Адабият/Тарых

Учкуч С. Салиев: “Сабырсыз калк экенбиз”

11 мая 2017 г. 16:25 565

«Көчмөн кыргыз» долбоорунун алкагында кыргыз авиациясынын тарыхында биринчи жолу «Аалам айланган кыргыз желеги» деп аталган учууну Союзбек Салиев учкуч Йонас Юкнус менен биргеликте ишке ашырды. Алар 2016-жылдын 25-августунда Бишкектин «Манас» аэропортунан чыгып, 2 айдан соң 26-октябрда кайра Бишкекке кайтып келишти. Бир моторлуу учак менен дүйнөнү айланып келген биринчи кыргыз С. Салиев учурда жогорку окуу жайларда жана студенттердин бирикмелери үчүн авиация боюнча акысыз лекцияларды окууда.

- Чоң тобокелчиликти талап кылган өтө опурталдуу ишке кантип даярдандыңыз?

- 5 жыл даярдандым. Ар бир аралдын 2 жылдык метеорологиялык маалыматтар базасын изилдедим. «Муссон», «кургак сезон» деген түшүнүктөр бар, экватордун түштүгүндө шамал аябай күчтүү болот. Кетип жатканда учактын оң жак капталына куткаруучу плотту бекиткенбиз. Мен да, Йонас да оң бутубузга дайыма бычак салып жүрдүк, кокус мотор иштебей калса плоттун жибин кесип сууга ыргытышыбыз керек болчу. Ал учурда бизде 45-47 секунд гана убакыт бар, анткени ошол убакытта учак сууга толугу менен чөгөт. Плотту ыргыткандан кийин агым ары алып кетип калса аны эч качан кууп жетпейсиз, аны да эске алдык. Анан суу өтпөгөн баштыкка бардык документтерди таңгактап бекитип, плитка шоколад, балык тутканга кайырмак, рация, эң башкысы сууну тузсуздандыруучу аппаратты жасап алганбыз. Учакка спутник трекерин орноттук, ал ар бир 10 мүнөт сайын спутник аркылуу биз каякта баратканыбызды билдирип турду. Бишкекте Учууларды башкаруу борборунан коштомо топ биз менен байланышып, аба ырайынын өзгөрүшүн интернеттен карап, маалымат берип жатты. Бирок кандай учурда болуп кетиши белгисиз эле, эгер ал түнкүсүн болсо караңгыда суу кандай, каяктан толкун келатат көрбөйсүң. Экинчиден, толкун бийик болсо сокку аябагандай күчтүү болот. Анда сиз акыл-эсиңизди жоготосузбу, жоготпойсузбу, дегеле кандай абалда болосуз баары белгисиз. Бирок кудайым түз көзү менен караган экен, аман-эсен кайтып келдик.

- Учар алдында коркуу сезими болдубу?

- Ар бир адамда коркуу сезими болот, бирок бизде артка чегинүүгө жол жок эле. Кыргыз желегин жер жүзүн айлантканы кетип жатабыз деп айтып коюп, кайра баш тартуу таптакыр туура эмес болмок. Бир гана алдыга учушубуз керек болду. Даярдыгыбызды кайра-кайра текшерип, өзүбүз да даярданып жаттык. Дагы бир кооптуу нерсе - учактын ичиндеги арткы орундуктарды алып, желим бак койгонбуз, ал бензинден чыккан парды желдетип турмак. Мүнөт сайын абаны алмаштырып кайра жаап турушу керек. Эгер бир эле жери туура эмес болсо «бап» этип өрт чыгып кетмек. Ушул сыяктуу көп учурларды эске алдык. 1 градуска да ката кетирбешибиз керек болду. Кээ бирөөлөр бизди курортко барып келгендей эле кабыл алышты, бирок ар бир учкан сайын өз өмүрүбүз, өз жаныбыз үчүн күрөшүп жаттык. Океандын үстүндө ката кетирсеңиз аны оңдогонго убакыт жок.

- «Көчмөн кыргыз» долбоорунун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен байланышы барбы?

- Ооба. Көчмөндөр оюндарынын дирекциясы менен сүйлөшүп, оюндарды популяризациялап, жарнама кылып келдик. Таити аралында жүргөндө бир илмекти көрдүм, анда «Nomads» («Көчмөндөр») деп жазылуу экен. Бизде да «Nomad Games» деп жазылуу болчу, анан алар айтып жатпайбы, «силер жылкы, ат менен номад болсоңор, биз кеме менен номадбыз. Биз дагы аралдан аралга көчүп, жаңы аралдарды ачып, көбөйгөнбүз» - деп.

- Cиз токтогон жерлерде Кыргызстан тууралуу билишет бекен?

- Жок, эч ким билбейт экен. Бир гана Суданда БУУда иштеген Алимбек Таштанкулов деген кыргыз жигит Хартумдан атайын келип бизди тосуп алды. Ага чоң ыраазычылык билдирем, котормочу болуп биз менен 3 күн жүрдү. Биз дагы өзүбүздүн жердешибизди көрүп, аябай кубандык. Анан Чилиде кыргыз желеги түшүрүлгөн башымдагы кепкадан орус улутундагы бир жигит Кыргызстан деп тааныды. Башка эч жерде билбейт экен бизди. Өтө кичинекей өлкө экенбиз. Анын үстүнө Латын Америкада биз жакка кызыгуу жок да, алар 5-6 мамлекет болуп, өзүнчө бүтүндөй дүйнө. Өздөрүнүн сериалдары, кумирлери, өздөрүнүн маданият, ырлары бар. Бизге окшогон кичинекей мамлекеттер боюнча маалыматтары жок экен.

- Башка элдерге салыштырмалуу кыргыздарга эмне жетишпегендигин байкадыңыз?

- Кыргыздар бири-бирибизге ырайымдуу эмес экенбиз. Биринчи байкаганым ушул болду. Анан сабырдуу эмес калк экенбиз, тез эле чорт кетебиз. Бул деген маданияттын абдан төмөндөп кеткенинин бир белгиси. Бизде, «бул шпион» деген советтик калдыктар калган. Биз барган бир да өлкө бизди андай кабыл алган жок. Бир гана Африкада анча-мынча көйгөйлөр болду, башка өлкөлөрдө баары жылмайып, «кош келиңиздер» деп тосуп алып жатышты. Бирок учуу учурунда алыс болсо да кыргыз элинин демин ушунчалык сезип жаттым. Бүт кыргыз мени эле карап жаткандай болду. Бул кыргызды бириктирүүчү нерселердин бири деп эсептейм.

- Бул учуудан кийин жашооңуз өзгөрдү деп айта аласызбы?

- Адамдын турмушка болгон көз карашы өзгөрөт экен. Күнүмдүк турмушта кереги жок нерселерге көп көңүл буруп, кереги жок нерселерге урунуп, турмуштун жакшы нерселерине көңүл бурбайт экенбиз. Алла Таалам мага экинчи жашоо бергендей, анткени көп адамдар жер жүзүн бир моторлуу учак менен айланабыз деп көбү келбей калган. 300-400 кишилик чоң-чоң «Боингдерди» таппай жатышат, анан биздин кичинекей учакты табыш таптакыр мүмкүн эмес болмок. Кыргызстандын ӨКМи ал жакка даана жете алмак эмес. Ошондуктан аман-эсен келгенибиз – кыргыз үчүн чоң сыймык болду.

- Сиздин эрдигиңиз жаштарга кандай дем берди деп ойлойсуз?

- Айылдык эле мектепти бүтүп, ушуга жетсе болот экен деп мен өзүм мисал болуп жатпаймынбы. Биздин жаштарга силердин гезит аркылуу айткым келет, өзүңөрдүн кыялдарыңар, умтулган максатыңар болсо эч качан артка кетпей, күнүгө талыкпай иштесеңер ал максаттарга жетесиңер. Турмушта ар кандай болот, мүмкүн кээде 1-2 кадам артка чегиниши керек болот. Бирок 1-2 жыл өткөндөн кийин кайра умтулуп, кайра аракеттенип алдыга жыла берсе албетте бардыгына жетүүгө мүмкүн. Мен дайыма жаштарга азыркы технологияларды, көбүнесе YouTubeду мисалга келтирем. Кыргыздар YouTube тармагын туура эмес колдонобуз. Аны көңүл ачуучу, туура эмес багыттагы нерселерди көрүүчү тармак катары пайдаланабыз. А бирок YouTubeдан ядердик реактордун иштөө принциби деп издесеңиз толук көрсөтүп берет. Күндүн нурунан же оттон уюлдук телефонду кантип заряддоого болот десеңиз ага да жооп бар. Көп нерселерди тапса болот. Жашоо-турмушубузду оңдогонгонго шарттар абдан көп. Кыргыздар көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Эң биринчи бири-бирибизге сабырдуу, ырайымдуу мамиле кылганды.

- Өзүңүздү мыкты навигатор катары сезип калдыңызбы?

- Навигатор эмес, кыргыздын мүмкүнчүлүгүн көрсөттүм деп ойлойм. Кээ бирөөлөр, «сиздин жасаган ишиңиз кыргыздарга мүнөздүү эмес» - дейт. Мен аларга каршы айтам, жок, бул кыргыздын канында бар. Бизди, «мигрантсыңар, пол жуугучсуңар, кара жумушчусуңар» - деп жатышпайбы, ооба биз мигрант калкпыз, бирок духубуз бийик, белибизди бекем түйүп чоң нерселерди жасай алабыз. Кыргыз коомчулугунда абдан жакшы процесстер жүрүп, артыбызда жакшы муун өсүп келе жатат. Келечек муундар мындан да жакшы нерселерди ойлоп чыгат деп ишенем.

- Келечек демекчи, кыргыз авиациясынын келечегин кандай элестетесиз?

- Чындыгында, биз кээ бир өлкөлөргө караганда авиация жагынан кыйла алдыдабыз. Менин жетишкендигим – бүткүл кыргыз авиациясынын жетишкендиги. Мен Кыргызстандын эле Авиация окуу жайын бүткөм. Учакты даярдагандар биздин эле механиктер, усталар, адистер болду. Алар өз билимдери менен учакты ушундай жогорку деңгээлде даярдашты. Метеорологдорубуз аба ырайын так айтып жатышты. Ошондуктан биздин деңгээл салыштырмалуу артта эмес. Бизде уюшулгандык жок, жогорку деңгээлге көтөргөн уюшма иштерибиз гана бир аз аксоодо.

- Саясатка кайтып барам деген оюңуз барбы?

- Жок. Мен ушул авиация тармагы менен эле кетем. Барган жерлеримден абдан көп дос таптым, алар менен азыр да байланыштамын.

С. Салиев менен Й. Юкнустун дүйнөнү айланып учкан жолун aopa.kg сайтынан онлайн түрүндө көрсөңүз болот.

Маектешкен: Калиман Наматказиева