Саясат

Белоруссия менен Армения МЖӨ боюнча Кыргызстандан озду

11 мая 2017 г. 15:30 407

BizExpert компаниясынын аналитиги Гульнур Чекирова ЕврАзЭСке кирген мамлекеттерде мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) системалары кантип иштеп жатканын салыштырып көргөн

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) — коомго керектүү маселелерди эки тарапка тең пайдалуу болгондой чечүү үчүн мамлекет менен бизнестин орто жана узун мөөнөттүк кызматташуусу. Мындай кызматташуу боюнча оң жана кеңири тажрыйбаны Орусия менен Казакстан топтой алган.

Кыргызстан эң биринчи мыйзам кабыл алганы менен мамлекеттик жеке өнөктөштүк секторунда бир да долбоорду иштете алган эмес. Бул арада ЕврАзЭС деңгээлинде да МЖӨ системасы кеңири иштетилгени турат. Аты аталган мамлекеттер аралык уюмда МЖӨ базарына кирем дегендер үчүн атайын колдонмо ишке кирди.

МЖӨнүн мыйзамдык базасы

Орусияда МЖӨнүн эки түрү бар. Мамлекеттик-жеке кызматташуунун өзү жана концессиялык келишим түзүп иштөө. Концессия боюнча инвестор өз каражатына өкмөттүн жардамы жана көзөмөлү алдында мамлекетке тиешелүү бир нерсени салып же оңдоп иштетет жана бардык кирешесин өзүнө алат, жумуш орундарын түзөт жана салык төлөйт. Орустар концессиялык келишим менен 2006-жылдан бери иштеп келет. МЖӨ жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Орусияда МЖӨ мамлекеттик-жеке, регионалдык-жеке жана муниципалдык-жеке болуп үч деңгээлде иштейт. Мисалы Иркутск облусу регионалдык деңгээлде МЖӨнү өнүктүрүү концепциясы менен МЖӨнү өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыккан.

Казакстанда да МЖӨ 2006-жылы концессия жөнүндө мыйзам кабыл алуу менен башталып, 2015-жылы МЖӨ жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул жерде МЖӨ мамлекеттик жана жергиликтүү болуп, эки деңгээлде иштейт. МЖӨ атайын түзүлгөн «2011-2015-жылдары Казак Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын» негизинде өнүккөн. Мындан сырткары билим берүү, жол салуу, саламаттыкты сактоо программаларында да МЖӨнүн механизмдери киргизилген.

Кыргызстанда МЖӨ жөнүндө мыйзам 2009-жылы эле кабыл алынып, 2012-жылы жаңыланган. Концессия жана концессиялык ишканалар жөнүндө мыйзам 1992-жылы эле пайда болгон. Ал 2013-жылы акыркы жолу оңдолгон. Өлкөбүздө МЖӨнүн жалпы мамлекеттик гана деңгээли каралган. Экономика министри Арзыбек Кожошев жакында айткандай МЖӨ Кыргызстанда эми гана ишке киргени турат.

Армения МЖӨ жөнүндө атайын мыйзам кабыл алган эмес. Ошондуктан мамлекеттик-жеке алакалар инвестицияга, сатып алууга жана экономиканын башка тармактарына тиешелүү укук-ченемдик актылар менен тескелип келет. Бул мамлекетте да жалпы деңгээлдеги МЖӨлөр гана каралган. Белоруссияда да бир деңгээл. Бул мамлекет МЖӨ жөнүндө мыйзамды 2015-жылы кабыл алган. Концессия мыйзамы андан бир жыл мурун ишке кирген.

МЖӨнүн иштешине кимдер жооп берет?

Кыргызстанда МЖӨнү ишке ашырып, өнүктүрүү үчүн Экономика жана Каржы министрликтеринин МЖӨ боюнча бөлүмү жооп берет.

Арменияда МЖӨгө тармактык мамлекеттик мекемелер жооп берет. Аларды Экономика министрлигинин Мамлекеттик инвестициялардын программасын башкаруу бөлүмү тескейт.

Казакстанда улуттук деңгээлде МЖӨнү Улуттук Экономика министрлиги менен Каржы министрлиги ишке ашырат. Жергиликтүү деңгээлде болсо МЖӨнүн регионалдык борбоорлору жана жергиликтүү аткаруу органдары жооптуу. Мындан сырткары «МЖӨнүн казакстандык борбору» акционердик коому бар. Ал МЖӨлөрдүн долборлоруна экономикалык баа берип, экспертиза кылат. Бул коом Казакстан өкмөтүнө көз карандысыз кеңешчиси катары да кызмат кылат. Жогорудагы мекемелерге кошумча 2014-жылы Астанада «МЖӨ долбоорлорун коштоо борбору» жоопкерчилиги чектелген ишкана түзүлгөн. Бул борбордун максаты – тогуз жолдун тоомунда кеңири аймакты ээлеген Казакстандын жол жана башка инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун колдоо деп аныкталган.

Белоруссияда 2016-жылы Инвестиция жана менчиктештирүү улуттук агенттиги мамлекеттик-менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жооптуу мекеме деп аныкталган. Мындан сырткары Ведомстволор аралык инфраструктуралык тескөө кеңеши МЖӨ принциптерине жараша инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрмөк болду.

Орусияда Экономикалык өнүгүү министрлиги алдындагы МЖӨ тармагын өнүктүрүүгө координациялык кеңеш менен «Мамлекеттик-менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү борбору» илимий ишканасы жооптуу.

Натыйжасы кандай?

ЕврАзЭС мамлекеттеринин МЖӨ багытындагы бардык долбоорлорунун ишке ашкан, жакында ишке ашуусу күтүлгөн, келечекте каралган деп үчкө бөлсө болот. Кыргызстанда МЖӨнүн 13 долбоору боюнча техника-экономикалык негиздеме иштелип чыгып сунушталган, бирок алардын бири да ишке ашкан эмес. Алардын эң чуулгандуусу – 60-70 млн. АКШ долларлык «Коопсуз шаар» долбоору болгон. Арам кекиртектик схемалардын айынан ал жергиликтүү бюджеттердин моюнуна жүктөлүп, МЖӨ катары ишке ашуудан чыгарылган.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ боюнча долбоор ишке ашмакчы. Ага эл аралык каржы корпорациясынын жардамы менен 1 млрд. доллар чегерилген. 2016-жылдын июнь айында башталган бул долбоорго 2 жылдан 4 жылга чейин убакыт кетмекчи. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча МЖӨнүн 8-9 долбоору бышып жетилүүдө.

Казакстанда 3 ири МЖӨ долбоору ишке ашкан. Аларга Актау шаарынын жүргүнчү терминалын куруу, «Түндүк Казакстан – Актөбө облусу» электр чубалгылары жана «Чарск – Өскемен» темир жолу кирет. Мындан сырткары бир нече майда долбоорлор ишке ашкан. Дагы жүздөн ашык долбоор ишке ашуунун түрдүү баскычына жеткен. Алардын арасынан ирилери: Актөбө шаарындагы муз майданын, теннис академиясын, эки музейди салуу. Бул долбоорлор 16 млн. доллар талап кылат. Алма-Ата облусунда жалпы суммасы 80 млн. доллардан ашык 120га жакын долбоор ишке ашмакчы. Атырау облусу менен Батыш Казакстанда 40ка жакын МЖӨ долбоорлору ишке киргени турат.

Арменияда 1990-жылдан бери МЖӨ үлгүсүндөгү 8 долбоор иштеп баштаган. Алардын жалпы бюджети 2 млн. долларга жакын. Бул долбоордун көбү калкты таза суу менен камсыздоо тармагында ишке кирген.

2016-жылдын аягында берилген маалымат боюнча Орусияда МЖӨ принцибине жараша тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, 900гө жакын долбоор ишке ашкан. Мындан сырткары 1300төн ашык долбоор түрдүү ишке ашуу баскычтарына жеткен. Жогорудагы долбоорлордун жалпы суммасы 11,15 млрд. долларды чапчыйт. Кызыктуусу МЖӨ добоорлорунун көбү (86,7%) жергиликтүү муниципалдык деңгээлге таандык. Регионалдык деңгээлге 11,9%, федералдыкка болсо 1,4% долбоор тиешелүү.

Белоруссияда учурда 7 пилоттук МЖӨ долбоору тандалып алынган. Алар жол салууга, гидро-электр станцияларын курууга, таштандыны кайра иштетүүгө, саламаттыкты сактоо жана бала бакча мекемелерин куруу жана оңдоого тиешелүү. Бул долбоорлорду ишке киргизүүгө 62,3 млрд. доллар кетет. Бирок мамлекеттик бюджет тартыш болгондуктан 30 млрд. доллардан ашык каражат жеке менчик структуралардан күтүлүүдө.

Жыйынтыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу тажрыйбасы Орусия менен Казакстанда мол топтолгон. Армениянын МЖӨгө тикелей тиешелүү мыйзамы жок болсо да бир нече долбоор ишке ашкан. Кыргызстан керектүү мыйзамдарды баарынан мурун кабыл алганы менен бир да долбоор ишке кирген эмес. Белоруссия МЖӨ жөнүндө мыйзамды 2015-жылы гана кабыл алганына карабастан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн жакшы шарттарды түзүп, миллиарддаган долларлык долбоорлорго бел байлап турат.

Гүлнур Чекирова, BizExpert