Акча көп

Алмазбек Кабылов: Зергерчилик чыдамкайлык менен сабырдуулукту талап кылат

14 апреля 2017 г. 13:32

Алмазбек өз ишин майын чыгара мыкты жасаган, көздөгөн максатына жете билген жаш зергерлердин алдыңкы сабында. Ал эч качан баштаган ишин орто жолдо таштабайт, сөзсүз аягына чыгарат. Жасап жаткан буюму өзү каалагандай идеалдуу абалга келмейинче бир нече ай, жада калса жылдарды кетирүүгө да даяр.

Алмазбек Кабылов 1980-жылы Баткен облусуна караштуу Таян айылында туулуп-өскөн. Бишкек шаарына 1997-жылы келип, Сүймөнкул Чокморов атындагы кесиптик лицейдин кол өнөрчүлүк боюнча бөлүмүн окуган. Андан кийин зер буюмдарын жасап чыгарган “Айпери” зер салонунда зергер болуп иштеген. Кийинчерээк билимин жогорулатуу үчүн К. И. Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинин каржы жана насыя факультетинин банк иштери боюнча адистигин аяктаган. Учурда зер өндүрүшү боюнча “Алмаз Зер” аттуу чакан ишкананы жетектейт.

- Алмазбек мырза, эки кесиптин ээси экенсиз. Бирок, зергерчилик менен алектенүүнү тандаптырсыз... Же үй-бүлөңүздө түрткү бергендер болдубу?

- Жок, ата-энем, бир туугандарымда мындай өнөр жок. Бир туугандарым милиция кызматында, дарыгерлик кесиптерди аркалашат. Мен зергерчиликке өзүм эле бала кезден кызыгып, алектенип келем. Атамдын айтымында чоң таяталарым зергерчилик менен алектенип, колунан көөрү төгүлгөн усталар болгон экен. Балким ошол тай жактагы туугандардын таасири тийсе керек. Зергерчилик боюнча билим алгандан кийин ЖОЖдордун биринен банк иштери боюнча адистикке ээ болдум. Бирок ал кесип менен иштегим келген жок. Анткени, мени зергерчилик өзүнө тартып туруп алды. Анын үстүнө “моюнунан байлаган иттей” болуп көңүлгө туура келбеген жумушта костюм шым, ак көйнөк кийип алып иштегенден көрө, оор болсо да жүрөгүмө жакын ишти жасайын деп чечтим.

- “Оор болсо да”- деп калдыңыз, зер буюмдарын жасоо канчалык оор?

- Кээ бирөөлөр үчүн зер буюмдарын жасоо өтө эле жеңилдей сезилет. Бирок, андай эмес. Эң ириде өтө сабырдуулук менен чыдамкайлык керек. Себеби, бир жерден жылбай, өтө кылдаттык менен майда иш жасалат да. Кээде кооз таштар менен кооздолуп жасалат. Мындай учурда шакек, иймек, билериктер дененин терисине зыян тийгизип, чийип кетпегендей кылып өтө аяр мамиле менен жасалат. Зергерчилик деле чыгармачылыкка кирет. Маселен, сиз деле кээде, «илхом жок»- деп, бир макалаңызды жазгыңыз келбей бир күн отурушуңуз мүмкүн. Зергерчилик деле ошондой. Мен башка бир жактан көргөн буюмду жасабайм. Бардыгын өзүм ойлонуп, алгач кыялымда жасап анан ишке ашырам.

- Өзүбүздөн эле чыккан алтынды колдоносузбу?

- Ооба. Өзүбүздүн эле өлкөдөн чыккан алтынды колдоном. Алтындын сапатын иликтеген адистердин берген көрсөтмөсүнө ылайык, биздин алтындар Орусияныкынан артык болушу мүмкүн, бирок кем калышпайт. Андыктан Кыргызстандын алтынына караганда башка өлкөнүкү жакшыраак деген пикирлерге кошула албайм.

- Чет өлкөлөргө сатуу мүмкүнчүлүгү кандай болуп жатат?

- Биз жасаган буюмдардын көбүнчөсү улуттук стилде жасалгандыктан казактар менен өзбектер жакшы кабыл алышат. Алар жыл сайын бири-биринен угуп Ысык-Көлүбүзгө эс алууга келгенде атайын буюртма берип жасатып кетишет. Кыргызстандын ичинде деле ушундай. Азырынча жалаң гана буюртмалар менен иштеп жатабыз. Сатыкка эркин чыгаруу үчүн элдин шартын, капчыгына да карашыбыз абзел. Маселен, сапаттуу бир шакек жасаш үчүн аны салмактуураак жасаш керек. Салмактуу болгон соң баасы да бир аз жогору болот. Буга баарынын эле күчү жете бербейт. Албетте, пландарыбызда бар. Убагы келгенде зер буюмдарыбызды өлкөбүздүн атынан чет жакка сөзсүз алып чыгабыз. Мындан сырткары жакынкы келечекте Кыргызстанда дагы башка өлкөлөрдөгүдөй Орусия зер заводу, Ташкент зер заводу сыяктуу чоң ишканалар ачылса, биз деле өзүбүздүн алтындарды өзүбүз иштетип, дүйнө жүзүнө чыгуубузга шарт түзүлмөк... Кыргызстандын алтынынын баркы да көтөрүлмөк.

- Шакирттериңиз да көп экен?..

- Бул жигиттер айылдан окууну жаңы бүткөн жана белгилүү бир себептер менен ЖОЖго окуй албай калган балдар. Буларга өзүмдүн билген нерселеримдин баарын үйрөтүп жатам. Келечектен көптү үмүттөндүрүшөт. Өтө дилгир балдар. Шартка карап ыңгайы келгенде ЖОЖдорго да тапшыртып, окууларына жардам берип турам. Негизи эле ар бир эркек бир кесиптин ээси болуп, бир нерсени жакшы жасаганга үйрөнүп алышы абдан маанилүү. Эч качан ачка калбайт. Үй-бүлөсүн багат. Айрыкча эркек адамдын иштебей үйдө отурганы мен үчүн өтө эле жат көрүнүш. Андыктан болгон аракетимди жумшап жигиттерге билгенимди үйрөтүп жатам. Кийинчерээк башка өлкөлөргө барса дагы ушул кесиптерин таштабай, өркүндөтүп алып кетсе деп тилек кылам. Бирок кээ бири үй-бүлө кургандан кийин зергерлик ишин таштап башка өлкөлөргө иштегени кетип калып жатышат.

- Убактыңызды бөлүп, маектешип бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем!

P.S.: Алмазбек мырзадан зер буюмдарын жасоону үйрөнгүсү келгендер жана буюртма берүүнү каалагандар дарегин редакциядан алса болот.

Маектешкен: Гүлкаир Раимкулова