Дүйнө

Митио Каку: "Жакында дипломдун кереги жок болот"

11 мая 2017 г. 16:30

Университеттер виртуалдуу болот. Алар интернет аркылуу билим берет. Салттуу билим алуу мекемелеринде чабалдар гана билим алып калышат. Алар жөнүндө «Бул адам билим алуусун өз алдынча калыптай албай калган байкуш» - деп аяшат

Митио Каку жапон улутундагы америкалык физик. Ал ааламдын кеңейиши жана космостогу кара тешиктер боюнча адистешкен. Илимий китептерди карапайым калк түшүнгөндөй жалпак тилде жазат. Онго жакын кайра-кайра басылып чыккан, кызыккандар жата калып окуган бир нече китептин ээси. BBC жана Discovery каналдарында теледолбоорлорду алып барат. Нью-Йорктогу Сити-колледжинин физика теориясы боюнча профессору. Анын жакында «Власть Денег» басылмасына берген маегин кыскартып сизге сунууну туура көрдүк.

Мээ эстеп калууга эмес, ойлонууга багытталат

Келечекте окуу эстеп калууга негизделбей калат. Бул эң чоң өзгөрүү. Бир аз убакыттан кийин эле компьютер менен Google Glass көз айнектери кичине көз линзаларга айланат. Ага керектүү маалыматтын баарын жүктөп алса болот. Азыр эле адамдын билимин толуктаган көз айнектер бар. Бир-эки жыл өтпөй сынактарда окуучулар менен студенттер көз ымдап туруп эле каалаган сурооңо такалбай жооп бере башташат. Мындан улам мээге кийин кереги тийбеген маалыматты жүктөөнүн кереги жок болуп калат. Кереги жок нерселерди эстеп калуудан арылган мээнин күчүн толугу менен ойлонуу, анализдөө, жүйөөлүү далилдөө менен эң туура чечим чыгарууга багыт алууга мүмкүндүк түзүлөт.

Мугалимдик жок болору турган иш

Ар бирибиз өз алдынчалыкка көнүшүбүз керек. Анткени өз тагдырыбызга жоопкерлигибиз күчөйт. Көзөмөлдөөчү мекемелердин кереги деле жок болуп калат. Ар бир адам кандай маалымат аларын өзү чечип, өзү тандап, өз алдынча билим алат. Керектүү кеңешти «акылдуу» дубалдардан ала алат. Бир аз убакыттан кийин жасалма интеллект технологиясына негизделген мындай дубалдар батир, кеңсе жана көчөлөрдө орнотулуп баштайт. Мындай дубалга жакындап туруп, мисалы «биология прфессору менен сүйлөшүүм керек»- десеңиз, дубалда сиздин бардык сурооңузга жооп бере алчу профессор пайда болот. Мындай система билим алуу гана тармагында да эле эмес медицина, укук, дизайн, психология жана башка тармактарда иштеп баштайт. Албетте хирург сыяктуу реалдуу кесипкөйлөр керек бойдон кала бермекчи, бирок күнүмдүк көйгөйдүн баары виртуалдуу чечиле баштайт. Мугалимдерге келсек, алардын кереги жок болору турган иш.

Салттуу окуу жайда чабалдар окуйт

Университеттерде онлайн-курс эмитен эле иштеп баштады. Албетте азырынча мындай курстарды таштап чыга бергендер көп. Муну адамдардын мындай курстарга даяр эместиги менен түшүндүрүшөт. Алар жетекчисиз «мен жана компьютердин монитору гана» режиминде өз алдынча интеллектуалдык эмгек кылууга даяр эмес. Өздөрүн кызыктырып мотивация кыла алышпайт. Бир жагынан алганда онлайн-система эми эле көз жарды, ошондуктан оңдоп-түзөөгө муктаж. Бирок ал өтө тез калыптанып келе жатат. Жакынкы 50 жылдын билим берүүсү ага байланыштуу. Университеттер калат, бирок алардын көбү виртуалдык жогорку окуу жайлар болот. Алар интернет аркылуу билим берет. Салттуу билим алуу мекемелеринде чабалдар гана билим алып калышат. Алар жөнүндө «Бул адам билим алуусун өз алдынча калыптай албаган байкуш» - деп айтылат.

Университет берген билимине баа бере албайт

Дипломдор кереги жоктугунан иштен чыгат. Анткени билим алуу атайын бир мекеме жана тиешелүү жаш курагы менен чектелбей калат. Балким квалификациялык сынак тапшырган, адистердин жөндөмүн жана кесипкөйлүгүн текшерген сертификациялоочу борборлор пайда болот. Анын натыйжасына жараша адам ишке орношуп же орношо албай калат. Демек университеттер өз кызматын баалоого укуксуз мекеме болуп калат. АКШ, Канада; Жапония жана Европада адамдар өзүнө таандык диплом, тастыкнаама, сертификаттарды жыйнаган портфолио системасы кеңири тараган. Келечекте буга чейин жыйналган интеллектуалдык куржун билим берүү системасынын негизги натыйжасы болот. Адамдын жетишкендиктерин интернеттен ачык көрсө болот.

Адамды акылдуу китептер окутат

Балдарга билим берүү сервистери ыкчам өнүгө баштайт. Жакынкы 10-15 жылда учурдагы салттык окутуу системасынан сырткаркы билим берүү тармактарынын мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз артат. Мисалы онлайн педагогика деген сервис ишке кирет. Муну элдин баары компьютерди тиктеп отуруп калат деп элестетпеш керек. Адамдар жашаган чөйрө толугу менен өзгөрөт. Алар менен баарлашкан башкача формадагы ортомчу электрондук жабдыктар пайда болот. Маалымат жана баарлашуу системаларына жык толгон келечектин шаарлары тирүү жандыктардай болуп, билим берүү системасынын толук кандуу мүчөсү болуп калат. Мисалы балдар үчүн жума, айларга созулган оюндар сунушталат. Алар шаардын атайын даярдалган аянтчаларында бул оюндар менен алек болушат. Адамдын алты же алтымыш жашта экенине карабай, фото, текст, видео, тапшырма, схема сыяктуу билим берүүчү материалдарын жеке инсанга жараша калыптап бере алган жасалма интеллект менен жабдылган электрондук китептер ишке кирет. Мындай жаңылыктар азыртадан пайда боло баштады.

Айыл чарба ийгиликтен кур калат

Келечектеги дүйнөдө ийгиликтүү болуш үчүн жарандардын чыгармачылык, элестетүү, демилгечилик, лидерлик сыяктуу роботтор кыла албаган сапаттарын калыптоо керек. Коом товардыктан интеллектуал-чыгармачылык экономикага өтүп баштады. Бекеринен мурунку премьер-минстри Тони Блэр Англия кен байлыктарын чыгарууга караганда рок-н-роллдон көбүрөөк киреше таап жатат деп айтпаган чыгар. Товардык менен интеллектуал-чыгармачылык базарларын тең салмактай албаган өлкөлөр келечектин лидерлери болот. Айыл чарбасы менен гана алек болгон улуттар көчтүн аркасында калып, жардылыкка кабылат.

Бейимчил эместер ийгиликтүү болот

Эң көп кирешени биотехнология, нанотехнология жана жасалма интеллект тармагы табат. Билим берүү гана эмес, иштөө системасы да өзгөрүүдө. Жакында фабрикаларда бир да адам калбайт. Бирок интеллектуалдык тармактарда көптөгөн жумуш орундары пайда болот. Мындай өзгөрүүнүн убакты-саатын болжоп туруп башка тармакка өтүп кетүү өтө маанилүү. Өкүнүчтүүсү адамдын көбү айдатма, алар башкаларга жалдырабастан бир да кадам шилтей алышпайт. Келечектеги негизги көйгөй ушул. Башкаларга окшобой калуудан чочубоо жөндөмү келечекте ийгиликтүү болом деген адамдын эң башында өздөштүрчү сабагы болмокчу. Бир күнү туруп бардык нерсени толугу менен өзгөртүп жиберүүдөн коркпостон, өз тагдырыңды болжоп, жаңы жолго кадам шилтеп кетүү өтө маанилүү болот.


Учурдун билим берүү системасы өткөн доордун адистерин даярдап жатат. Биз аларды жок болуп кетчү жумушка даярдап жатабыз. Аларды дагы эле натыйжа бербеген интеллектуалдык куралдар менен жабдып келебиз. Ошондуктан барган сайын жумушсуз калган жаштардын саны артып баратат. Бизнести жетектеген адам эмне себептен жаштарды жумушка алышы керек? Алардын тиешелүү билими жетишсиз экени аз келгенсип, тажрыйбасы да жок. Ошондондуктан күчтүү дүйнөлүк компаниянын көбүндө 50-60 жаштагылар көпчүлүктү түзүп келет. Алар окуганды улантышаары бештен белгилүү. Себеби адамдар жакында эч кыйналбастан 120 жашка чейин жашап, билим алууну токтотпой калат.

Чыгармачыл кыялкеч утат

Бир дагы жогорку деңгээлге жеткен жасалма интеллект адамды толугу менен алмаштыра албайт. Биз машиналардан айрымаланып, ойлонгонубуз менен артыкчылыкка ээбиз. Мисалы роботтордун элестетип ойлонуу жөндөмү, аң-сезими, баам-парасаты жок. Андыктан алар бизнесмендердин ордун ээлей албайт. Себеби ишкер интеллект менен гана эмес баам-парасаты менен да чечим кабыл алат. Бакча дизайнери, куруучу сыяктуу кара жумушучулар чыгармачылыктан көз каранды адистер да жумушсуз калбайт. Учурда интеллектуалдык деп эсептелген компьютердик программалоо, веб-дизайн, 3D-долборлоо сыяктуу кесиптер катардагы жумушчу аткарчу деңгээлге чейин төмөндөйт. Адам эмне менен алек болбосун чыгармачыл болуусу зарыл. Келечекте утам деген адис элестер менен кыялдануу, тез өзгөргөн абалдардан чыгып кетүү, интуициясын күчөтүү жөндөмдөрүн жакшы өрчүтүүсү керек.