Политэкономика

Картөшкөнүн өзүн эмес, кагазын сатуу керек

14 апреля 2017 г. 12:22

Окурманыбызга Bizexpert аналитикалык борборунун адиси Мыктыбек Осмоналиевдин «Товар жана чийки зат биржасынын Кыргызстандагы орду» деген талдоосун сунабыз. Макаладагы кеңештер ишкерлерибизге пайдасы тиет деген ойдобуз.

Сооданын байыртадан берки талаптары

Товардык биржалар эзелтен бери өлкөлөрдүн экономикасына, анын калкына олуттуу таасир берип келет. Учурда да өз таасирин жогото элек. Чийки зат биржаларынын тарыхтагы орду ийне-жибине чейин изилдене элек. Бирок байыркы Кытайды карасак 6000 жыл мурун эле күрүч фьючерстери менен соода кылганын көрөбүз. Фьючерс дегенибиз бир белгилүү товардын баасы менен сатуу мөөнөтү боюнча гана келишим түзүлөт. Саны, сапаты, таңгагы, белгиси сыяктуу нерселер буга чейин эле биржалык контракта жазылган болот. Фьючерс толук аткарылганга чейин милдеттери тараптардын моюнунан түшпөйт. Мисалы, жазында эле картөшкөнүн баасы менен жеткирүү мөөнөтү тууралуу кол алышкан соң, аны биржалык келишимдеги талаптарга жараша убагында жана бекитилген баа менен беришиң керек. «Сени менен келишкен баадан жогору берип, талаадан жүктөп кетишти» - деп келишимге кыянаттык кыла албайсың.

Негизги керектелүүчү товарлардын тартыштыгы адамзат тарыхында көптөгөн согуштарга себеп болгон. Молчулугу болсо баалардын түшүп, негизги чийки заттарды өндүрүүнү пайдасыз кылган. Байыркы цивилизациялар мал, үлүл, түрдүү даам жана алтын сыяктуу түрдүү товарлар менен соода кылчу. Чийки заттар менен соода кылуу абдан маанилүү болгон, бирок алардын сапаты менен жарамдуулук мөөнөтү дайыма маселе жаратып келген. Ошол атам замандарда эле ишенимди камсыздаган аброй жана сөзгө туруу байыркы инвестор, соодагер жана жеткирүүчүлөр үчүн негизги талап болчу. Бул критерийлер ушул күнгө чейин соода-сатыктын пайдубалы бойдон калууда.

Кыргыз дыйканына жетишпеген нерселер

Кыргызстандын агротармагы атаандаштыкка чыдабай келет. Анткени майда чарбалардын бири да талап кылынган товарды тиешелүү көлөмдө камсыздай албайт. Ошондуктан бизде эмне себүү керек экенин божомолдоп мерчемдөө мүмкүн эмес. Кыргызстандык фермерлер кетирген чыгашасын жаап, бир аз пайда табуу үчүн жыл сайын эмне себүү керек экенин билбей баштары катыйт. Айла жоктон былтыр эмне рентабелдүү болсо ошону себишет. Бул божомолдоонун жалгыз ыкмасы болуп калды. Ошентип эмдиги жылы ал көп себилип, баасы түшөт.

Кыргыз фермерлери «фьючерстик контракт», «форварддар», «фьючерстин опциондору» деген түшүнүктөрдү билишпейт. «Своп» жана «фрахт келишими» сыяктуу биржанын татаал куралдары жөнүндө сөз кылганга да болбойт. Булар тууралуу төмөндө маалымат бермекчибиз.

Биздин агротармактын негизги көйгөйлөрү:

  • Чыгарган товардын аздыгы (майда товардуулук);
  • Божомол жана мерчемдин жоктугу;
  • Натыйжасыз менеджмент (адистердин жоктугу);
  • Иретке салынган ортомчулуктун жоктугу.
  • Жогорудагы көйгөйдүн баарын товар жана чийки зат биржасын түзүү менен чечсе болот.

    Товар жана чийки зат биржасы деген эмне?

    Товар жана чийки зат биржасы (ТЧБ) бул түрдүү товар жана аларга болгон милдеттенмелерди саткан аянтча. Анда түрдүү чийки зат жана айыл чарба өндүрүмдөрү соодаланат. Дүйнө ТЖБларында адатта жүгөрү, шекер жана буудай сатылып келет.

    Товарлардын жиктелүүсү (классификация):

    1. Айыл чарба жана токой товарлары;

    2. Өнөр жай үчүн чийки заттар жана жарым фабрикаттар.

    Чийки заттар менен алмашуунун экономикада өзгөчө орду бар. Ошондуктан жарандардын турмушуна чоң таасир берет. Дүйнөдө көптөгөн товардык жана фьючерстик биржалар иштешет. Кээ бир ТЧБ бир нече товар менен иштейт, башкалары бир гана товарга адистешкен. Мисалы АКШнын фьючерстик биржасы энергетикалык чийки заттары негизги товары болгон абдан кубаттуу каржы институту катары иш кылат.

    ТЧБлар опурталдуу бизнес деп да айтылат. Себеби дүйнө тажрыйбасына карасак, алдын ала божомолдоого мүмкүн болбогон күтүүсүз жагдайларга көз каранды. Аларга табият кырсыктарын, аба ырайын, ылаңдарды же элдик толкуулорду киргизсек болот. Буудай сыяктуу товардан мисал кылсак болот. Ал дүйнөдө жакшы соодаланат, бирок жайкысын жана аба ырайынын тез өзгөргөн убактарында абдан туруксуз болот.

    Биринин акча каражатын экинчи тараптын өнүгүүсүнө жумшаганга шарт түзүү максатында, эки тараптын соодасы аягына чыгуусу үчүн ТЖБ макулдашылган стандарттарды талап кылуусу мүмкүн. Мисалы, 1000 тонна сапатсыз картөшкө сатып албаш үчүн салттуу баалуу кагаздарга инвестиция кылуудан айырмаланып, товардык биржада өзгөчө талаптар коюлат. Глобалдык экономикалык өнүгүү, технологиянын жетишкендиктери жана базар койгон талаптар товардын баасын өзгөртөт.

    Бардык товар биржада сатылат

    Дүйнө базары толугу менен ТЖБга өтүүдө. Муну темир базарынан байкаса болот. Өткөн кылымдын биринчи жарымында биржаларда 4 гана түстүү металл сатылчу, 1980-жылдары 15и соодага чыккан.

    Дүйнө базарында айыл чарба товарлары биржа соодасынын 55%ына жакынын ээлейт. Бирок бул көрсөткүч төмөндү карай жол алды. Соода ири биржа борборлоруна ооп жана товардын өзү менен эмес анын милдеттенмеси менен соода кылган каржы куралдарын соодалоо өнүккөнү буга себеп болууда. Учурда май жана анын сыгырындылары (шрот) менен соода кылуу арбып бара жатат. Алар биржадагы каражаттын айлануусунун 42 пайызын ээлеп алды. Эгин болсо 21%ын түзүп турган чагы. Мындан сырткары мал чарбачылык өндүрүмдүгүнө болгон талап да өсүп бара жатканын белгилей кетүү керек.

    Текстиль тармагы тескерисинче басаңдап бараткансыйт. Түрдүү синтетикалык жиптердин пайда болгон табигый чийки затарды сүрүп чыгаруусу бул түрдөгү товарлардын биржаларда сатылуусун солгундаткан. Бул тенденция жүн базарында жакшы байкалат. Аны менен соода кылуу көлөмү акыркы он жылдыктарда эселеп түшүп, көп биржа аны соодалоону токтотуп салган.

    Шекер жана башка тамак-аш даамданткычтар базарларында да баанын тез өйдө-төмөн болгону байкалууда. Өткөн кылымдын башында алар биржалык операциялардын 5,5 пайызын ээлеген. 1970-жылдары 13,2ге чыккан, бирок 1980-жылдардын орто ченинде 9 пайызга түшүп кеткен.

    Кызыл кулактыкты алдын алуу чаралары

    ТЖБлар ишке киргенде спекуляция, б.а. эркин экономиканын мыйзамдарын кыянаттык менен пайдаланып, товардын баасын атайын өзгөртүү аракеттери болушу мүмкүн. Ошондуктан ТЖБлар өнүккөн өлкөлөрдө биржада ойноонун так жана ачык эрежелери киргизилген. Мисалы АКШда товар-фьючерстик базарларын тескеген атайын Товардык фьючерстер менен соода жүргүзүү боюнча комиссия бар. Анын иши 1982-жылы Товардык биржа жөнүндөгү мыйзам жана Товардык фьючерстер менен соода жүргүзүү боюнча комиссия жөнүндөгү мыйзамга жараша башталган. 2008-жылкы каржы кризисинен кийин: «айыл чарба товарлары менен спекуляцияны чектөөгө олуттуу киришүү» деген максатты көздөгөн Додд Фрэнктин мыйзамы кабыл алынган. Ал Товардык фьючерстер менен соода жүргүзүү боюнча комиссиясын товардык позицияларды чектөөгө жана товар базарында биржадан сырткаркы келишимдерди тескөөгө чакырган.

    Евробиримдикте ТЖБлардын ишин тескөөгө Баалуу кагаздар жана базарлар боюнча европалык агенттик (ESMA) жооп берет. 2012-жылдын сентябрь айында азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүүсүнө жана алардын тез өйдө-төмөн болуусуна алып барган товар базарларындагы шылдыңдагансыган спекуляцияга бөгөт коюу максатында европалык парламент каржы кагаздары менен соода кылган биржаларды тыкыр тескөөгө алуу чечимин чыгарган. 2012-жылы азык-түлүктөрдүн дүйнөлүк баасы 10 пайызга өскөнү баарына маалым. Ошондон кийин ашыкча пайда табуу максатында ашкере спекуляцияга жол берилбеши керектиги айтылган.

    Жыйынтыктасак, өндүрүүчүлөр да, жеткирүү кызматын сунгандар да бюджеттерин туура түзүү үчүн колдонушат. Мындан сырткары алар милдеттенмелерди сатуу жана нак акчанын көлөмүн азайтуу аркылуу чыгымдарын нормалдаштыруу максатында да ТЖБ иш алып барышат. Инвесторлор жана ири буйрутмачылар товардык фьючерстерди колдонуп белгилүү бир товардын керектүү көлөмүн таап, өздөрүн жана дыйкандарды туруксуз баалардын кесепетинен сактап кала алышат. Айыл чарба товарларын сатуу базарлары кеңейген сайын ТЖБлар Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнө башка базарлар менен туруктуу жана үзүрлүү мамиле түзүүгө жардам бере алат.


    Мыктыбек Осмоналиев, Bizexpert аналитикалык борборунун серепчиси