Көйгөй

Кыргызстандагы диний билим берүү реформага муктаж

11 мая 2017 г. 16:00

19-апрель күнү "Грин Сити" отелинин жыйындар залында “Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фонду “Сереп” изилдөө институту менен биргеликте “Кыргызстанда диний билим берүүнүн көйгөйлөрү” темасында талкуу өткөрдү

Талкуу “Булан” институту тарабынан жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж” аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын угуу менен башталды. Аталган эмгекти “Булан” институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси, Швейцариянын Женева шаарында эмгектенген кыргыз жараны, журналист Чолпон Орозобекова скайп аркылуу баяндады. Баяндамадан соң жыйынга чогулган эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү суроо, сын-пикир жана сунуштарын айтышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын депутаттары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин теология колледжи, Ислам илимий изилдөө институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана башка бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, дин жана коопсуздук боюнча серепчилер катышты.

Талкууда Кыргызстандын диний билим берүүдөгү жалпы бирдиктүү системасы, диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы, окуу программасы жана мугалимдердин квалификациясы өңдүү маселелер каралды. Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн чечүү максатында биригүү керек экендигин белгилеген катышуучулар, атайын эксперттик топ түзүп, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштөөнү сунуш кылышты.

“Search for Common Ground” уюмунун Кыргызстандагы директору Кеңешбек Сайназаров:

- Диний билим берүүнү талкуулаганда медреселерди эле бөлүп карабай, башка диндерге караштуу билим берүү мекемелерин да биргеликте карап, жалпы сереп жүргүзүшүбүз керек. Медреселердеги билим берүү процессин токтотуп калуу мүмкүн эмес, андай кылуунун кереги да жок. Ошол эле учурда концепцияны иштеп чыгуу өтө оорго турду, себеби мамлекеттик органдар тарабынан диний билим берүү уюмдарына өгөйлөгөн мамиле бар. Биздин уюм да (Search for common ground) экстремизм, зордук-зомбулукка каршы жана дин эркиндигин колдоо багытында иш алып барат. Ошондуктан, мындан ары чогуу тереңирээк изилдөө жүргүзүү ишин бирге алып барууну сунуштайт элем.

- Мен эки менчик эл аралык мектепте башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп келем. Алардын бири –

ESCA – Борбор Азиядагы европалык мектеп – Билим берүү министрлиги менен тыгыз иштеп, жергиликтүү стандарттарды айкалыштырганга жетишти. Экинчи мектеп– Hope Academy- алар толук светтик билим берүү менен биргеликте диний билим да беришет. Айтайын дегеним, иштеп, аракет кылса, баарын ишке ашырууга болот. Бүгүнкүдөй чогулуштарды, талкууларды көбүрөөк өткөрүү керек.

Ислам илимий изилдөө илимий институтунун директору Маметбек Мырзабаев:

- Азыр бизде диний билим берүүнү светтик билим берүүгө айлантуу аракети болуп жатат. 2014-жылдын Концепциясын ыйыкташтыруунун кереги жок. Аналитиктер изилдесин. Эгерде биз диний билим берүүдө плюрализмди ишке ашырабыз десек, анда мамлекет да, муфтият да азыркыдай пассивдүү эмес, күчтүү болушу керек.

Медреселердин негизги максаты диний билим берүү, светтик окутуу эмес. Эгерде светтик сабактар радикализмге каршы киргизилип жатса, анда туура эмес. Медреселер классикалык эле типте болушу керек. “Билим берүү боюнча мыйзамда кээ бир мүчүлүштүктөрү бар диний билим берүүгө байланыштуу.

Эгерде медреселер светтик билим бере баштаса, анда диний билимди башкалар бере баштайт. Азыр көрүп жатпайбызбы, ар кайсы квартираларда, медресенин, мечиттин короолорунда сабактарды өткөрүп жатышат.

Көз карандысыз эксперт Чынара Эсенгул:

- Бул маанилүү маселени чечүүдо бир жагынан адам укугу, экинчи жагынан коопсуздуктун ортосундагы балансты таап кетүү керек болуп жатат.

ВВС кыргыз кызматынын журналисти Кубат Чекиров:

- Сунуш - заманбап билим берүүгө багытталса. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да жыл сайын мониторинг жүргүзөт, аны караш керек. Мыйзамдагы коллизиялар оңдолушу керек. Диний билим берүү заманбап болушу керек. Кыргызстанда көбүнчө эски кылымдагы билим берүү ыкмалары сакталып калган.

КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замир Турсунбеков:

- Концепцияда айтылган 8 окуу предметин медресеге киргизип окутуу балдарга жеңилирээк болот. Аттестация болду, Дин иштер комиссиясы Муфтиятка жардам берди. Сунуш - КМДБ концепцияны ишке ашырууну өз колуна алышы керек.

Ош МУнун “Арашан” теология факультетинин деканы Сайфулла Базаркулов:

- Эки тарап – Өкмөт жана Муфтияттын арасында ишенимдүүлүк, өнөктөштүк керек. Өкмөт, "биз коомдун коопсуздугу үчүн көзөмөлдөп жатабыз" - дейт. Ал мыйзам өткөөл учурда кабыл алынган мыйзам. Концепция – коомдук талкууга коюлган. Мен кечки окууларга каршымын. Азыр колледж ачылды, анда медресени каякка коёбуз? Сунуш – медресе өз ордунда иштеп кете берсе, светтик билим берүүнү киргизбей эле койсок.

КМДБ Кадрларды даярдоо институтунун жетекчиси Жакшылык Борочоров:

- Ата-энелер балдарын мектептен медреселерге алып келишүүдө. Себеби- медреседе баланын тарбиясы жакшы болот деп ишенишет. Бул биздин мектептерде тарбия начар экенин көрсөтөт. Өлкөдө 120 медресе болсо, алардын бирине да Муфтият акча берген жок. Акчанын булагы такталып, ошондон медреселерге акча бөлүнүп берилиши керек. Медреселердин каржы булагы чечилмейинче, көйгөй бүтпөйт. Светтик билим берүү медреселерге киргизилмек, каржы маселесинен улам кирбей калган. Материалдык абалы жакшы болгон медреселер окутуп жатышат светтик сабактарды, кесипке да үйрөтүп жатышат. Лицензиялоо маселеси тууралуу айтсак, биз светтик мамлекетпиз, бизде Билим берүү жана илим министрлигинде диний билим берүүнү караган бир бөлүм түзүлүшү керек, ошону менен биздеги окуу программасы маселеси чечилет. “Ыйман” фондунун жардамы менен имамдарды окутуу, аларга айлык маянасын берүү маселесин чечкендей эле, медресе мугалимдерине да айлык маяна төлөө маселесин чечүүнү ойлонсок болот.

Эл аралык Ала-Тоо университетинин окутуучусу Руслан Жалил:

- Бул жерде мамлекет динди көзөмөлгө алышы керек деген принциптин айланасында талкуу болуп жатат. Эгерде светтик өлкө болсок, эмнеге анда мамлекет диний билим берүүгө аралашат? Кийлигишүүнүн кандай себеби бар?

Макул, коомдо диний билим берүүгө талап бар экен, бирок мамлекет эмнеге мындай талаптарга жооп бериши керек, светтик болуп жатса? А мүмкүн базар экономикасындай талап болгон жерде сунуш да болот деп өз жайына койсо болбойбу?

Антпесе, менин оюмча мурункудай пландык совет системасына окшош болуп калат анда.

Муну окугула, бул китепти окугула, тигини окубагыла дейт да. Бул болсо, экстремизге алып барат.

Медреселер классикалык жана гибриддик болот. Мисалы, коңшу Казакстанды карасак, ал жерде Ислам университети бар, бирок мамлекет светтик болгонуна байланыштуу дагы эле лицензия ала элек. Ошону менен бирге классикалык типтеги “Нур мубарак” университети бар. Ал мамлекет тарабынан колдоого алынган жана Египеттен жардам болгон.

Бирок биз светтик мамлекет болгондуктан, мамлекет медреселердин бир гана материалдык базасын, абалдарын текшерүү менен чектелсе болбойбу? Чын эле мамлекеттин кийлигишүүсү керекпи? Коомдо диний билим алууга талап бар. Пландык экономика режими жакшы натыйжа бербегенин бааарыбыз билебиз. Медреселер светтик билим берүүнү өз каалоосу менен киргизип жатат, артта калбоо үчүн, бирок жалаң диний багытта иш жүргүзүүнү каалаган медреселер бар. Ошон үчүн классикалык жана гибриддик форманы сунуштасак болот.

Журналист Нарын Айып:

- Мен, эң биринчиден, “светтик” деген сөздүн ордуна кыргызча диний эмес, “бейдин” деген сөздү колдонууну сунуштайт элем. Светтик дегендин ордуна бейдин десек туура болобу деп ойлоп жатам. Себеби, светтик десек, орусчадан келген “свет” жарык, демек мындай айтуу менен биз булар жарык жакта, ал эми анда диний окуу жайлары автоматтык түрдө караңгы дегендей болуп калып жатпайбы.

Маселеге келсек, мамлекеттик окуу программасында бардык сабактар окутулуп, бирок ошону менен бирге динге басым жасалган мектептер болсо. Ошондо эч кандай тирешүү болбойт эле. Тирешүүнүн баары – диний билим берүүдөгү адамдар заманбап билим берүүдөн, математика жана башка светтик сабактардан баш тартышып, светтик билим берүү мекемелери болсо диний билим бербегендиктен болуп жатпайбы.

"Булан" институтунун координатору Чолпон Орозобекова:

- Мен Муфтиятка медреселердин окутуу программасын гезиттерге жарыялоону сунуштайт элем. Ошону менен көп суроолор токтойт эле. Бул иштерди чогуу улантышыбыз керек. Биз, "Булан" институту, мындан ары да диалог үчүн платформа түзүү, орчундуу маселелерди изилдөөнү улантабыз, сиздерди кызматташууга чакырабыз.

Теолог Улан Усупов:

- Биз мектеп менен медресени бири-бирине каршы койбой, душман кылбай, достоштуруубуз керек. Экөө бири-бирин толукташы керек. Качан акыл менен жүрөк биргелешкенде ийгилик болот. Мектептен медресенин саны көбөйүп кетти деп айтуу болбойт. Мен ойлойм медреселердин каржысын муфтият чечип берсе, муфтият медреселерди өзү каржылабаганы үчүн сөз ээси боло албай жатат.

КРнын Билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкулов:

- Биз диний окуу жайларга светтик билим берүүнү, сабактарды киргизүүнү сунуш кылган элек, ишке ашпай жатат. Христиандык окуу жайлары толугу менен мамлекеттик окуу программасы менен окутат, кошумча диний сабактар берилет. Мамлекет муфтиятты колдошу керек, муфтият болсо – бүтүн диний билим берүүнү көзөмөлдөшү керек.

И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин теология кафедрасынын башчысы Эрмек Бектуров:

- Биз билим берүү стандарттарында жалпы сабактардын 60 пайызы светтик предметтер, 40 пайызы диний сабактар деп эле койсок болот. Ошондо билим берүү мекемелери өздөрү чечип алат, ошол стандарттын ичинде.

“Кут билим” билим-тарбия комплексинин директору Таалай Бекмурзаев:

Биздин “Кут билим” окуу жайы лицей/гимназиянын лицензиясын алганбыз, мамлекеттик окуу программасындагы сабактар менен бирге баланын тандоосуна жараша диний сабактар да окутулат.

и- Диний билим берүү тармагында көйгөй чындыгында көп экен. Сиздердин пикириңиздер эл өкүлдөрү үчүн маанилүү, буюрса мыйзамды кароо учурунда сиздерди чогултуп, талкуулайлы. Айтылгандай, адам укугу менен коопсуздук арасында балансты таап кетүүгө аракет кылышыбыз керек. Азыркы иштеп жаткан мыйзамды улантып кетебизби же жаңы мыйзам иштеп чыгабызбы, анализ кылыш керек.

“Сереп” изилдөө институнун жетекчиси Искендер Ормон уулу:

- Башка диндердин өкүлдөрү бул диний билим берүү маселесин чечип жатканын билебиз. Сунуш:

1. Адистердин тобун түзсөк - бул маселени чечүүгө жапа тырмак киришсек.

2. Жол картасын түзсөк – мыйзам, кадрлар маселеси, окуу программалары, модель/үлгү медреселер – ушунун үстүнөн иштелсе. Биз кыргыз жарандары өзүбүз аракет кылып чечпесек, сырттан бирөө келип чечип бербейт.

3. Депутаттарга мыйзам боюнча сунуштарды айталы. Бул адистер тобу- катышууга ачык, көпчүлүктүн катышуусу менен болуп, консенсус менен баары бир бүтүмгө келип, тийешелүү жерлерге өз сунуш-пикирлерин айтып чечим чыгарса деген сунуш.

“Сереп” изилдөө институнун жетекчиси Искендер Ормон уулу:

- Диний билим берүүнү медреселерге эле байлаган туура эмес, маселени кененирээк караш керек. Өлкөдө христиандардын ар кандай мектептери лицензия алып иштеп жатат, мисалы Международный библейский университет, академия, чиркөөлөрдүн алдында воскресная школа дегендер бар. Булардын тажрыйбасына кайрылып, бул мектептердин моделин алып, алардын методдорун карап медреселердин системасына керектүүсүн алса болот.

Ошондой эле, Европадагы Франция, Англиянын тажрыйбасын изилдеп, керектүү сунуштарды Жогорку Кеңешке жөнөтсө болот

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлумүнүн эксперти Адранов Орозали (Муфтият):

- Азыр көйгөйлөр бар, бирок мурда мындан да чоң көйгөйлөр болгон. Аларды чечейин десең же каражат жетишсиз, же кадр жок. Ошол кезде Кимсанбай ажы колун түшүрүп койгон жок, Кыргызстадагы бардык илимдүүлөрдү топтоп, медресе ачты. Ал медресе кийин институт, эми Ислам университети болду. “Көч бара бара түзөлөт” - дейт кыргызда.

Азыр балдарын медреседе, ошону менен бирге светтик мектепте да окуткандар бар. Балага оор болбойбу деген суроо туулушу мүмкүн. Мен мындай жооп берет элем, “Менин өзүмдүн балам светтик мектепте окуп, сабагы бүткөндө медреседе окуп жүрдү. Кыйналат го десек, тескерисинче алдыңкы окуучулардан болду. Айтайын дегеним, экөөнү тең, светтик да, диний да окууну ала кете алчу балдарга шарт түзүп берсе болчудай. Негизи, баланын жаш кезде эске тутуу жөндөмдүүлүгү күчтүү болот. Ошондуктан Курани Каримди жаттоо жеңил болот.