Адабият/Тарых

«Кыргызстанды Орто Азиянын Давосуна айлантабыз»

11 мая 2017 г. 17:00 603

Сингапурдун экономикасы жеке сектордон өнүккөн бирден бир өлкө. Биз да мамлекетибизди карап отура бербей өзүбүздү өстүрүп, билимибизди өнүктүрүп, жигердүү жарандардын катарын толуктасак эле өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошмокпуз. Ушундай жарандардын катарын толуктаган, жеке секторду колго алган ЖИА бизнес ассоциациясы 10 жылдан бери иштеп келе жатат. Жакында эле ал ассоциациянын 10 жылдык мааракеси болуп, анда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Жаңы төрагасы болуп Темир Ажыкулов шайланды.

- Темир мырза, жаңы кызматыңыз кут болсун. Жаңы кызматтагы максаттарыңыз, ойлоруңуз тууралуу айтып берсеңиз.

- Ыракмат. Бул чоң жоопкерчиликти талап кылат. Анын үстүнө буга чейин ЖИАнын иштерине аралашып жүрдүм. Азыркы учурда ЖИА буга чейин жасап жаткан иштерди улантуу керек. Он жылдык өнүүгү стратегиясы да абдан жакшы даярдалды. Жаңы келе калып эле багытты буруп ийген туура эмес. Биздин негизги максатыбыз Кыргызстандагы ишкерлердин башын бириктирип, аларга ар тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүү болуп саналат. Азыркы күндө ассоциацияга жети жүздөн ашуун ишкерлер мүчө болушту. Бул Кыргызстан үчүн абдан чоң сан. Биз аларга кантип жардам беребиз? Биринчиден, алардын болуп жаткан көйгөйлөрү туурасында сурап, аларга кандай жардам бере алабыз деп кеңешүү керек. Негизги басымды да ушуга коёюн деп жатам. Экинчиден, ишкерлердин өз ара мамилелерин бекемдеп, бири-бири менен тааныштырып ортолоруна көпүрө куруу. Бардыгы тең жергиликтүү ишканалар болгондуктан, балким өз ара тил табышып иштешип кетишет. Үчүнчүсү, орто жана чакан ишканаларды да бири-бири менен байланыштырып, аларга багыт көрсөтүү. Булардын бардыгы ЖИАга жөн эле мүчө болбой эле бири-бири менен иш алып барышса жакшы болот. Кийин бул ишкерлер биздин колдоочубуз болот да. Мындан сырткары мамлекеттик органдар менен иштешип жатабыз. Ал жердеги күчтүү эксперттердин кеңешин угуп, күчүн колдонуп, алар бизге, биз аларга багыт көрсөтсөк дейм. Мен экономикалык багытта гана айтып жатам, саясий жактан айткан жокмун.

Кыргызстандык ишкерлерди сыртка алып чыгалы деген пландарыбыз да бар. Буга чейин эле ЖИА бизнес саякаттарды уюштуруп келчү экен. Ошол ишти мындан ары да улантуу зарыл. Башкаларга жөн гана нерсе катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул нерсенин пайдасы абдан көп болот. Тажрыйба алмашканга,чет мамлекеттердин ишкерлери менен таанышып, алар менен ой-пикир бөлүшкөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балким кээ бир ишкерлердин багы ачылып, чет элдик ишканалар менен келишим түзүп иш алып барып калышы да толук мүмкүн.

- ЖИА он жылдык иш-чарасын өткөрүп, жаңы төрага, жаңы аткаруучу директор, кыскасын айтканда баарын жаңы шайлап, жаңыча иш алып бара башташпадыбы. Кабыл алынган стратегияда Кыргызстанды Орто Азиянын Давосуна айлантуу деген планыңар бар экен. Ушул боюнча токтоло кетсеңиз?

- «БИФти» (Бишкек инвестициялык форуму) эки жолу өткөрдүк. Бул форумдун максаты ишкерлер өз ара таанышып, финансы жагынан бири-бирине жардам берүү. Инвестор табуу деген сыяктуу платформа бизде жок экен. ЖИАда бар болушу мүмкүн, бирок жалпы кыргыз ишкерлерде жок. Ишкерлер аймактык деңгээлден тышкары биригишкен эмес. БИФ ал ишкерлерди республикалык масштабда бириктирди. Башкача айтканда республикалык платформаны негиздедик. Биринчи форумдан кийин мындан ары да кеңейтели деген чечим кабыл алып, анын натыйжасында экинчи форумга чет элдик ишкерлер Казакстандан, Өзбекстандан жана Индиядан келишти.

Форумдан кийин Кыргызстанды Орто Азиянын Давосу кылалы деген ой пайда болду. Бул Орто азиялык ишкерлердин инвестициялык платформасын түзүү дегендик. Бул нерсе кыргыз ишкерлердин чет жерге таанылуусуна жана аларга ишенимдин күчөшүнө алып келет.

- Биз ЕАБге кошулдук, мындан улам дыйкандар үчүн жаңы маселе жаралды. Сиздерде дыйкандарга арналган программалар барбы?

- Биздин мамлекет башка уюмдарга мүчө болуп жатканда атайын стратегияларды иштеп чыгышкан. Бирок булар кагаз жүзүндө эле калып, ишке ашпай келет. Эл аралык уюмдарга мүчө болордон мурун ишкерлер менен кеңешип, алардын пикирин да угуп көргөндөн кийин чечим кабыл алышса жакшы болмок. Бул жерде негизги кемчилик менин оюмча ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда диалогдун жоктугу. Чечүүнүн оңой жолу дал ушул диалог. Бул болсо бардык маселер оңой эле чечилет. Дыйкандарга мыйзам жолу менен шарт түзүп берүү керек. Лабораторияларды салганга оңбогондой эле акча кетет. Буга мамлекеттин жардамы зарыл. Эл аралык донорлордон грант алып беришсе жакшы болот деп ойлойбуз. Эгерде айыл чарба азыктарын экспортко багыттай турган болсок, мыйзамдарды ага жараша өзгөртүү керек. Жалпылап айтканда комплекстүү иш алып баруу керек. Биз ийгиликке жетебиз дейбиз, бирок ага алып бара турчу жолдорду карабайбыз, маани бербейбиз.

- ЖИА бардык тармакта мамлекет менен диалогго барып, инвест форумдарды өткөрүп, эл аралык иштер менен жакшы алектенип жатышат. Анысы жакшы. Бирок айыл жергесинде 25000-50000 сомдук насыяларды алып, бир жыл бою төлөй албай кыйналып жатышат. Ушул жагынан айылдыктарга акчаны колдонуу маданиятын үйрөтүү боюнча атайын ЖИАнын долбоору барбы?

- Бул жерде насыяны алгандар жеке жарандар болгондуктан алардын ар бири менен иштешүү абдан чоң долбоор болуп, көп күчтү талап кылат. Анын үстүнө бул нерсе биздин функциябызга кирбейт. Биз эки жыл мурун ЖИАнын аймактардагы өкүлчүлүктөрүндө ушул сыяктуу иш-чара уюштуруп көргөнбүз. Жыйынтыгы жаман болгон эмес. Бирок андай долбоорду ишке ашыруу үчүн адамдык ресурс көп болуш керек. Бирок бул идеяны биз колдойбуз.

- Сингапурдун Улуттук университетинин алдындагы Ли Куан Ю атындагы мамлекеттик башкаруу жогорку мектебине кантип тапшырып калдыңыз жана буга тапшырууңузга эмне түрткү болду?

- Интернеттен изилдеп отуруп, тапшырып көрдүм. Азыркы күндө аталган окуу жайда окуп жатам. 2 айдан кийин диссертациямды жактап, окуумду бүтүрөм, буюрса. Азияда билим берүү сапаты боюнча биринчи, дүйнөдө жетинчи орунда турат. Окуу программасы жана материалдар бүт Гарвард университетиники. Кыскасын айтканда, Азиянын Гарварды десек болот.

Тапшыруудагы өзгөчөлүк ал жерде билимди эмес эмгек тажрыйбаны карашат экен. Он жылдан ашуун иш тажрыйбаң керек. Аны менен бирге келечекке койгон максаттарың, так пландарың да каралат экен. Тапшырып жатканда сынак деген нерсе болбойт.

Коомдук иштерге аралашып жүргөнүм чоң жардам берди десем болот. ЖИАны түптөгөндөрдүн биримин, ошондой эле «Серепти» да түптөгөнбүз. Ушунун баарын жазып жибергем, акырында окууга өтүп кеттим. Негизги максатым кийин мамлекеттик кызматтарга аралашып, элге кызмат кылуу деп жазгам. Ишкер болуп, кийин деле ишкерлик менен алектенем десең окуу жайга кабыл албайт. Мага чейин да ал окуу жайда кыргыздар окуп кетишиптир. Ал жерде бизге караганда казактар көп. Алар «Болошак» деген мамлекеттик программа менен барышат экен.

Акыркы беш жылдан бери көбүрөөк мамлекеттик иштерге аралаша баштадым. Көйгөйлүү маселерди чечкенге жардам берип келе жатам. Негизи өмүр бою бизнес менен алектенип деле жашай бергенге мүмкүнчүлүк бар. Бирок биз өлкөбүздүн жараны болгондуктан кичине болсо да салым кошуп, жардамыбыз тийсин деген максатта коомдук иштер аркылуу, ошол эле ЖИА менен мамлекетке кызмат кылууга аракет кылып жатабыз. 2014-жылдары курулуш тармагындагы комитетти жетектедим. Ошол комитет аркылуу куруучулардын көйгөйлөрүн мамлекеттик бийликтегилерге жеткирүүгө аракет кылып, ага жараша иштерди аткардык.

Мындан сырткары мамлекет менен аз болсо да тажрыйбабызды бөлүшүп, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошолу деген максатта бир катар ишканалар менен иштештик. Ошондой эле биздин билимибиз да жетишсиз экенин түшүнүп, аталган окуу жайга тапшырып калдык.

- Маегиңизге чоң ыракмат. Окууңузду ийгиликтүү аяктап, мамлекетибизге кызматыңызды өтөп, мыкты инсандарыбыздын катарын толуктарыңызга тилектешпиз.

Маектешкен: Жаныбек Абидетегин