Коом

Жылдызга аты жеткен кыргыз

11 мая 2017 г. 16:35 312

Өлкөбүздө эң оор, эң кыйын операцияларды жасап, алда качан жакшылыктан үмүтүн үзүп койгон оорулууларга үмүт шооласын чачкан мыкты дарыгерлерден уучубуз кур эмес. Аты бир гана Кыргызстанга эмес, дүйнө жүзүнө таанымал травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков ошолордун катарында

Сабырдуу Сабырбек!

Адатта кыргыз медицинасынын дүйнөлүк медицинада орду жогору. Атап айтсак академик Иса Ахунбаев СССР боюнча биринчи жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды. Биз сөз кылып жаткан Сабырбек агай дагы өзүнүн ысымы космостогу жаңы ачылган жылдызга коюлган биринчи медик.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Жумабеков Сабырбек Артисбекович 1964-жылы 11-августта Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Сатыкей айылында жарык дүйнөгө келген. КР УИАсын академиги, КРнын эмгек сиңирген ишмери, КРнын эмгек сиңирген врачы жана илим, техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Мындан тышкары мамлекеттик жана эл аралык көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Кыргыз медициналык институтун аяктагандан кийин аспирантура жана докторантураны Крым медициналык жогорку окуу жайынан уланткан. Дал ошол жерден диссертациясын жактап, илимдин кандидаты болгон.

Эмгек жолун Кыргызстанда ортопедия бөлүмүндө 1995-жылы баштаган. Ошол мезгилден бери талыкпастан иштеп, кайрылган жарандардын ар түрдүү ооруларынын дартына даба болуусуна себепчи болуп келе жатат.

Жетишкендиктери

Кыргызстанда жыл сайын ар кыл тармактарга тиешелүү болгон 100дөн ашык ойлоп табуучулукка патент берилет. Өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат өлкө аймагында ойлоп табылган 118 саамалыкты каттаган.

Академик Сабыр Жумабеков студент кезинде эле ойлоп табуу менен алектене баштаган. Анын аталган жааттагы эң алгачкы эмгеги 24 жашында жасалыптыр. Дарыгер 26 жашында илимдин кандидаттыгын, 30 жашында докторлугун жактаган. Жумабековдун 86 патенти болсо, анын 90 пайызы Кыргызстанда жана чет өлкөдө кеңири пайдаланууда. Патенттеринин негизинде Германия жана Түркияда медициналык түзүлүштөр чыгарылып жана пайдаланылууда

Академик жана профессор Жумабековдун ойлоп табуулары чет өлкөлөрдө да татыктуу ордун тапкан. Жакынкы эле ийгиликтерине токтолсок Кувейтте жыл башында өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында беш эмгеги беш күмүш медалга татыган. Ошондой эле адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүргөн ыкмасы Гиннес китебине киргизилүү алдында турат. Жумабековдун ойлоп тапкан каражаттарынын аркасы менен илимдин 30 кандидаты жана алты доктору даярдалган. Андан сырткары, чет өлкөлөрдө 800 илимий эмгеги жарыяланып, 10 миңдеген адамга операция жасоого мүмкүн болгон. Хирург жана ортопед учурда да шакирттери менен жаңы ойлоп табуулар жаатында изденип жаткан чагы.

Гиннеске жол ачкан эмгек

Сабырбек Жумабековдун буттун сөөгүн 32 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келген. Алар адам денесинде сөөктү мынчалык эч ким узартпаганын айтып, сунушту кабыл алышкан.

Бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан Темирбек Бекбоев кирмей болгон.

Темирбек учурда 21 жашта. Таенесинин колунда чоңойгон экен. Төрөлгөндө бир жамбашы жок болуп төрөлүп, кийин врачтар туура эмес операция жасап, буту өспөй калыптыр. Сабырбек Жумабековго кезиккенден кийин операция кылып сөөктү узартса болорун билип, жашоого болгон умтулуусу, басып кетем деген үмүтү күч алат. Акыры орто мектепти аяктап, 18 жашка толгондон кийин операция жасала баштайт.

Академик ортопеддин айтуусунда операция 3 жылга созулган. Алгач оң бутунун тизеден жогорку санынын сөөгүн эки башын кесип атайын сөөктү өстүрүүчү аппаратты жайгаштырышкан. Сөөк күнүнө бир миллиметрден өскөн, кийин санды 10 сантиметр өстүргөндөн кийин, шыйракты өстүрүүгө өтүшкөн. «Акыркы ченөөлөрдө Темирбектин буту жалпы 32 сантиметрге өскөн. Бирок Гиннес китебине 31 сантиметр боюнча кетип калды» - дейт Сабырбек Артисбекович.

Баш-аягы 3 жылдын ичинде алты жолу операция жасалган. Буюрса күзүндө дагы операция жасалып, Темирбек балдаксыз басып кетерине ишенип жатышат.

«Адамга операция жасап, сөөгүн узарткандан кийин ал сөөк кадимки сөөктөн айырмасы болбой калат. Керек болсо кайсы жеринен баштап өскөнү да билинбейт. Кудум мурунтан эле бардай болуп сезилет. Анан дагы жаңы өскөн сөөк баары бир жаңы болуп, берки сөөктөргө караганда бышык болот. Сөөктү каптап өскөн эт дагы ушул сыяктуу» - дейт профессор Жумабеков.

Кыргызстандагы бирден бир сөөктү өстүрү боюнча адис мындан тышкары көп кишинин сөөктөрүн өстүрүп берген. Буга чейинки өстүргөн сөөктүн узундугу 10 сантиметр болгон экен. Ал учурда ушунчага чейин өстүрө аларын ойлогон да эмес эле .

Темирбектин оперциясына жана аны дарылоого кеткен каражаттын бардыгын өз моюнуна алып, бир да тыйын албай, бекер дарылаптыр.

Үмүт нуру жанган көздөр

Сабырбек агайдан интервью алалы деп барганыбызда ага көрүнүүгө кезекке турган адамдын аягы көрүнбөйт. Биз дагы кезекке туруп 5 саат дегенде агайдын өзүнө жолугууга мүмкүнчүлүк алдык. Кечки саат тогуз болуп калса дагы кабыл алуусун токтотпой, эң акыркы бейтапка чейин кылдат текшерип, алардын дартын аныктап жатты. «Күндө эле ушундай иштейсизби же бүгүн эле киши көппү?» - десем, «күнүгө иш унудай болот» - деди. Ошол күнү 10 операция жасаптыр.

«Мен ишимдин көптүгүнөн конокко барбайм, куран окуткан жерге такыр эле бара албайм. Кечинде тойлорго чакырат, жетишсем барам, анда дагы кечигип. Анан жаман көрө беришет «Жумабеков дайыма кечигип жүрөт» - деп. Бул жерде ар кайсы региондон атайын көрүнөлү деп келип отурушса, мен кантип тойлоп жүрмөк элем?

Жумуш бүткөндөн кийин чарчоомду жазыш үчүн чуркайм, спорт менен алектенем. Бул нерселер мага энергия берет. Негизи кесибиңди сүйүп, берилүү менен иштесең гана ийгиликке жетишесиң» - деген агайдын иш бөлмөсү да ар кандай медициналык аспаптар менен сөөктөргө толгон. Бир тарабында болсо жалаң жетишкен ийгиликтерин тастыктаган грамота, сертификаттары турат. Мунун баары талыкпаган эмгектин арты менен.

Сабырбек агайдын ишине ийгилик каалап, саат ондон өтүп калганда 4-шаардык оорукананын дарбазасынан чыктык.