Политэкономика

Кыргыз тарап арам кекиртектер аркылуу мамиле кылат

11 мая 2017 г. 16:55

Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы Улуттар аралык корпорациялардын (УАК) ишине негизделген. Алар учурдун заманбап экономикалык чарба жүргүзүүсүнүн эң жогорку формасы болуп калды

Экономикасы тез өнүккөн өлкөлөрдүн социалисттик жана өткөөл экономикасы бар мамлекеттерге салыштырганда кыска мөөнөттө алдыга озуп чыгуусу дал ушул УАКтардын эволюциялык өрчүүсү жана жигердүү иштөөсүнө негизделген. Бул өзгөчөлүк аталган алдыңкы өлкөлөрдүн натыйжалуу өндүрүштүк, илимий-техникалык жана коомдук-экономикалык куралдарын калыптаганынан көрүнүп турат. Капиталисттик экономикалык системада менчик мүлк, атаандашуу, мерчемдөөнүн эволюциялык өнүгүүсү да УАКтардын ийгиликтүү иштөөсүнө түздөн-түз байланыштуу.

УАКтар кандай топуракта өсөт?

Алдыңкы жүз УАКтардын өз өлкөсүнөн сырткаркы филиалдарынын чет элдик активдери эки триллион АКШ долларына жакындап бара жатат. Бул өз өлкөсүнүн тышындагы эл аралык активдердин 20 пайызын түзөт. Ири УАКтар көбүнчөсүн өнүккөн өлкөлөрдө пайда болуп, жайгашкан жерлердин басымдуу көбү да ушул эле мамлекеттер. Жогоруда аталган 100 УАКтын 87си Евробиримдик, Америка Кошмо Штаттары жана Жапонияда орун алган.

УАКтар Кыргызстандын тарыхында

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган УАКтар менен өлкөбүздүн кызматташуу тарыхын карап көрөлү. Алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясынын тегерегиндеги ызы-чуу ал пайда болгондон бери токтобой келет. Коомчулук менен Жогорку Кеңешибиздин олуттуу бөлүгү «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун (ААК) орусиялык «Газпромго» сатылуусун катуу сынга алды. «Манас» эл аралык учак майданы ААКынын 51 пайызын сатуу боюнча кыргыз өкмөтү менен «Роснефть» ортосундагы кол коюлган меморандумдун тегерегинде Парламентте эл өкүлдөрүнүн кызыл чеке болуп кайым айтышуусу али эсибизде.

УАКтарга карата терс мамиле алардын өнүккөн өлкөлөрдүн коомдук-экономикалык өнүгүүсүндөгү жана жалпы эле дүйнөлүк экономиканын жанданышындагы орду тууралуу толук жана туура маалыматтын жоктугуна байланыштуу деген ойдобуз. Акыркы жүз жылдын дүйнөлүк экономикалык прогресси өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары тарабынан камсыздалган. Биз заманбап дүйнөнү аларсыз элестете албаган техникалык жетишкендиктердин баарын дал ушул УАКтар иштеп чыгып, турмушка киргизген. Бул жетишкендиктер каржы, техника жана интеллектуалдык ресурстардын УАКтардын негизинде биригүүсүнөн улам пайда болгон.

Кыргызстан УАКтар менен кызматташпай коё алабы?

Бул жерде бир логикалык сызыкты чийип коюубуз керек. Жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн УАКтары менен кызматташуу жакшы натыйжа бербейт. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары менен иштешүү – объективдүү зарылчылык. Өнүккөн мамлекеттердин УАКтары заманбап технологияларды иштеп чыгат жана ишке киргизишет деген факт мындай бүтүмдүн негизги аргументи. Өнүгө баштаган өлкөлөрдүн УАКтары алардын техникасын жана ыкмаларын колдонот.

2017-жылы VIII Гайдар форумунда Стратегиялык иштелмелер борборунун төрагасы Алексей Кудрин Орусиянын жакын арадагы негизги коркунучтарынын бири – өлкөнүн технологиялык артта калуусу деп моюндады. Муну 2016-жылкы «Глобалдык инновациялык индекс» рейтингинде Орусия Федерациясынын 43-орунда калуусу ашкерелеп турат. Бул индексте Кыргыз Республикасы 103-орунда.

Ошондуктан Кыргыз Республикасы өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары менен кызматташуусу пайдалуу. Бирок кыргыз улуттук экономикасынын топ-менеджментине мындай алакалардын керек экени анча байкалбайт.

Кыргыз ишкерлери УАКтар менен иштейм десе...

Кыргыз топ-менеджерлери УАКтар менен иштешем дешсе, алар менен алака кылууда менеджменттин «күзгүгө чагылган жүрүм-турум» теориясы боюнча мамиле кылуу керек. Себеби УАКтар кабыл алган өлкөнүн өкүлдөрү кандай иштесе, ошого жараша мамиле кылышат.

1-мисал: Эгер кабыл алган тарап таза жана ачык мамиле кылса, УАКтар да бул өлкөнүн ишкерлерине чын дилге негизделген мамиле кылып, иштерин ачык алып барышат.

2-мисал: Эгер алар келген өлкөнүн өкүлдөрү көмүскөдөгү жемкордук схемалардын негизинде иштесе, УАКтын ишкерлери да ошондой эле мамилеге өтүшөт же кабыл алган тарап менен иштөөдөн таптакыр баш тартат.

Биздин оюбузча Кыргыз Республикасынын базар экономикасына өтүп жаткан кезде УАКтар менен мамиле кылууда кыргыз тарап «күзгүгө чагылган жүрүм-турум» теориясынын эрежелерин сактабагандыктан бир нече долбоор ишке ашпай калган. Алардын арасында мисал катары Түштүк Кореянын автоунааларынын бизде чогултулбай жана жибек өндүрүүнүн ишке ашпай калгандыгын атасак болот.

Негизи кандай долбоор болбосун, анын сүйлөшүү этабынын өзү «күзгүгө чагылган жүрүм-турум» теориясы боюнча өтүүсү керек. Бардык нерсени коомчулуктан жашырбай сүйлөшүү– УАКтын да, кабыл алып жаткан тараптын да пайдасын көздөгөн тең салмактуулукту сактап калууну шарттайт. Көмүскө келишимдер болсо эң биринчи кезекте бул ишке дайындалган адамдардын кызыкчылыгын көздөп, улуттук кызыкчылыктарга залакасы тиет.

УАКтарды «желмогуз» кылган өзүбүз

УАКтарды барган жерин жеп-куруткан «жырткыч» катары мүнөздөө, алар иштеп кеткен соң экологиялык, моралдык, жана саясий кесепеттерин калтырат деген ой кылыптанып калган. Бул пикир жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр УАКтар менен мамиле түзүүгө арам кекиртек өкүлдөрүн жибергенинин кесепетинен келип чыккан. (2-мисал). УАКтын өкүлдөрү кабыл алып жаткан тараптын арам ойлорун күзгүдөй чагылдырып, ошого жараша келишим түзүшкөн.

Өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары табиятынан таза жана ачык иштөөгө даяр. Анткени алар ачыктык жана чынчылдык норма болуп калган экономикалык системанын өкүлдөрү. Кыргыз Республикасында УАКтардын ишинин терс жыйынтыктарынан качуу максатында Кыргызстандан өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары менен иштөө боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, кабыл алуусу керек. Бул программанын негизине өлкөнүн индустриясы менен

инфраструктурасын жаңылоо жараянынын теориялык негиздемеси жана мамлекеттик органдардын андагы орду жана ролу аныкталуусу шарт. Мындан сырткары улуттук экономикалардын бутка туруп, өнүгүүсүнө мамлекеттик корпорациялардын салымы зор экени эсепке алынуусу керек.

Мамлекеттик капиталдын УАКтагы орду

УАКтардын эволюциялык өнүгүүсүндө мамлекеттик капитал чоң жардам берген. Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү конференциясынын (UNCTAD) 2010-жылкы маалыматы боюнча дүйнөдө 650 мамлекеттик УАК бар. Алардын дүйнө жүзү боюнча 8500 филиалы иштейт. Жогоруда аталган дүйнөлүк 100 УАКтын 19у мамлекеттик. Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн 100 УАКынын арасында 28и да мамлекеттик. Базар экономикасы жаңы өнүгө баштаган өлкөлөрдүн УАКтарынын жарымы мамлекетке таандык.

Бул пикир кыргыз илимпоз экономисти В. И. Кумсковдун: «Ири өндүрүш корпорациялары бүткүл коомго таасир берген экономикалык уюм деңгээлине көтөрүлөт. Ошондуктан мындай ишкананын ийгиликтүү иштөөсүнө мамлекет кызыктар болуп, ага колдон келишинче жардам берүүгө белсенет. Мамлекет иштеп жаткан корпорацияларга өз капиталы жана башкаруусу менен кирсе, ал базар экономикасына түздөн-түз аралашып, өндүрүш жана чарба ишмердүүлүгүнүн субъектине айланат. Бул акыбал мамлекетти кызыктарлыктын эң жогорку баскычына чыгарып, коомдун экономикалык жашоосуна катыштырат», - деген сөзү менен дал келет.

2014-жылдын 29-майында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Орусия Федерациясы арасында келишим түзүлгөн. Ага жараша 1 миллиард доллардык капиталы бар Орусия-Кыргызстан өнүгүү фонду (ОКӨФ) иштеп баштады. Анын уставында бул уюмдун негизги миссиясы катары – Кыргыз Республикасынын экономикасын жаңылоо жана өнүктүрүү максаты аталган. Биздин оюбузча Кыргыз Республикасынын экономикасынын эффективдүү жаңылануусу жана чындап өсүүсү өнүккөн өлкөлөрдүн УАКтары менен иштешүү аркылуу гана болот.

АКИpress, «Аналитика» Асанов Турусбек, Кудайкулов Марат