Дүйнө

«Түрк үлгүсүндөгү президенттик» ишке ашты

11 мая 2017 г. 15:45

Серепчилер түрк үлгүсүндөгү президенттикти ирандык башкаруудан бир аз төмөн, түндүк кореялыктар бир аз жогорураак орунда деп белгилеп жатышат. Мындай режим – атаандаштарын концлагерге жүз миңдеп солобосо да, он миңдеп абакка тыгуу дегендик

Кыргыз Фейсбугунда саясат таанымыш болгон кээ бир мусулмандар Түркиядагы акыркы референдумдун натыйжасынан улам Таййип Эрдоганга, «кут болсун халифалык» - деп жиберишти. Өз мээси менен жашагандан эринген мындай адамдар халифалыкты уктап тура калып эле элин койдой айдаган жетекчилик деп ойлошот. Чыныгы халифалык болсо жоготууга учурарын бөркүндөй билип турса да, чечимди көпчүлүктүн оюна жараша кабыл алып, кеңештин баркын билгизүү, «эгер түз жолдон чыксаң, сени ийри кылыч менен түздөп коёбуз» - деген карапайым адамды алкоо, «сен бизге караганда бир нерсени көбүрөөк билсең айт» - деген аялзатына «оо халиф, сен бул маселеде бул аялдан да наадансың» - деп айткан сөзүнөн кайтуу экенин билишпейт...

Эми цифраларга келели. 16-апрелде өткөн конституциялык референдумга түрк шайлоочуларынын 85,32 пайызы келди. Сан менен алганда 49 798 920 адам бюллетень салган. Алардын 25 156 860ы (51,41 %) өзгөрүүгө «макул» десе, 23 777 014 (48,59 %) жараны «жок» деген.

20-апрелде ОБСЕнин Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун директору Михаэль Георг Линк аталган референдумдун добуштары кайра саналсын деген оюн айтты.

Тири шумдук түрк референдумунун өзгөчөлүгү

Бир караганда «Ой эмне болуп кетти! Тиги Англиянын Евробиримдиктен чыгуу референдуму деле элди тең ортосунан бөлсө деле эч ким эчтеке дебей эле кала бербедиби» - десе туура келчүдөй көрүнөт. Бирок түрк референдуму көп тарабынан шек жаратты.

Ооба айырма 1,3 миллион болгону менен 1 миллионго жакын ой жараксыз деп табылган. Ошол эле учурда жергиликтүү шайлоо участокторунун мөөрү басылбаган 2,5 млн. добуш кабыл алынган. Мисалы 250 шайлоочу гана келген бир сандыктан 400 бюллетень чыккан. Мындай шайлоочусунан бюллетени көп сандыктын саны 7 миңди чапчыган. Мөөрү жоктордун дээрлик бардыгы эмнегедир «макул» деген бюллетендер дейт байкоочулар. Жогорку шайлоо мекемеси (ЖШМ) өзүнүн колдонмосунда мындай мөөр басылбаган бюллетендер «жараксыз деп табылат» деп жазылган. Буга чейинки парламменттик шайлоодо, «мөөрсүз бюллетендер салынды» деген арыз менен Таййип Эрдогандын «Адилет жана өнүгүү» партиясы кайрылган участокторунун натыйжасы жокко чыгарылып, кайра шайлоо болгон. Ушул эле референдумда чет өлкөдөгү сандыктардагы мөөрсүз бюллетендер жараксыз деп табылган. Референдумда «жок» деген ойго үгүт кылгандар «ЖШМнын мүчөлөрү, башчысы, басылбаган мөөр ошол эле, бирок чечим эмнегедир башка» - деп чыгышты. Түрк ЖШМсынын башчысы Сади Гүвен бул нааразычылыктарга, «ушундай кылыш керек болуп калды» - дегенден жакшыраак аргумент таба алган жок.

Түрк президенти Эрдоган жана анын Конституциясы

2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри болуп, 2014-жылдан бери президенттик макамды ээлеген Режжеп Таййип Эрдоган 2005-жылдан бери «жумурбашкан» эмес «башкан» болоюн деп баштаган. Өткөн жекшембидеги референдумдан соң 2019-жылы ишке кирчү жаңы Конституция боюнча ага өлкөсүн 2029-жылга чейин башкарганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Түркиянын «жок» деген жарандарын жана дүйнөнүн демократиялык коомчулугун чочуткан түрк үлгүсүндөгү президенттиктин негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр: Премьер-министр макамы жоюлат жана президент мамлекетти да, өкмөттү да башкарат. Буга таң калбай деле койсо болот. Мисалы Франция менен Америка Кошмо Штаттарында деле ушундай «суперпрезиденттик» деп атаккан башкаруу системасы иштегени элге маалым. Бирок АКШнын конгрессмендери өкмөт мүчөлөрүн каалаган убагында чакырып алып, тергөөчүдөй туш тарабынан суроо берип, кара терге түшүрсө, түрктөрдүн жаңы Конституциясы буга жол бербейт. Түрк Парламенти мындан кийин министрлерди суракка алганга, Өкмөттү жоопкерчиликке тартканга укугу жок. Керек болсо министлер Парламентте оозеки жооп берүүгө милдеттүү эмес.

Президент каалаган убагында, каалаган маселе боюнча референдум өткөрө алат. Ал өзү жетектеген саясий партиянын катарында кала берүүгө укуктуу.

Соттор менен прокурорлорду жумушка коюп жана алган, аларды бир макамдан экинчисине которгон Сот жана прокурорлордун кеңешинин (СПК) мүчөлөрү менен төрагасын буга чейин соттор менен прокурорлор өздөрү шайлап келсе, жаңы Конституция боюнча ага Юстиция министри төрагалык кылат. СПКнын мүчөлөрү буга чейин 23 болсо, мындан кийин 13кө төмөндөп, алардын алтоону президент дайындайт. Калган жетөөнү Парламент шайлайт. Ошентип сот бийлиги толугу менен саясатчылардын колуна өттү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбү Таййип Эрдогандын санаалаштарынын колунда, башкалардыкы болсо да бийликтеги топтун каалаган нерсесин гана чыгарышат. Ошентип «төртүнчү бийлик» деп айтылып келген масс-медиа да өз алдынчалыгынан ажыраган. Интернеттеги коомдук тармактарда жазган ою, койгон же бөлүшкөн сүрөт же видеосу үчүн сотко тартылып, камалып кеткендер чекеден чыгат.

Кыскасы 2013-жылдын декабрында төрт министри арам кекиртектикке шектелип, макамдарынан кол жууганга мажбур болгондон кийин Таййип Эрдоган өзү кошо аралашты делген паракорлук ишин жабуу үчүн өлкөнүн эки тизгин бир чылбырын колго алган. 2015-жылы августта ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин саясий атаандаштарын абакка сологон, же кууп чыккан, же коркутуп чөгөлөткөн. Төрт жылдан бери Түркияны ансыз деле Таайип Эрдоган жеке башкарып келген, акыркы рефрендум бул абалды болгону мыйзамдаштырып гана койду дейт серепчилердин басымдуу көбү.

Кесепетиби же шарапатыбы?

Аскердик төңкөрүш аракетинен кийин саясатчы, журналист, полис, сот, прокурор, мугалим, илимий кызматкерлерден турган 50 миңдей адам абакка солонгон. Алардын болгон күнөөсү – бийлик каалагандай иштебегени. 500 миңдей адам жумушунан куулуп өлкөдөн чыгып кеткен же өз өлкөсүндө кара курсагын тойгуза албай калган. Мындай калың эксперттик жана кесипкөй топторунан кол жууган өлкөнүн бардык тармактары чөгүп бара жатканы акыркы убакта даана байкала баштады. Бийлик мурунку күчтүү өнөктөштөрүнөн кол жууп, диний жана улутчул радикалдарга көз каранды болуп калды. Аларга жагыныш үчүн сүйлөгөн ар бир сөзү күн өткөн сайын жиктешүүнү тереңдетип, Түркияны жарандык кагылышуулардан башы чыкпаган Ирак жана Сирияга окшотуп баратат. Акыркы референдум да бул жаракаларды кеңейтти. Себеби Таййип Эрдогандын султандык амбицияларынын көбүнчөсүн кат-сабаты төмөн жана телевизордогу пропагандага ишенген майда шаарлар менен айылдын тургундары колдогон. Ири шаарлардын басымдуу көпчүлүгү референдумда, «жок» - дешкен. Коомдук сурамжылоолордун натыйжаларын окуган Эрдогандын министрлеринин биринин, «адамдар канчалык жогорку билимдүү болгон сайын, бизди колдогондор азаят экен» - деп айтканы бул жагдайды тастыктайт.

Бир да демократиялык өлкөнүн лидери Таййип Эрдоганды түрк референдумунун натыйжасы менен куттуктаган жок. АКШнын президенти Дональд Трамп гана телефон чалып «бирдиктүү кызыкчылыктар» тууралуу сөз кылды.

2011-жылдан кийин «көз тийип» артка кеткенге чейин Түркия мусулмандар жашаган демократиялык мамлекеттин «модель үкөсү» катары каралып келген. Эми болсо бизнесмен президент Дональд Тармптын алдында Түркия АКШнын кызыкчылыктары үчүн ишке жарап турган кезинде демократиясы тууралуу бийлигинин башын эч ким оорутпаган, батыштан толугу менен үзүлүп кетүүгө да, ошол эле убакта Евробиримдикке киргенге да уруксат берилбеген Орто Чыгыштын араб королдору башкарган үчүнчү сорттогу мамлекеттердин катарына биротоло кошулду.

«Саресеп» гезитинин аналитикалык тобу