Адабият/Тарых

Нурлан Субанов, “Адеп Башаты” фондунун мүдүрү: Конкурс өз максатына жетти

14 апреля 2017 г. 13:10 1955

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы “Адеп Башаты” фонду жана Кыргыз Ислам университети менен биргеликте апрелде китеп окуу боюнча конкурс уюштурушту. Ушул конкурс тууралуу биздин кабарчыбызга “Адеп Башаты” прогрессивдүү коомдук фондунун мүдүрү Нурлан Субанов мырза кененирээк айтып берди.

- Сиздер уюштуруп жаткан конкурс жана максаты тууралуу айтсаңыз?

- Кененирээк айтсак, китеп окуу, китеп сүйөрлүк – адам баласында болууга тийиштүү асыл сапат эмеспи. Адам атага 10 барак китеп берилгендиги эле адамзат пенде китепсиз жашаганы туура эмес деген маани болсо керек. Ошондуктан мусулман катары сабаттуу коом гана эмес, китепкөй коом болууга умтулуубуз зарыл. Тилекке каршы азыр биздеги адамдардын көбү көр тирлик көйгөйлөрү менен алагды болуп жүрүп, китепкөйлүктөн көп алыстап кетишкен. Ушундай конкурстарды уюштуруу коомчулугубузду китепкөйлүккө умтултуп, жаркын келечекке багыттоого аз да болсо өбөлгө, себепкер болот деген ойдобуз. Ал эми конкурстун так максаттарын айта турган болсок:

1) Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алайхи васаллам) жана анын куттуу сахабаларынын асыл сапаттарын калкка кеңири таанытуу, алар жөнүндө туура маалымат берүү. Пайгамбардын өрнөктүү өмүр жолун түшүндүрүү аркылуу жалпы журтубузду тынчтыкка, бейпилчиликке үндөө.

2) Ислам динибиздеги матурудия акыйдабыз жана ханафий мазхабыбыздын негизиндеги дин илимдерин үйрөнүүгө жана жайылтуу, жаштарды ыймандуулукка жана ынтымактуулукка тарбиялоо.

3) Жаштарыбызды китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө үндөө жана аларды өткөөл учурдагы ыйман жолуна жат болгон ар кандай түшүнүктөрдөн сактанууга чакыруу.

Быйыл болсо “Ислам Негиздери”, “Пайгамбарыбыз Тынтыктын жарчысы” жана орус тилиндеги “Лучшая из женщин Достопочтенная Хадиджа” атуу үч китептептин негизинде конкурс өттү.

- Конкурска канча киши катышты жана мурунку жылдардагыга салыштырмалуу жылыш барбы?

- Болжол менен 10 миңден ашуун адам катталды. Конкурска катышкандардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканы бизди кубандырбай койбойт. Мурдагы жылдары конкурска эки-үч миң адам гана катышчу.

- Кайсы аймактан көбүрөөк катышып жатат, себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Албетте борборубуз Бишкек шаарынан көп катталышат. Тагыраак айтканда жалпы катталгандардын жарымын Бишкектен катталгандар түзөт. Анан калса Ош облусунунан көп катталганы байкалат. Албетте, аталган шаар жана аймактардагы кишилер санынын көптүгү жана китеп окуучулардын салыштырмалуу көбүрөөк болушу башкы себеп болушу мүмкүн.

- Сынак кайсы күнү, кайсы жерлерде, кандай шарттарда болду?

- Конкурс тууралуу 2017-жылы февраль айынын 1-күнүнөн баштап өлкөбүздүн бардык аймактарына жарыяланып угузулган. Интернет баракчаларында, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурстун жүрүшү тууралуу маалыматтар берилип келди.

Конкурска катталуу 2017-жылдын март айынын 25-күнү аяктаган. 2017-жылдын апрель айынын 2-күнү сынак борбор калаа Бишкекте жана облустардын борбор шаарларында тест түрүндө өткөрүлдү. Ошондой эле конкурска тест тапшыруучулардын санынын көптүгүнө жараша, облус борборлоруна барып тест тапшыруу алысыраак болгондуктан жеңилдик жагы каралып, Ноокат, Жети-Өгүз, Ат-Башы, Кемин сыяктуу айрым райондордо, Токмок, Балыкчы, Кызыл-Кыя жана Чолпон-Ата сыяктуу шаарларда да тест тапшыруу жайларын уюштурдук.

- Жыйынтыгы кандай текшерилет, качан жарыяланат жана сыйлыктар кандай болот?

- Конкурстун жыйынтыгын Кыргызстан Ислам университетинин окутуучуларынан жана “Адеп Башаты” прогрессивдүү коомдук фондунун кызматкерлеринен куралган атайын комиссия текшеришет. Конкурстун жыйынтыгы апрель айында чыгарылып, жалпы элге жарыя кылынат жана ошол айдын 16-күнү Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилет. Конкурс үчүн коюлган сыйлыктарды атап кете турган болсок:

“ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ” китеби боюнча:

1-орун - Умра сапары

2-орун – 50 000 сом

3-орун – 40 000 сом

4-орун – 30 000 сом

5-орун – 20 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер берилет.

“ТЫНЧТЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ” китеби боюнча:

1-орун - Умра сапары

2-орун - 30 000 сом

3-орун - 20 000 сом

4-орун - 10 000 сом

5-орун - 5 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер.

“Лучшая из женщин Достопочтенная Хадиджа” китеби боюнча:

1-орун – Умра сапары

2-орун - 30 000 сом

3-орун - 20 000 сом

4-орун - 10 000 сом

5-орун - 5 000 сом

6-10-орундарга кызыктыруучу белектер берилет.

- Эл арасында, “жалаң эле диний окуу жайларда окугандар же диний билими барлар жеңип жатат, карапайым-калк жеңишке жетпей калып жатат” - деген сөздөр жүрүп жатат. Мунун чындыгы канча, эгер чын болсо анда анын жол-жобосун өзгөртүүнүн айласы барбы?

- Китептер кыргыз тилинде тушүнүктүү жазылган. Диний билими жоктор деле окуп чыгып конкурска катыша беришсе болот. Диний окуу жайларга караганда жөн эле башка кесиптин ээлери болгон конкурс катышуучулары жеңүүчү болгону мындан мурунку жылдардагы конкурс жыйынтыгынан белгилүү болуп келатат. Албетте, эгерде диний окуу жайларда тарбияланып жаткандар үчүн кээ бир маалыматтарды жаттап алуу, эстеп калуу жеңил болот чыгар. Бирок суроолорду түзгөндө комиссиядагылар жалпы элдин деңгээлине жараша суроо чыгарганга, тестти ошого жараша түзгөнгө аракет кылышат.

- Конкурстун демөөрчүлөрү кимдер?

- Жакшылык иштин колдоочулары көп болот демекчи, тегирмендин суусу эл жактан. Тактап айтсак, конкурсту уюштурууга кеткен чыгашаларына, үгүт баракчаларына, маалымат каражаттарына жана жарнамалоого кеткен каражаттар менен жеңүүчүлөргө берилчү сыйлыктардын жалпы чыгашалары алдын ала эсептелип, такталып туруп Кыргызстандагы эле өзүбүздүн атуулдарга, кайдигер эмес жарандарга сунушталат. Ошонун негизинде каалаган жарандарыбыз демөөрчүлүк кылып жатышат.

- Китеп конкурсунан сырткары да Пайгамбардын туулган күнүнө карата “Мавлидди” жана Куран жарышын уюштуруп жүрөсүңөр, ушул боюнча да маалымат бере кетсеңиз?

- Ыймандуулукка чакыруу пайгамбарлардын милдети катары жакшылыктын башаты болгондуктан, элибиздин биримдиги, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшү жана урпактардын жаркын келечеги да ыймандуулукка түздөн-түз байланыштуу.

Фондубуз Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы менен биргеликте жыл сайын Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейги вассаламды) таанытуу максатында республикабыздын бардык облустарында “Мавлид” мааракесин уюштурууда.

Көптөгөн ислам өлкөлөрүндө кеңири жайылган бул саамалык эгемендүү Кыргызстаныбызда да өткөрүлө баштаганы көкүрөк жылыткан жана көңүл кубанарлык тарыхый окуялардан десек болот.

Ибадат жана бир топ жакшылыктарды өз ичине камтыган “Мавлид” мааракесин көптөгөн хадисчи, тафсирчи, фыкхчы, Куран каарылары жакшы жөрөлгө катары кабыл алып келгендигинен жергебизде да жыл сайын буга карата иш-чаралар уюштурулуп, Куран окулуп, Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи вассалам) салават-саламдар айтылып, ага арналган ырлар окулуп, динибиздин терең баалуулуктары сунулуп келүүдө.

“Мавлид” мааракеси бул жылы 14-15-апрелде Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 18:00дө, ал эми жалаң аялдар үчүн 15-апрелде саат 10:00дө уштурулмакчы.

Ушуну менен катар жыл сайын республикалык Куран жарышын да уюштуруп келебиз. Адатка айланган саамалыкты бул жылы жетинчи ирет өткөргөнү турабыз. 26-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында тандоо турунда жеңүүчүлөр аныкталып, 13-апрелде борборубуздагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүлө турган финалдык турга катышуу укугуна ээ болду.

Ушул убакка чейин өткөрүлгөн жарыштардан өчгөчөлөнүп, бул ирет эл аралык деңгээлде уюштурулууда. Буюрса Орусиядан, Казакстандан жана Тажикстандан да Куран жарышына катышуучулардын келиши күтүлүүдө. Жеңүүчүлөргө баалуу жана кызыктыруучу белектер каралган.

- Маегиңизге чоң рахмат.