп жаткан адамга ыкташып, карьерасында жакшыраак натыйжаларга жетишет деп эсептейт психолог Марк Снайдер.

Өзүндөй болуу өтө эле жетишсиз

«Өзүндөй болуу жумушка орношуу үчүн аңгемелешүүгө киргенде өзүңдү досторуң менен бирге отургандай алып отуруу дегендик эмес. Ал жерде сизди сынап отурган адамдарга сиз ким экениңизди, сизге эмне маанилүү экенин, жашоодо карманган принциптериңиз кандай экенин түшүндүрө алууңуз маанилүү. Албетте бул кеңеш бардык адамга туура келе бербеши мүмкүн», - дейт Стоун.

Михаэль Фридрих да жаштарга мындай кеңеш берүүдөн оолак экенин айтат. «Бардык нерсе адамдын ички дүйнөсүндө башталат. Сиз жаш болсоңуз, өзүңүздүн ким экениңизди жакшы аңдай элек кезиңизде кантип «өзүңүздөй» боло аласыз? Оболу өзүңүздү тааныңыз, сизди эмне бактылуу каларын талдап чыгыңыз» - дейт ал.

Леннокс Моррисон, BBC Capital

Михаэль Фридрих мурунку кесиптештери менен коштошуп жатат. Бир аз убактан кийин Лондондон Берлинди (1280 чакырым) көздөй велосипед менен жолго чыгат

«Мен адаттагыдай түшүнүлгөн имиджим үчүн чочулабайм. Мен кандай болсом ошондоймун. Өзүмдү болгонумдай кабыл алам жана сыймыктанам» - дейт 44 жашка чыккан Михаэль.

Биз дайыма «өзүбүз болушубуз» керекпи? Кардарларды бул жакка коелу, кесиптештер менен канчалык ачык болушубуз керек? Мындай жашоо баарыбызга эле жараша береби?

Өзүнөбү же абалга баш ийүү керекпи?

Өтө эле ачык-талтаң жүрүм-туруму кээ бир убакта биз күткөндөн тескери таасир бериши мүмкүн деген ойдо Лондондун бизнес мектеби менен Франциядагы Insead колледжинде кызматкерлердин психикасын жана лидерлик көйгөйлөрүн изилдеген профессор Эрминия Ибарра.

Анын изилдөөлөрү далилдегендей, жаңы жумушка орношкон же макамынан жогорулаган кызматкерлер өзүн ээлеген ордуна жараша оңдоп-түзөлбөсө ийгиликке жетпейт. Жетекчилилик макамына жеткен адам өзүн мурункудай ачык мүнөз алып жүрө берсе, андан өтүп калжаңдаганын койбосо, аброюнан айрылып, кесиптештеринин ишениминен кетиши мүмкүн деп эсептейт кесипкөй айым.