Коом

Азамат Адилов: Биз сапаттуу мыйзамдардын кабыл алынышына кызыкдарбыз

14 апреля 2017 г. 14:00 437

Өлкөдө өкмөттүк эмес уюмдардын пайда болуу процесси Кыргызстанда 1990-жылдардан тарта донордук уюмдардын ишмердиги канат жайышы менен байланыштуу. Өз кезегинде донордук уюмдардын келиши өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев тарабынан колдоого алынган.

Акаев өзүнүн башкаруусунун алгачкы жылдарында эле жарандык коом уюмдарын түзүү боюнча демилгени расмий колдоп, жыйынтыгында бейөкмөттүк уюмдар активдүү түзүлө баштаган. БӨУлардын көбү эл аралык жана донордук уюмдардан каржыланат. Буга байланыштуу 2015-жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн бейөкмөттүк уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүү тууралуу мыйзам долбоору демилгеленген. Ага ылайык, мындай уюмдар Социалдык фонд менен Салык кызматына отчёт тапшыргандан тышкары өз иши тууралуу Юстиция министрлигине да отчёт берип турушу милдеттендирилмек. Бейөкмөттүк уюм катары таанылган «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Адиловдун айтымында, Кыргызстанда миңдеген коомдук уюмдар, фонддор бар, бирок көбү расмий каттоодон өткөнү менен иштебейт.

- Коалициянын миссиясы эмнеде?

- Кыргызстанда жарандык коомду түзүүнү өркүндөтүү, адам укуктарын коргоо, таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрүүнү көзөмөлдөө, Парламентке мониторинг жүргүзүү. Албетте, биз мамлекеттин ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алуудан алыспыз, бизге көзөмөлдөө боюнча айрым ыйгарым укуктар гана берилген. Ал кандай? Биз коомдук уюм катары байкоо жүргүзөбүз, өзүбүздүн бааны беребиз. Мисалы, шайлоолорго байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында шайлоолор кандай өткөнү жөнүндө отчёт даярдайбыз. Парламенттик баяндамачыбыз бар, ал Парламенттин, комитеттин, фракциялардын жыйындарына катышып, байкоо жүргүзөт.

- Парламенттик байкоо дегениңиз кандай?

- Мисалы, кандай мыйзамдар каралып жатат, ага депутаттардын реакциясы кандай, кайсы суроолор талкууда. Албетте баарына эмес, айрым мыйзамдар боюнча анализ жүргүзүп, анын жүрүшүндө чогултулган маалыматтарды бир отчётко бириктирип, 3 айда бир жолудан дайджест кылып чыгарып элге сунуштайбыз. Биз сапаттуу мыйзамдардын кабыл алынышына кызыкдарбыз. Шайлоо мыйзамдары, жалпысынан мыйзамдар Конституцияга, эл аралык укуктарга каршы келбеши керек. Мыйзамда адам укугун бузууга алып келген нормаларды алып салууну сунуштай алабыз. Мүмкүн эртең ушул мыйзам менен адам укугу бузулат деген шектенүү болсо ал норманы башкага алмаштыруу керектигин айтабыз. Жарандын укугу Конституциянын эң башкы баалуулугу. Адам өзүн чындап эркин, чындап демократиялык өлкөдө жашап жатканын сезиши керек. Бирок тилекке каршы, элдер «демократиялык», «демократиялык өлкө» деген сөздөрдү бир аз туура эмес кабыл алышат. Демократиялык дегендин өзү чынында элдик бийлик. Демократиялык өлкө – бул мыйзамдары бар, элдери ошол мыйзамдарда белгиленген эрежелер менен жашаган, мыйзамдарды бузуу жоопкерчиликке алып келерин түшүнгөн өлкө. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды карап жатып, кайсы бир беренесинде адамдын конституциялык укугуна, адам эркиндиктерине каршы келген нормалар болсо, ал беренени кайра карап чыгуу тууралуу кат жөнөтөбүз. Анткени ушундай норма менен кабыл алынган мыйзамдар бул – адам, коом үчүн чоң коркунуч.

- Айрым адамдарда бейөкмөттүк уюмдар боюнча негативдүү түшүнүктөр калыптанып калган...

- Чет жактан каржыланганыбыз менен, Кыргызстандын гана кызыкчылыгына иштейбиз. Бейөкмөттүк уюмдарды «чет элдик агент» деп атоо туура эмес. Эгерде биз кайсы бир башка тараптын кызыкчылыгын көздөсөк жана кимде ушундай далил болсо өзүбүзгө келип бетке айтышсын, айта алышпайт. Биз аларды угууга даярбыз.

- Учурда элге төбөсү көрүнгөн саясатчыларды камоо, кылмыш ишин козгоо сыяктуу көрүнүштөр боюнча эмне айта аласыз?

- Азыр кармалгандарды дароо эле камай салууга шашылбаш керек болчу деп ойлойм. Бул өтө эле каардуу, ырайымсыз жаза деп эсептейм. Башка ыкмаларды колдонуп, мисалы эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат алып, тергөө иштерин уланта берсе болмок. Жакында президенттик шайлоо болот, анда президент болом деген көп каалоочулар чыгат. Ушунун фонунда, айрымдары саясий күчүн топтоо жагынан алсызданышы үчүн балким ушундай мамиле болуп жаткандыр. Ким президент болсо да, элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Менимче, азыр бийлик кереги жок нерселерге көп көңүл буруп жаткандай.

- Бир катар саясий серепчилер акыркы учурларда митингдердин жыйынтыгы жок болууда дешүүдө. Буга оюңуз кандай?

- Ооба, көтөрүлгөн көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калууда. Мыйзамдар кабыл алынып, Парламент иштеп жатканы менен жашоонун сапаты жакшырган деле жок. Бул экономикалык абалдан көрүнүүдө, ошол эле жумушсуздук, инфляция, долларга карата сомдун түшүүсү ж.б. Фракциялар, партиялар ортосунда эле күрөш жүрүп, элдер четте калдык деп ойлоп жатышат. Азыр 2005- жана 2010-жылдагы митингдерге салыштырмалуу аз же көп, жаман же жакшы деп айта албайм. Бизде тынчтык чогулуштары жөнүндө мыйзам бар. Анда тынчтык митингдерди өткөрүүдө жергиликтүү бийлик, мэрия менен сөзсүз макулдашуу керек деген милдет эмес. Мыйзамда митингди өткөрүү тууралуу билдирме берүү жөнүндө пункт бар, андай билдирменин жоктугу митингди өткөрүүгө тыюу салууга себеп болбойт. Бирок айрым милиция кызматкерлери митингге чыккандарды кармап, камоодо, бул албетте тынчтык чогулушуна катышып жаткан жарандын укуктарын бузуу болуп саналат. Митинг деген адамдар кайсы бир нерсеге өзүнүн нааразычылык пикирин билдирген тынчтык чогулушу. Балким жыйынтык чыгыш үчүн адамдар көбүрөөк каттар менен кайрылып, кабыл алууга жазылып же социалдык тармактарды пайдалануу жолу менен көңүл бурдурушу керектир.

- Эки революциядан кийин жашообуз жакшырды деп айта аласызбы?

- Бийликти сындаш керек болсо конструктивдүү, негизделген өңүттө болушу керек. Мен өлкө жараны, шайлоочу катары биз, биздин Парламент дагы көп нерсенин үстүнөн иштеши керек экенин сезип турам. Тилекке каршы, азырынча биздин жашоо жакшырганы сезилген жок. Буга мисалдар көп, ошол эле жолдор, укук коргоо органдарындагы реформалар бүтпөй келет. Көптөгөн мыйзам бузуулар, сот реформасына толтура нааразычылыктар бар. Элдер сот адилеттигине жете албай жүрүшөт. Бийликтин эрки жок. Көптөгөн коррупциялык көрүнүштөр бар. Башка мамлекеттер, донорлор тарабынан кайтарымсыз гранттар бөлүнөт, алардын сарпталышы шек туудурат. Тендерлерди өткөрүүдөгү коррупция. Биз азыр ушундай коррупциялык көрүнүштөрдү азайтмайын алыс кете албайбыз. Ал үчүн Парламент жана президент өлкөнүн өнүгүү приоритеттерин так аныкташы керектиги абдан маанилүү.


Маектешкен: Калиман Наматказиева