Технология/Инновация

Кыргызда эки Эммануэлби же бирөөбү?

11 мая 2017 г. 17:05 538

Эммануэль Макрондун Франциянын ажолук ээрине олтурганда сырткы күчтөргө туруштук бере алганы жана башка өлкөдөгү шайлоолордон сабак алганы да чоң себеп болду. Биздин аламанда Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов Макрондун ийгилигин кайталай алабы?

Макалабызды эки бөлүм менен жазалы деп чечтик. Себеби учурда кайсы мамлекетте болбосун, ажолукка аттанган саясатчы ички атаандаштары менен гана эмес, аларды сырттан колдогон күчтөр менен күрөшүүгө мажбур.

7-майда Франциядагы президенттик ат салышта Эммануэль Макрон өлкөдөгү атаандаштарынан бир топ озуп чыкты. Ошону менен бирге Орусия уюштурду делген интернеттеги чабуулдарга да ийгиликтүү туруштук бере алды.

Эч ким күтпөгөн, бирок алмаштыргыс Макрон

Кээ бир дүйнөлүк басылмалар Макрондун президент болуусун жер титирөө сыяктуу күтүлбөгөн, бирок натыйжасы качып кутулгус апаатка салыштырды. Чын эле бир жыл мурун эле Франциянын тарыхындагы эң жагымсыз деп табылган президенттин өкмөтүнүн мүчөсү болчу. Бүгүн 39 жашында «Алга!» деген кыймыл түзүп, биринчи турда эң күчтүү эки партиянын талапкерлерин, финалда болсо улутчул-шовинист Марин Лэ Пэн айымды аркага калтырып, президенттик марага биринчи жетти.

Макрон социалисттердин өкмөтүндө иштегени менен алардын атынан ат салышкан жок. Бул партия республикачылдар сыяктуу эле элди тажатканын аңдаган жаш саясатчы өзүнчө кыймыл түзгөнү үзүрүн берип отурат. Ал француздар салттуу партиялардан тажап, Испаниянын «Подемосу» же Италиянын «Беш жылдыз» сыяктуу бул өлкөлөрдө жеңип чыккан жаштардын кыймылын күтүп жатканын аңдаган. Чын эле акыркы шайлоолордо саясий элдин көйгөйүнөн саясий оюндарды алдыга койгон партиялардан эл чарчагансып калган.

Бул шайлоодо Макрон Барак Обаманын 2008-жылкы шайлоосунда ыктыярдуу катышкан жаш саясий технологдорду жалдаган. Алар «Улуу жүрүш» деген ат менен 39 курактагы саясатчынын жаш тарапкерлерин уюштура алышкан. Саясий технологдор волонтерлордун жардамы менен 300 миң дарекке жетип, ар бири 15 мүнөттөн кем эмес 25 миң маек өткөрүшкөн. Бул иш-чаранын натыйжасында Макрондун командасы Франциянын коомдук структурасын эң жакшы чагылдырган шайлоо аймактарын аныктап чыгышкан. Анын негизинде эң негизги багыттар аныкталып, үгүт иштери эл күткөн нукка түшкөн. Бул жерде коомдук сурамжылоолор 3-5 миң кишини гана камтып келгенин баса белгилей кетсек болот.

Элдин эң күткөн мүдөөсү үмүт экени аныкталган. Француздар жаман кабар жана божомолдордон тажап, үмүт берген, позитивдүү натыйжага багыттаган лидерге суусап калышкан. Ошондуктан Макрон өзүн чечкиндүү чара көрө албаган саясий элиталардын өкүлү эмес экенин көрсөтө алган. Ал санаалаштары менен бирге мамлекеттик секторду кескин кыскартуу программасын иштеп чыккан. Атаандаштары аны социалисттердин жана капчыктуулардын адамы катары көрсөткөнгө аракет кылса да, Макрон ат салыштын аягына чейин өзүн жаңылыктын жышааны катары көрсөтө алган. Макрон элине оптимисттик күндемдерди сунган жаш лидер катары чоң үмүт берди.

Эммануэль Макрондун экинчи турдагы атаандашы Марин Лэ Пэн тескерисинче негативдүү, бардык салттуу багыттарга каршы чыккан саясатчы катары көрүнүп калды. Ал Францияга иммигранттардын келүүсүнө, Евробиримдикке, ишкерлерге, бардык салттык баалуулуктарга каршы чыккан. Макрондун митингдери кең стадиондордо, музыканын жана оюн-зооктун коштоосунда өтсө, атаандашынан кем эмес эл топтогон Лэ Пэндики сыра бөтөлкөлөрүнүн, шамдардын коштоосунда, полистердин курчоосунда агрессивдүү маанайда өтүп жатты. Бирок саясий дебат убагында Лэ Пэн менен бетме-бет келген Макрон анын агрессиясынан коркпогон, андан өтүп саясатчы айымды коомго экстремисстик, коркуу атмосферасын таңуулаган адам деп бир тийди. Бул дебатты көргөн француз жарандары Лэ Пэн жеңсе, ал үчүн таң коркуу жана чочулоо менен атарын элестетишти. Ошондуктан шайлоого келген француздардын үчтөн экиси Евробиримдикте Германияга шериктеш болуу, улутчул-шовинизмди ооздуктап имигранттарды коомуна сиңирип алуу, кары жана жаш муунду тил табыштыруу сыяктуу салттуу жана жоопкерчиликтүү саясат үчүн добуш беришти.

Сырткы чабуулга каршы бириккен француздар

Француздар өлкөнүн ичиндеги радикалдарга каршы бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай эле өткөн жекшембидеги президенттик шайлоого таасир берем деген күчтөргө натыйжалуу каршылык бере алды.

Серепчилердин айтымында, мисалы, Америка Кошмо Штаттарынын эли интернетте Орусия уюштурдуу делген чабуулга каршы бергенди мында кой, тескеричинче жалган (фейк) маалыматтарды кошо таратышып, ар ким менен чатакташкан, ушул күнгө чейин команда түзө албаган Трамптын утуп чыгуусуна шарт түзүшкөн. Француздар окуган саясий маалыматтардын үчтөн экиси абройлуу маалымат булактарына такалган. Салыштырсак АКШдагы президенттик шайлоодо тарап кеткен маалыматтын экиден бири жалганчы сайттардан таратылган.

Лэ Пэндин командасы Орусиянын бийлигине жакын булактар тарабынан каржыланганы бул шайлоодон мурун эле белгилүү болгон. Аны жаап-жашыргандын ордуна Марин айым шайлоого аттанардын алдында Москвага барып, Владимир Путиндин батасын да алып келген. Мындай аракеттер француз элитасын чочулатып, биринчи турда үмүт кылган эки салттуу партиянын лидерлери Макрон менен Лэ Пэнге уттурганда, жаш саясатчыны колдоого мажбур болушкан.

Дүйнөлүк деңгээлдеги өлкөнүн элитасынын жоопкерчиликсиз аракеттерин биз буга чейин АКШ менен Англиянын мисалында көрө алганбыз. Ак сөөктөрдүн тил табыша албаганынан улам Англиянын элитасынын бир бөлүгү радикалдашып өлкөсүнүн Евробиримдиктен чыгып кетүүсүнө себеп болгон. Учурда бул өлкө бөлүнүп кетүү коркунучу алдында турат. Француз элитасы болсо биригип, радикалдардан алыстап, карапайым эли күтүп жаткан жаш, таза жана чечкиндүү саясатчыны колдоп чыккан.

Албетте сырттан кийлигишүүгө эң чоң каршылыкты француз эли бере алды. Фейктик маалыматтардын басымдуу көбү орустардын французча берүү кылган «Раша тудэй» жана Sputnik агенттиктерине шилтеме берип чыгып жатканын француздар дароо түшүндү. Мындай кабарлар 1-2 саат ичинде эң көп көрүлгөн жана угулган маалыматтардын арасына киргени менен, алар Лэ Пэндин тарапкерлеринин даректеринен сыртка таратылбай калып жатты.

Интернетте катуу таратылган маалыматтардын арасына Макрондун штабынын жазышуулары да кирмек болчу. Бул маалыматтар уу-дуу менен коштолуп, интернетке жума күнү ташталганы менен жазышуулардын арасында Макронго жана анын командасына каршы эч нерсе табылган эмес. Себеби жаш саясатчыга иштеген адамдар өз ара жазышууларында да каршы тараптын чырагына май тамызгандай адепсиз же кылмыштуу эч нерсе жүктөгөн эмес. Эки тур шайлоонун аралыгында чыккан Макрондун оффшорлордо катып койгон акчалары бар деген маалымат дароо жана чечкиндүү төгүндөлгөн. Бул маалымат ага эмес, Лэ Пэнге зыянын көбүрөөк тийгизди десек жаңылбайбыз.

Мындан сырткары мындай фейктик чабуулдарды уюштурган эргулдун көбү француз тилин билбегендиги да табигий бөгөт болгон. Мисалы АКШдагы шайлоого жана Англиядагы референдумга чабуул коюу бир топ жеңил болгон, себеби англис тилин билген миллиондогон фейкчилерди жалдаса болот. Француз аудиториясына сүрөт жана карикатура тартып, пикирин оодурганга аракет кылынды, бирок күтүлгөн натыйжа болгон жок.

Француз шайлоосунун натыйжалары төмөнкүдөй:

  • Эммануэль Макрон эли күткөн лидердин образын так аныктап ошол элеске дал келе алды;
  • Француз эли да, ак сөөктөрү да радикалдарынын жетегинде кетпестен убакыт менен текшерилген салтуу багыт жана өнөктөштөрдү тандап алды;
  • Француз элинин жогорку саясий маданияты жана улуттук тилин баалаганы сырткы кийлигишүүгө эң чоң бөгөт коё алды;
  • Макрон өзүн таза лидер катары көрсөтө алды, ошондуктан ага каршы колдонулган ыплас жана жалган маалыматтарга эл ишенген жок.Ошол себептен интернетте таркатылган эмес.
  • Жалган маалыматты интернеттен ыкчам таратуу «супер курал» болуудан чыкты. Алар заманбап ыкмалар менен таркатылган ыплас технологиялар экени билинди. Мындай аракеттерди колдонсоң, пайдадан мурун өзүңө зыян алып келүүсү мүмкүн экенин француздардын президенттик шайлоосу ашкереледи.

    «Саресеп» гезитинин аналитикалык тобу