Жорум

Жер көчкөнүнө башкалар уялсын!

11 мая 2017 г. 16:30 382

Өзгөндөгү жер көчкүдө, Дача СУда учак жайраганда курман болгон жарандарыбызга Ажобуздун барбаганы бир чети жакшы көрүнүш. «Эмнеге?» - дейсиздер да. Бир четинен «бет» дегендин бар экенинин белгиси. Экинчиден ал мамлекеттин акчасына тийген жок

Кыргыз коомдук интернет тармактары кыштагы Дача СУ айылында кырсыктан кийинкидей эле, «эмнеге президент Атамбаев Өзгөндөгү Аю айылына барып койгон жок? Акаев жер көчкү болгон жерге төрт саат ичинде жетип барган» - деп нааразы. Дача СУга барган жок, бейтапканадагы жарадарларды да зыярат кылган эмес. Бул сапар Өзгөнгө да барган жок. Кичине чыдаса барбай туруп эле кетип калат ажолуктан.

Башкалар уялсын! Мисалы бажыканаларда мамлекеттин бюджетине жеткирбей бюджеттен эселеп көп акчаны өз чөнтөгүнө кайрып кетип жаткан «раим-миллиондор» уялсын. Кырсык болгон жерге ошолор жетип барып, жакындарынан ажырагандарга жардам беришсин. Беттерин табактай кылып, маркумдардын жаназасына турсун. Былтыр тээ Союздан бери иштеп келе жаткан Жер иштетүү институтуна барып, эки маек алып келдик эле. Бири Швецияда окуп, иштеп, кыргыз үчүн күйүп кайтып келген жаш адис. Экинчиси Кыргызстанды түрө кыдырып, анча-мынча акыл калчап жер иштетип баштаган дыйкандарга күндөп-түндөп кеңеш берип жүргөн эски кесипкөй. Экөө тең кыргыз жеринин жыл санап бузулуп баратканына чочулап, «Бизде гана Жер кодекси карманылбайт. Аны Конституциядай эле карманыш керек болчу. Антпесе келечекте чоң маселелер менен жүздөшөбүз» - деп чыркырашкан. Анан каржынын жоктугу жөнүндө, болбогон айлыктын кечиктирилгени, эл аралык гранттарды мурунку министрлер менен жакындары жеп салып жаткандыгы тууралуу айтышкан. Арсланбаптагы жаңгак токойлордун кымбат баалуу каптарын байлар кесип-кыйып алып кеткенин, карапайым эл гектарлап бөлүнүп берилген жерге бир да жаңгак түшүрбөй терип кетип жаткандыктары да сөз болгон. Жакынкы жылдары жаңгак токойлору өзүн кайра жандандырып кете албай каларын, кыртышын кармачу тамырлар калбай калса, тоолор көчүп баштаарын билдиришип, каражаттын жоктугунан колдорунан эч нерсе келбей жатканын айтышкан эле. Каражатты өз чөнтөгүнө буруп кетип жаткан «раим-миллиондор» менен гранттарды алып, кекиртектерине салган мурунку министрлер менен жакындарына наалат...

Ажобуздун колтугуна кирип, алдап, жаш, күчтүү, таза кадрларды жолотпой, ишке кирген болсо иштетпей, аларды пара алганга мажбурлап, капастарга солоп, пара албаганын эски кадрларга жамандаттырып абройлорун түшүрүп, иштегис кылып салган «шоопурлар» уялсын. Мындай бети жоктордун дарты эле ошо. Эптеп өзүнө ылайыктуу адамдарды мамлекеттик мекемелерди бул жакка кой, муфтияттан бери жайгаштырып, алар аркылуу битир-садага, ажылыктын акчасынан бери өзүн көздөй агызып жаткан «шоопурлар» уялсын. Ошолор барсын Дача СУга, Аюга. Берсин жанагы жалпы элдин ырыскысынан аймап калган каражаттарды. Турушсун ошол жерде эки жүздүүлөнүп, Жаратканга дуба-тилек кылымыш болуп. Ажобуз болсо өзү байыган, ага Кудай берген байлыкты. Жүз миң сом бердирип жатпайбы президенттик фонддон, болот да. Кайсы бирине түтөт анын акчасы?

«Белизгейттерди» ойлоп таап, баштап коюп аягына чыкпай, Ажонун, «калп болуп чыкса жумуштан кетирем» - дегенине карабай пилдин терисиндей бетин тырыштырып да койбой Жогорку Кеңеште депутаттарга ыдык көргөзгөн атайын кызматтагылар уялсын. Ажонун саясий атаандаштарына түрдүү кинелерди коюп, кийин келчү жетекчинин баарына атаандаштарын төбөгө чаап, каалаган шылтоо менен капаска солоттуруп койсо болот экенин көрсөтүп жаткан прокурорлор уялсын. Арам май-талканды улам бийликке келгенине тартып берип, алар менен бирге ашашкан соттор уялсын. «Кооптуу шаар» долбоорун ишке ашырбай, мектепке бараткан балдарды сүзгөн жерде, кесилиштердеги тыгындарда көрүнбөгөн, бирок түрдүү жерде буктурмага жатып, айдоочуларды аңдып пара алган МАИлер уялсын. Деги ушулар эле тойбой койду. Эч бир реформа буларды жоё албайт экен. Анан баарынын эле оозунан Кудай түшпөйт. Буларың чочкону деле, «бысмылда» - деп союп жейт. Барсын ушулар Өзгөндөгү эки тоонун арасына көмүлгөн айылга. Тогузбайынбы, Сегизбайынбы ымам кылып алып жаназа окушсун. Көңүл айтып, алган-жулгандарынан бөлүшсүн.

Коомдук телеканалдын жетекчилиги барсын. Машине менен барбасын, кырсыктап калышы мүмкүн, учак менен жетсин. Көчө элек тоолорду көргөзсүн. Ал жерге алып барып артисттерди ырдатсын. Жаңы чыгып келе жаткан чөп-чарлар, ээсиз калган малдар менен тамак жасатып, келиндерди жарыштырсын. Абдулла Юсуповду алып барышсын, Маевскийди жалдап келишсин, алар каалаган жомокторун өздөрү ишенип алгандай кылып айтып беришет. Биринчисине анча-мынча наша чектирип коюш керек, экинчисине «Мегакомдон» бир үзүм убада бересиң да сайратасың «кош жылдыз» кылып. Эл отура берет аларды карап. Аңгыча бир-эки жума өтөт, жер кургайт, жаан-чачын азаят, эл унута баштайт болгон каргашалуу окуяны.

А балким жер көчө берип, жарандар өлө берип бул деле көнүмүш адатка айланып калат. Анда башкача стратегия карманыш керек. Балким эч кандай стратегиянын деле кереги жок, кете берсин баары адаттагыдай. Бажы раими менен, кадры шоопуру менен, адилеттүүлүгү жалаа менен, саясаты табаа менен, телеси шоу менен... Негизгиси Ажого тийбегиле. Акаев болсо тобо кылсын. Баарын ошол баштаган, анан Бакиев уланткан. Бардык жамандыктын башаты ошолор. Эмдигиче кесепеттери бүтпөй келет. Атамбаев болсо, «кетем» - деп жатпайбы. Чыдай туралы кичине. Шайлоонун мөөнөтү да берилегени турат окшойт. Ал баарын болгондой айткан, «аппак» киши. Башкалар уялсын...