Материалы на русском

Театр жана кино актёрлору волейбол боюнча күч сынашты

11 мая 2017 г. 15:40 383

23-апрель күнү Бишкектеги С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын спорттук залында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиевдин жаркын элесине арналган театр жана кино актёрлорунун арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры уюштурган спорттук иш-чарага Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынын, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун, А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры, А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры, М. Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры, «Учур» жаштар театрынын артисттери – оюнчулары катышты.

Б. Алиевдин жубайы КРнын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтуу менен, спорттук оюндун катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Жаш көрүүчүлөр театрынын директору Эгемберди Чалабаев, Б. Алиевдин жаркын элесине арналган турнирди жыл сайын өткөрүп туруу пландары бар экенин белгиледи. «Б. Алиев өзү волейболду жакшы ойночу. 60ка чыгып калса да ойноп жүрдү. Биз муну менен эле чектелип калбай, келечекте республикалык масштабда турнир өткөрүүнү каалайбыз. Экинчи жагынан артисттерди да физикалык жактан, ден соолугунан жакшы болсун деген ниетте, ошондой эле биримдикке, ынтымакка чакыруу максатын койдук. Албетте спорттун башка түрлөрүнөн да мелдештерди уюштурууну ойлоп жатабыз», - деди ал.

«Биздин мекемелер арасында ушундай иш-чаралар улана берсин деп айтат элем. Бүгүн волейбол болуп жатса, 29-30-апрелде Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин демилгеси менен футбол боюнча мелдештер өткөрүлгөнү жатат. Баарыңыздарга маалым болгондой, быйыл университет 50 жылдыгын белгилейт. Ошол 50 жылдыктын алкагында иш-чаралар өткөрүлүүдө. 11-майда консерваториянын залында марафон өтөт», - деп кошумчалады

Б. Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Калыбек Түлөбердиев.

Мелдештин соңунда Кубоктун ээси Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ болду. 2-орунду «Учур» жаштар театры камсыздады, ал эми 3-орун М. Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын курама командасына буюрду. Андан тышкары оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 20 миң сомду түзүп, анын 10 миңин Б. Алиевдин үй-бүлөсү бөлсө, 10 миң сом Жаш көрүүчүлөр театрынын администрациясынан болду.

КР Эл артисти Бакирдин Алиев 1955-жылы Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн.1955-62-жылдар аралыгында Жалал-Абад театрында, 1962-жылдан тарта М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрында, 1994-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. 2014-жылы 81 жашында көз жумган. Б. Алиев Токтогулдун

(Б. Жакиев «Миң кыял»), Тейитбектин (К. Жантөшев «Курманбек»), Хлестаковдун (Н. Гоголь «Тешерүүчү»), Яго, Форд (У. Шекспир «Отелло», «Виндзордук ойсокелер»), Акылбек (Б. Жакиев «Атанын тагдыры»), Барпынын (М. Борбугулов «Барпы») ролдору менен белгилүү. Ошондой эле, «Махабат жаңырыгы», «Уркуя», «Айсулуунун талаасы», «Мен Тянь-Шань», «Эски тегирмен», «Ээн калган өрөөн» фильмдеринде жана бир катар сериалдарга тартылган. Көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Калиман Наматказиева