Коом

Жумушта коррупция. Кетсемби же көрмөксөнгө салсамбы?

8 апреля 2017 г. 14:50 673

Арам кекиртектик жайылган жерде таза бойдон калууга аракет кылуу керекпи же жумуштан чыгып кетүү туурабы? Мындай тандоо өтө оор. Айрыкча өлкөңө жана элиңе пайда келтирейин деген ниетте ишке орношсоң, ого бетер татаал.

Оор суроо...

Жаш жана күчтүү адистен: “Мен мамлекеттик ишканада иштейм. Өлкөмдүн салыгын убагында төлөгөн жараны катары бул мекеменин кандайдыр бир бөлүгү мага да таандык деп эсептейм. Ошондуктан анын өнүгүүсүн чын дилимден каалайм. Бирок көз жүгүрткөн бардык жерден адепсиздикке баткан арам кекиртектерди көрүп жатам. Жумуштан чыгып кетсем эң туура болот деген сыяктуу ой келет. Бирок бул ишкана мага жагат. Эмне кылышым керек?”- деген суроо келди.

Ага жооп катары төмөнкү ойлорум менен бөлүштүм. Өз мекенин сүйгөн көп адам буга окшогон туңгуюк сымал абалга кептелүүдө. Мекенге кызмат кылууга не жетсин. Бирок өзүң каалабастан кара өзгөй адамдардын ыплас иштерине аралашып, аларга жардам берген сыяктуу болуп калабыз. Сиз айткандай, өзүбүзгө, “жок” - деп, бул жумуштан кетип, жанга тынч жүрөктү өйүгөн арам иштерге ортомчу болбогондой башка жумушка орношуп алууга не жетсин. Бирок сиздин андай кылгыңыз келбейт. Анткени сиз бул ишканага жана өлкөңүзгө ак кызмат кылууда улуу баалуулук бар деп эсептейсиз. Жемкордук сыяктуу оор көйгөйгө тике карагандык, албетте, мактоого татыктуу, бирок...

Жемкорлукту жоюунун кыска жолу

“Эгер сиз көшөрүп иштей бергенге макул болсоңуз тандооңузга бир нече вариант сунуштай алабыз»- дейт Йель университетинин Башкаруу мектебинин уюштуруучунун жүрүм-турумун изилдөө кафедрасынын профессору Эми Вжезневски.

“Арам кекиртектик сыяктуу эң адепсиз жүрүм-турумга каршы чыгуунун эң кыска жолу – бул ыплас көрүнүшкө өзгөрүүлөрдү ишке ашкандай кылып, жогору жактагылардын көңүлүн бурдуруу”, - дейт Вжезневски.

Сүйлөп коюу жеңил. Бирок мындай аракетти жумуштан айдалып кетпегендей кылып ишке ашыруу өтө оор. Ошондуктан эң оболу сиздин өлкөдө мындай маалыматты ачыкка чыгаргандарды коруган мыйзамдардын бар-жогун билип алыңыз деген кеңеш берет Вжезневски. Эгер жумушуңузда сизди коргоп кала алгандай колдогон адамыңыз бар болсо, компаниянын ичиндеги маалыматты жетекчиликке жеткирүү бир топ жеңилдейт, деген профессор айым жогорудагы оюн: “Көрүп жаткан жемкорлукка көңүл бурдуруу аракетин баштаганда системанын ичинде сиздин маалыматыңызды тастыктай алган абройлуу коргоочуңуз болушу керек”, - деп ачыктайт Вжезневски.

Эгер аркаңызда мыйзамдуу күчтүү юридикалык тирөөч бар экенин так билген соң тынчсызданып жаткан маселе тууралуу колдогон адамыңызга билдирүү маселени чечүүнүн эң жеңил жана кыска жолу болуп эсептелет.

Арам кекиртектикти токтотуунун башка ыкмасы

Андай мүмкүнчүлүктөрүңүз жок болсо, обочороок жолду тандап алууңуз туура болот. Вжезневски төмөнкү аракетти сунуштайт. Ырбап бараткан маселени чечүү үчүн калыптанып калган жемкорлук схемасынан кылдаттык менен арылта алчу жаңы идея сунуштаңыз. “Адепсиздик менен кыңыр иш кылууга мүмкүндүк бербеген сиз сунуштачу жаңы ыкма натыйжалуулугу менен бирге жөнөкөй жана түшүндүрүүгө жеңил болушу керек”, - дейт окумуштуу айым.

Мисалы, товарын же кызматын сиздин мекемеге сатканда эң көп “шапке” берген адам же фирма менен келишим түзүлүп жатса, сиз башка фирмалар аркылуу конкурска табыштама берүү мөөнөтүн кийинки убакка жылдыруу сунушун кабыл алдырып, тендердин жүрүшү менен анын натыйжасын түз эфирде көрсөтүүнү камсыздаган схема иштеп чыга аласыз. Бул учурда бардык иш-аракеттер ачык-айкын болуп калат.

Дагы бир мисал. Сиз жаңы кызматкерлерди жумушка алууда адилетсиздик жасалып жатканына күбө болдуңуз. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн компаниянын жетекчилигине жеке артыкчылыктарга жараша тандоо жараянын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген маалымат базасын түзүүнү сунуштаса болот. Бул ыкма кимдин кантип жумушка алынып жаткандыгы тууралуу ачык-айкын жана жөнөкөй система түзүп чыгууга мүмкүндүк берет.

“Ишкананын натыйжалуу иштешине тоскоол болгон ыплас иштерге түз же кыйыр сокку урган өзгөрүүлөрдү сунуштаганыңызда, ишкананын жетекчилеринин басымдуу көпчүлүгү ишти таза алып барууга кызыктар экенин дароо билесиз”, - дейт Вжезневски айым.

Коррупцияга каршы дос жана демөөрчү табуу

Жогоруда сунушталган ыкмалардан сырткары сиз менен пикирлеш жаш кызматкерлерди таап, алар менен бирдикте аракет кылсаңыз аз-аздан да болсо өзгөрүү киргизүүгө мүмкүндүк пайда болот. Кээ бир адамдар коррупция менен мамлекеттин бюрократиясы бири-бирин кош колдоп колдойт деп эсептейт. Мындай пикир сиздин кесиптештериңиздин сөөгүнө чейин сиңип калган болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай ишенимди алардын көкүрөгүнөн бир заматта чыгарып сала албайсыз. Бирок жарандык жоопкерчилик мамлекеттик ишканадан биротоло чыгып кете элек деген ишенимиңизди колдогон бир нече адам чыгарынан да үмүт үзбөңүз. Эгер жок дегенде бир пикирлешти тапсаңыз, арам кекиртектикке мүмкүндүк берип жаткан схемаларга бөгөт коюунун жаңы жана таасирлүү ыкмалары тууралуу аны менен бирге ой калчасаңар жакшы болот.

Экөөлөп тааныштарыңардын арасынан силердин өзгөртүү аракетиңерге демөөрчү болуп берчү адамдарды караштыруу керек. Балким кирген кылмыштуу иштердин кендирин кесүүгө жардамдашам деген өнөктөшүңүздүн ишкананын ичинде күчтүүрөөк байланыштары болушу мүмкүн.

Кийинки келчү таза адамды күтүңүз

Эгер катардагы кызматкерлердин арасында да, жетекчиликте да өзгөрүүнү каалаган эч ким жок болсо, сиз макаланын башындагы тандоого кайра кайтасыз. Эсиңизден чыгып кете элек болсо – ыпылас иштер болуп жаткан жерде иштеп, бирок таза калуу же жумуштан кетүү керек болот. Калсаңыз, балким сизден кийин арам кекиртектикти жек көргөн дагы бир адам жумушка орношуп калар...

«Саресеп» гезити окурманын төмөнкү эки суроого жооп беүүсүн өтүнөт:

1. «Мамлекеттик ишканадагы коррупцияга макул болбогонуңуздан улам жумуштан кеттиңиз беле?»;

2. «Жемкордукка байланыштуу конфликтти ийгиликтүү чече алдыңызбы?».

Жоопторду жана окуяларды saresepgeziti@gmail.com кат кутучасына «Антикоррупция» темасы менен жибериңиз.


Хана Р. Шенбергер, BBC Capital