Коом

"Лайк" менен "шэйрлер" жана жумуштан айдалган эрлер

11 мая 2017 г. 15:50 306

«Интернеттеги коомдук тармактар сиздин чын дилиңизден чыккан ойлоруңузду айтайын деген каалооңузду бара-бара жок кылуусу мүмкүн»- дейт изилдөөчүлөр

Ребекка Альварес Facebook тармагындагы өзүнүн баракчасында элди күлдүрөм деген ниетте үй-бүлөлүк фотосун жайгаштырып жаткан кезде акыр аягы эмне менен бүтөрүн элестете да алган эмес.

Лондондо медиа маркетинг боюнча консультант болуп иштеген Ребекка үч баланын энеси. Ал коомдук тармактарды дайыма колдонууга деле убактысы жок. Ошондуктан кичүү баласынын жылаңач көтөнү көрүнгөн сүрөтүн Facebookка коюп жатканда мынчалык ызы-чууну күткөн эмес. «Ал эч кандай зыяны жок, күлкүнү келтирген фото болчу. Адатта адамдарга мындай сүрөт жагат», - дейт жаш эне.

Ата-эне нааразычылыгыбы?

Бирок бир нече лайк жана кубаттаган комментарийлерден кийин бирөө: «Күлкүлүү экен, бирок бул файлды алып салсаң жакшыраак болот. Дүйнөдө толгон-токой бузукулар бар», - деп жазган. Андан кийин Ребеккага биринен-бири өткөн негатив ойлор жазылып, жаай баштады. Аны көчөдөн токтотуп, посттун алып салууну суранган тааныштары болду. Facebookтагы личкасы «буга окшогон сүрөттөр достор арасында бөлүшүлсө да баары бир кооптуу» деген эскертүүлөргө толуп кетти. «Менин туура эмес бир нерсе кылгандыгымды сезүүгө мажбурлашты. Мени туш-тараптан, «жаман энесиң» - деп күнөөлөштү. Кээ бир комментарийлер достордон келсе да коомдун алдында ашкерелеген айыптоого окшоп турду», - дейт Ребекка. Бул окуя аны кылдаттыкка үйрөттү. «Албетте мен коомдук тармактарды колдонууну токтоткон жокмун, бирок бул сабакты аябай жакшы эстеп калдым», - дейт бул күмөн жараткан сүрөт кесиптештери менен жетекчилигине жетпегенине сүйүнгөн үч баланын энеси.

Acuity Legal компаниясынын юристи Клэр Ноулздун кардары болсо мындан оор абалда калган. Анын Facebookтагы жеке баракчасындагы посттору бул айымдын карьерасын ойрон кылып сала жаздаган. Клэр айым: «Ал интернеттеги коомдук тармактарда өзүнүн жетекчисин иштин көзүн билбейт деп жаза берген. Кардарым аша чаап жетекчисин, «келесоо» - деп да атап жиберген. Акыры анын бул комментарийлери тууралуу иш берген кожоюндарга, андан кийин жетекчисине жетип, бул айым оройлугу үчүн дисциплинардык жоопко тартылган», - дейт.

«Жумуш берген тарап обун таппай кеткен айымга мындай жазмакерлик компаниянын аброюна шек келтириши мүмкүн экенин жакшылап түшүндүрүүгө мажбур болгон», - деп кошумчалайт Ноулз.

Юридикалык себептерден улам аты аталбаган Ноулздун кардары эч кимге наалат кылгысы келген эместигин, болгону бугун чыгарып алганын айткан. Андан сырткары тиешелүү тренингден өтпөгөндүктөн компаниянын интернеттеги коомдук тармактардагы саясаты менен тааныштырылбаганын кошумчалаган. Акыры бул айымга жазуу түрүндө сөгүш берилген. Анын жумушта калуусуна бул компанияда көп жыл иштегендиги жана мындай опурталдуу иши үчүн өкүнгөндүгү гана сактап калган.

«Бөлүш» деген баскычты жөн эле баса бербегиле

Robert Walters эл аралык кадрдык компаниянын мүдүрүнүн орун басары Жеймс Мүррей эгер коомдук тармактагы окурмандарыңыздын арасында чогуу иштеген адамдар бар болсо, жүрүм-турумуңузга кеңседе же корпоративде жүргөн сыяктуу эле көз салууңуз керек деген кеңеш айтат.

Интернетте жазып баштаган кезде өзүңдү шумдуктуудай эркин сезип ашыкча бир нерселерди жасап жиберген соң соолугуу сезими келет. Бара-бара интернеттеги коомдук тармактар адамдын жеке оюн айта албаганчалык оозун жаап салабы деген суроо келет. Pew Research борборунун жакында жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, колдонуучулардын көбү виртуалдык аймакка кирген соң кандайдыр бир сенейүүгө кабылып, өз оюн эркин айтуудан коркуп башташат экен.

WhatsApp сыяктуу досторуң менен топ түзүп алып, анын ичинде эркин жазышкан же Snapchat сымал дароо аброюң эмес, жазышууларың жок кылынган тиркемелердин барган сайын популярдуу болуп баратканы мындай тынчсызданууну жакшы түшүндүрөт. Эгер жакшы ойлонбой туруп, бир нерсе менен бөлүшкөндө жумуштан сырткаркы маалда да ыңгайсыз абалда калышыңыз мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз.

Өткөн жылдын июль айында The Telegraph гезити Британ кеңешинин кызматкери Анжела Гиббинс принц Жоржду баркына албагандыгын билгизген постту жарыялагандыгы үчүн сөгүш алганын билдирген. Мындан сырткары ошол эле макалада британдык Дерби шаарында жашаган шеф-повар Алекс Ламберт тууралуу да жазылган. Ал Instargram коомдук тармагынан вегетариандар буюртма берген тамактарга билгизбей майда эттерди салып койгону менен мактанган. Кожоюндары аны дароо жумуштан айдашкан.

«Кызматкерлери билдирүүлөрүн фирмасынын расмий баракчасында эмес, жеке аккаунттарында жарыялаган убакта да интернет желесиндеги жүрүм-турумдары компаниянын аброюна таасир берет», - деп белгилейт Лондондогу Silvester & Finch компаниясынын санариптик стратегияны окутуу бөлүмүнүн жетекчиси Крис Ли. Себеби иштегендер өздөрү байкабастан конфиденциалдуу маалыматты ачып салуусу мүмкүн. Андан сырткары алардын сүйлөгөн сөздөрү фирманын аброюна кесепетин тийгизүүсү мүмкүн.

2015-жылы британдык Game Retail компаниясы жумушка тиешелүү эмес болсо да башкалардын аброюна шек келтирген твиттери үчүн кызматкерин жумуштан айдаган. Бул жумушчу, «жумуштан адилетсиз кетирилдим» - деп биринчи соттук ишин утуп алганына карабастан компания кайра аппеляцияга берип, кийинки сот фирманын талабын туура көргөндүгү тууралуу чечим чыгарып берген.

Кызматкерди тандоо куралы

Сиздин Facebook, Instagram же Twitter тармагындагы билдирүүлөрүңүз эңсеп жүргөн жумуштан куру кол калтырышы мүмкүнбү? Чындап келгенде бул турган иш. Көп компаниялар муну моюндагысы келбегени менен интернеттеги коомдук тармактар талапкерлерди тандоонун баш тарткыс бөлүгүнө айланганына көп болду.

HR-адиси (кадр тандоо жана алар менен иштөөгө жооптуу адам) Роберт Уолтерстин изилдөөлөрү боюнча жумуш берген тараптын өкүлдөрүнүн 63%ы талапкерлердин LinkedIn сыяктуу кесипкөйлөр баарлашкан коомдук тармактагы баракчаларын карап чыгышкан. Кожоюндардын жарымы болсо башка коомдук тармактардагы да аккаунттарына баш бакканга даяр экени билинген.

«Эгер адам ойлонбостон жактырып, бөлүшүп кете берсе, ар убакта ыңгайсыз абалда калуусу мүмкүн» деген ойдо АКШнын Техас шататынын Даллас шаарында лидерлик боюнча консультант болуп иштеген Стив Нгуйен. Көп учурда ойлонууга убакыт да жок. «Биз таасир берүү каалоосуна азгырылып, кызыктуу же чочуткан бир нерсенин «бөлүш» деген баскычын басканда, анын кесепети тууралуу ойлонбойбуз», - дейт адис.

Бирок бул кооптуу жагдайларды эске албастан биз эмне себептен коомдук тармакта опурталдуу аракеттерибизди улантып келебиз? «Таасир берчү желелер» китебинин автору жана веб-психолог Натали Нахай мунун себеби баарлашуу түз эмес монитор аркылуу болуп жатканынан деген ойдо. Алыстык жана таанылбай калуу сезими жоопко тартылбай калам деген ойго түртөт. Ошондуктан биз каалагандай комментарий берип, каалаган нерсебизди жүктөй берсе болот деп жаңылабыз. Ушундан улам биз адаттагы жашоодо өзүбүзгө жол бербеген нерсени интернетте кылып жиберебиз.

Өзүн жарнамалоо жана көзөмөл

Интернетте көбүнчөсүн эң чыгармачыл адам эмес, өзүн уялбастан катуу жарнамалагандар көңүл бурдурат. Өзүн жарнамалоо биздин ички дүйнөбүздү учкай гана чагылдырат. Анткени биз каалаган имиджибизди бекемдеген гана билдирүүлөрдү чыгарабыз жана оң образыбызга каршы келген нерселерди айтпайбыз.

Бирок жалпысынан алганда коомдук тармактарды колдонуу акыркы он жылдыкта зыянга караганда көп пайда берди. «Коомдук тармактар биздин мамилебизди начарлатканы же алыстатканы, ошондой эле чыныгы турмуштук акыбалды адаттан башкача кабыл алдырганы тууралуу далилдер жок», - дейт Калифорниядагы Медиа-психология боюнча илимий изилдөө борборунун мүдүрү Памела Рутлеж.

Эң негизгиси тең салмактуулукту сактап калуу зарыл. Ал үчүн кандай аракеттер максатка жетүүгө жардам бергенин, кандай иштер андан алыстатканын түшүнүү зарыл

Саадия Хешми-Элсби, BBC Capital