Саясат

ойэкономика: Акыреттин активи жана пассиви жөнүндө

11 мая 2017 г. 16:20 417

Той же Куран окутуу максатында сарпталган каражат ниетке жана аракетке жараша - сооп же күнөө. Мисалы мейкиндикти жана убакытты адам баласын сыноо максатында жараткан Аллах Таала ыразычылыгы үчүн Куран окутуу- маркумдун Акыреттеги сообун (активин) арттырууга жакшы өбөлгө түзөт

Маселени тойканалардын категорияларынан баштасак эп болгону турат. Оболу төмөнкү категориясынан баштайлы. Бишкекте түнкү клуб же түнкү кафе катары иштеген тойканалар бар. Аларда спирттик ичимдиктер байма-бай сатылып, анысы аз келгенсип андан түрдүү коктейлдер жасалып, муну бир жогорку маданият катары кабыл алынат. Мындай жерге көбүнчө намахрам (бири-бирине чоочун) жаштар чогулуп, арак-шарап ичип, кыйкырып-өкүрүп, кучакташып бийлеп, жулкулдашып мушташып таңга жуук араң тарашат. Мындай тойканалар абсолюттук арам жай болгондуктан түрдүү күнөө (пассив) табуу жерлерине кирет. Мындай жерлерге адам дээрлик арам ниет менен барып, арам аракеттер менен алек болору шексиз. Бул жайларды адал ой менен иштетүү же ижарага берүү - өзүн-өзү алдоодон башка эч нерсе эмес.

Калган тойканалар адамдын ниети жана аракетине жараша актив же пассив алып келүүчү жайларга кирет десек туура болчудай. Буга Бишкек жана башка шаарлардагы ири тойканалардын дээрлик бардыгы кирет. Мисалы учурда арак-шарапсыз “адал” деп аталган тойлор көбөйүп жатканы баарыбызга маалым. Албетте мындай тойлор сырткы аракетине караганда актив-сооп гана алып келчү иш-чарага окшойт. Бирок уюштурган жана келген адамдардын ниетине жараша пассив-күнөө да алып келүүсү мүмкүн. Эгер Ырыскы берүүчү жана ниеттерди Билүүчү Жараткандын ыраазычылыгы үчүн туугандык, достук жана кошуналык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулса, адамга актив алып келет. Эгер той – берген ражаны кайра жыйнап алуу, эсептешүү, ушакташуу, менменсинүү, катышы, байлыгы жана бийлиги менен мактануу максатында уюштурулган болсо, сыртынан актив түшкөндөй көрүнгөнү менен пассив гана алып келет.

Арак-шарап куюлган да, “адал” да үстөлдөрү бар тойлор уюштуруучу үчүн “бок-сак” түшүп калган сүткө окшош. Төгүп жиберүү да оор, ичип алуу да жийиркеничтүү. Мындай тойлордун актив-пассив өкүмүн Чубак ажыга окшогон аалымдардан сурап алуу керек. Мындай тойго катышууга барган адам ниетине жараша актив же пассив табат. Жогорку абзацтагы “эгер” менен башталган сүйлөмдөрдү кайра окуп чыгыңыз.

Учурда кыргыз жергесинде кафелерде Куран окутуу жайылды. Мындай иш-чарага “кыргызчылыкка” салып бир-эки саат кечигип баруу – бир чети уят, бир чети маанисиз. Себеби ал өзү бир-бир жарым саат ичинде башталып бүтөт. Башкача айтканда убакыт ысырабы жокко эсе. Тамак ысырабы да чектелүү, анткени бир-эки салат жана бир тамак гана тартылат. Жогорудагы тойлордогудай бүкүлү тоок жана балык коюлбайт. Үстөлдөгү тамак-аш пакеттерге салынып, үйлөрдөн да маркумга Куран окулат. Арак-шарапты коюу ойго да келбейт, ар ким ар кимдин аялзаты менен тайраңдап бийлебейт. Кыскасы аракети жагынан жалаң актив алып келет. Ниети жагын билүү үчүн үчүнчү абзацтын “эгер” менен башталган акыркы сүйлөмүн кайталап окуңуз.

“Тойканалар жакшы нерселерди (мисалы мектептерди) салчу акчаны “тартып” алып жатат” - деген пикир бар. Биринчиден бул ойдун чын-төгүнүн тастыкташ үчүн илимий изилдөө жүргүзүү керек. Ошондо деле абсолюттук “туура” натыйжа алуу оорго турат. Экинчиден тойканалар мектеп болбосо да кесиптик окуу жайдын тажрыйба топтоочу ишканасы десек жаңылбайбыз. Себеби ал жерде менеджмент, ашпозчулук жана тейлөө чеберчилиги үйрөтүлөт.

“Тойканалар ысырапкорлук чордону гана” - деген чочулоо да жок эмес. Бирок Чубак ажы убагында “ысырапкорлук - бир нерсеге ашыкча же жетишсиз чыгым кылуу” - деп мени таң калтырган. Ашыкча дегени баарыбызга түшүнүктүү. Жетишсиз чыгым кылып ысырапка кириптер болууну ачыктайлы. Көрсө кеңири катышы бар абройлуу адам же үй-бүлө чүңчүңдөгөн той берүүсү – ысырапкорлук экен, анткени акча-каражаттан да баалуу болгон намысын сарптаган болот. Мисалы жетишерлик маяна албаган мамлекеттик чиновниктерибиз кыймылдагандын баарынан пара ала берип, өзүнүн да, мамлекеттин да, кыргыз элинин да намысына шек келтирип жаткандары айдан ачык маселе. Манас бабабыздын тойлору же былтыркы Көчмөндөр оюнуна кеткен акчалай чыгымдар өзүн эселеп актады десек жаңылышпайбыз. Аны уюштургандар менен ага катышкандар аракет жана ниеттерине жараша актив жана пассив табышат. Кайра эле бул макаланын үчүнчү абзацынын «эгер» менен башталган акыркы эки сүйлөмүн кайталап окуңуз.

Мунун баарын мынча талдаганыбыздын себеби - ар бир иш-чара же ибадат күмөнсүз кылынышы шарт. Жараткандын ыраазычылыгы жана адамдын психикалык туруктуулугу ушуга байланыштуу. Албетте ниетин жана аракетин түздөгөнүнө карабай тойканаларда өткөрүлгөн тойлордун адал түрүнөн да чочулаган адам алардан оолак болгону туурадыр. Бирок мындай адам такыбалык – бул индивидуалдуу абал экенин унутпашы керек. Ошондуктан өзү чыдай алган аракетке башкаларды мажбурлап, нафил (кошумча) нерсени важиб (зарыл) же парз (милдеттүү) даражасында көрсөтпөгөнү жакшы.

Эсен Өмүракунов