Адабият/Тарых

Кардарлардын көптүгү – ишкананын ийгилиги

11 мая 2017 г. 15:35 415

Кыргызстандык ишкерлер түптөгөн компаниялар жылдан-жылга көбөйүп, ийгилик жаратып келе жатышат. Ошолордун арасында өз ордун таап, ийгиликтүү иштеп келе жаткан “Кыргыз Мунай” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын мүдүрү Ашымов Майрамбек Абдыраимович ишкана тууралуу айтып берди

- Майрамбек Абдырайымович, “Кыргыз Мунай” жоопкерчилиги чектелген ишкананын башкы мүдүрү катары “Кыргыз Мунай” компаниясы жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.

- “Кыргыз Мунай” компаниясы 2009-жылы 12-январда түзүлгөн. Муну түзгөнүбүздүн негизги максаты мекенибизде мунай зат менен элди камсыздоо болгон. Негизи эле бир ишти баштаганда рынокко кирүү абдан оор. Кыйынчылыгына туруштук берип, аракет кылсаң гана өз ордуңду табасың. Биздин учурдагы жетишкендигибиз – кардарларыбыздын бардыгында. Демек, рыноктогу ордубузду таба алдык деп ойлойм. Учурда Кыргызстан ичинде “Кыргыз Мунайдын” 60 түйүнү иштеп жатат. Жалаң эле ийгилик үстүндөбүз деп айта албайм. 8 жыл ичинде доллардын түшүп, көтөрүлүшү менен канчалаган кризиске кабылдык. Ага карабай алга умтулуп, жеткен ийгиликтерибиз албетте биздин өнөктөштөрдүн, жамааттын эмгеги менен дейт элем.

- Мунай затты кайсы жерден алып келесиздер?

- Орусиядагы “Салават”, “Роснефть”, Газпром” мунай зат иштеп чыгаруучу заводдордон алабыз.

- Атаандаштарыңыздардан кандай артыкчылыгыңыздар бар?

- Эң биринчиден арзан баада сатсак, экинчиден сапаттуу мунай зат менен элди камсыз кылуудабыз. Мына ушулардын негизинде кардарларыбызды көбөйтүп келе жатабыз.

- Стратегиялык планыңыздарда бензин сактоочу ишкана курабыз деген бар экен. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

- Кызыл-Кыяга мунай затты кайра иштетүүчү завод курабыз деген пландарыбыз бар. Инвесторлорду издеп жатабыз. Буюрса ишке ашат деген ниеттебиз.

- Бажы биримдигине киргенибиз менен Казакстан жана Кыргызстанда мунайдын баасында өтө айырмачылык бар. Мунун себеби эмнеде?

- Албетте айырмачылыктар болбой койбойт. Мисалы, ТЖ тариф бизде 1 килограммга 2,58 сомду түзөт. Андан тышкары акциз, НДС дегендер бар. Ушул сыяктуу факторлор мамлекеттин казынасынын камын көрөт.

Маектешкен:

Аманбай Абдижалил уулу