Политэкономика

Сапар Исаков жана "Таза коом"

11 мая 2017 г. 16:15

28-апрелде Президенттик Аппараттын жетекчиси Сапар Исаков ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолукту. Сүйлөгөн жагынан аксаганыбыздан пикир жана сунуштарыбызды жазууну эп көрдүк. Бул текст Сапар мырзанын командасынын интернет почтасына жиберилет

Орус серепчилеринин бири, "Владимир Путин оппозициялык күчтөрдү же басканы, же абройлоруна шек келтирип саясий сахнадан четтеткенинен улам бири-бирине атаандаш күчтөр өз партиясынан чыгат" деген пикирин айткан. Бул Жараткандын адам коомуна койгон мыйзамдарынын бири жана Анын Барлыгы менен Бирлигинин далилдеринен. Бөлүнбөс бүтүндүк Аллах Таалага гана таандык сыпат. Калган нерселер клеткадан баштап галактикаларга чейин бөлүнүп, кубулуп турат.

Кыргыз саясий сахнасы да мындай кубулушка күбө болуп турган чагы. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жакында КСДП партиясынын ичинде атаандаш топтордун бар экенин өзү тастыктады.

Сапар Исаков "шоопур" же "раим-миллион" деп аталган персонаждарга жана аларды жандап жүргөндөргө караганда адекваттуу көрүнөт. Биринчиден мите курттай көмүскө жана ала-колтукта "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп", өздөрү кылган арам иштин кесепетин башкаларга төңкөп коюп басып кете албайт.

Ұ(Башталышы 1-бетте)

Тескерисинче Сапар мырза жаш жардамчылары менен бирге сунуштаган "Таза коом" долбоорунун негизги максаттарынын бири – интернетти колдонуп мамлекеттик кызмат көрсөтүү аркылуу мителер жашынган булуң-бурчтардан бери жаркыратуу экен. Экинчиден коомдун ой-пикирин ачык билдирүү, адилеттүү тергелүү, айыпталуу жана соттолуу сыяктуу табигий эркиндиктерин коргоо үчүн жаңы интернет технологияларын колдонобуз дегени да чеке жылытарлык.

Презентация саясий популизм менен коштолгону өкүндүрдү. Мисалы негизги кооптуулук катары климаттын жылыганынан улам мөңгүлөрдүн жакынкы он жылдыктарда 30 пайызга азаяры айтылды. Глобалдык климаттын жылыганын шылтоо кылып, эл аралык коррупциялык бюрократия өз көмөчүнө күл тартып, тайраңдап жашап жатканы жазылып, айтылып эле жүрөт. Кымбат жана зыяндуу мунай жана көмүр энергетикасы күн, суу, шамал жана өзөктүк энергетика менен ыкчам алмашып жатканы жалпыга маалым. Электр жана газ менен иштеген унаалар жыл сайын эселеп өсүп, бензин жана керосин менен жүргөндөр азаюуда.

Урбандашуудан улам жол тыгыны шаарларда барган сайын негизги көйгөйгө айланат деген да сынга алаарлык пикир. Себеби жакынкы он жылдын ичинде унааларды орток колдонуу жана шоопурсуз унаалардын кызмат көрсөтүүсүнөн улам автомобилдер учурдагыдан 5-10 эсе азайганы турат. Алдыңкы катардагы дүйнөлүк авто компаниялары мындай уналардын дээрлик бардыгын электр кубаты менен иштегендей кылып чыгарууда. Бул болсо жогорудагы глобалдык жылуулуктун артуу көйгөйүнүн да жок болуусунун негизги шарты болот. Себеби абаны ишкана же ТЭЦтерден мурун автоунаалар эң көп кирдетет.

Мындан улам Сапар Исаковдун командасы аныктаган негизги коркунучтар карапайым элдин көңүлү үчүн кылынгандай көрүнөт. Же мындан да жаманы анын жигиттеринин келечекти көрө албаганын ашкерелеп турат.

Келечектеги долборлорду каржылоо жолдору да жакшы ойлонулган эмес. Бизнес чөйрө, эл аралык каржы уюмдары жана мамлекеттик бюджет сыяктуу салттуу булактардан башкасы сунушталган жок. Мисалы Орусия, Белоруссия жана Казакстан приватташтыруунун жаңы толкунун баштап, мамлекеттик мүлк жана кызматтарды жеке менчикке сатуудан түшчү каражаттарга аракет кылып жаткандыгы тууралуу сөз болгон жок. "Сингапур телеком" же "Малайзия эйрлайнз" компанияларынын мисалында күчтүү эл аралык мэнежмент тартып, аларга болгон ишенимди арттырып ири мамлекеттик компаниялардын акцияларын карапайым калкка сатып каражат табуу каралган эмес. Мисалы "Мегаком" жана "Улуттук энергохолдинг" ишканаларын тымызын арзан баада бир-эки арам кекиртектин менчигине өткөрүүдөн көрө ар бир кыргызстандыкты үлүшкөр кылсак бир ок менен бир нече коен атар элек. Коомдук чыңалууну, ашкере бай-кедей ажырымын жана байланыш жана электр кубатынын өзүн актабагандыгынын көйгөйлөрүн алдын алмакпыз. Эгер ГЭС жана электр чордон менен чубалгыларында ар бир жарандын үлүшү болсо, электр кубатынын кымбатташына эч ким каршы болбостон аны үнөмдөөгө баш оорутмак.

Албетте Сапар Исаков менен анын командасынын диалогго ачык болгону эң негизги плюс. Калың журт менен кеңешип, пикири жана сезимдери менен эсептешүү саясий ийгиликтин өзөгү десек жаңылбайбыз.

Эсен Өмүракунов