Саясат

Аш-тойго кеткен чыгым тышкы карызга теңелдиби?

8 апреля 2017 г. 14:45 1368

Өткөн жылы Жогорку Кеңеш ашкере ысырапкорчулукту жоюуну чиновниктерден баштоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагып, депутаттардын бул аракети түрдүү сындарга кабылган.

Көз карандысыз иликтөөлөр Кыргызстанда бир жыл ичинде жарым миллиондон ашык үй-бүлө ар кандай той-топур өткөрө турганын көрсөттү. Экономисттердин эсебинде, кыргызстандыктар жылына аш-тойго 2 миллиард доллардан ашык акча чачат. Ошол эле маалда Каржы министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкө эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге 3 млрд. 764,98 миллион доллар бересе. Бул көрсөткүч ашкере чыгымдар өлкөнүн тышкы карызына жакындап калганын түшүндүрүүдө. Салтка айланып калгандай 27-мартта башталган дүйнөлүк акча жумалыгы Кыргызстанда да белгиленип жатат. Бул санда эл акчаны туура сарптап жатабы жана эмнеге той-топурга ашыкча каражат жумшалат деген суроолорго жооп издедик.

Жакында эле белгилүү журналист Султан Жумагуловдун кыргыздардын сөөк коюу жөрөлгөсү, чыгымдары жана түйшүктөрү тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине чыккан ой толгоосу өлкөдө кыргыз болуу чын эле кыйын болуп калдыбы деген суроону кабыргасынан койду эле. Анда жалгыз иштеп, келинчеги балдар менен үйдө отурган киши кайненесин акыркы жайга узатуу зыяпатына, андагы ашкере чыгымдарга кейиген. Сөөк жууган аялга пальто, күмүш шакек, 3 метрлик кездеме, маасы-көлөчү менен, сөөктү кармашкан аялдарга да маасы-көлөч, кездемени мындай коё туралы, союшка деген кара мал, жандык, демделген аш, деги койчу кеткен чыгымдарды балдарына бөлгөн кезде өзү 100 миңдей сом чыгым болгонун айтып, аргасыздан кредит алганын саймедиреген. Негизи Кыргызстанды байырлаган башка улуттарга салыштырмалуу аш-тойдогу ысырапкорчулук боюнча кыргыздар эч кимге камчы салдырбайт. Мен дагы ушул өңдүү бир окуянын күбөсүмүн. Бирок ал сөөк коюуга эмес, үлпөт тоюна байланыштуу.

Насыя алып, той берип...

Таанышымдын банктардан карыз алып үйлөнгөнүнө эки жылдан ашты. Азыр эптеп тапкан айлыгы ай сайын карызын төлөөдөн ашпай, башы катып отурат. Ата-энеси, бир туугандары, жада калса кайын журту азыр алардан жүз үйрүп, “ушинтип кредит алып үйлөнбөй эле койбойбу” - деп жектеп жүрүшкөн чак. Бир күн сайрандагандын азабын 4-5 жыл бою тартарын убагында сезе билсе эмне? Маалында, “элден кем калбайын” - деп лимузин жалдап, кымбат кафеде той өткөрүп, кеткен чыгымын жаба албай, эми кыйналып ар тууганынан, досторунан карызга акча сурап жүргөнүн айтып кейийт колуктусу. Коомдогу аш-тойлорго сереп салсак, кредит алып, “элге берген ражамды чогултайын, түшкөн акча тойдун өзүн жабат, бизге да ашат” - деп же “башкалардан эмнем кем, бир көзүм кыйшык эмес” - деп өрөпкүп насыя ала коюп, аны сапырган учурлар көп эле учурайт экен. Өлкөдөгү банктар жана чакан кредиттик ишканалардын үстөк пайызы өтө жогору, бирок статистикалык маалыматтар кредит алгандардын саны жыл сайын жарым миллион сомду чапчый турганын көрсөтүп келет. Жайды жайлай мигрант болуп тапкан маянасын тойго жумшап коюп отургандарды көргөндө алапайыңды таппай кетесиң. Ушундайлардын бири Алина жолдошу экөө баласына дүңгүрөткөн тушоо той берип, келгендердин акчасы чыгымды жаппай калганда арга жоктон Орусияга кайра иштегени кеткен:

- Көп чыгым болуптурбуз. Эл да аз келип калды. Той өзүн актаган жок. Бир жыл бою иштеп тапкан акчаны тойго деп жумшадык эле. Бата алалы дегенбиз. Кеткен акчага жер-пер деле алып койсок болмок экен, - деп өкүнүп отурат.

Ашкере ысырапты четке каккандар

Ошентсе да маселенин экинчи тарабын кошпой кетпесек болбос. Эл арасында аз болсо да той-топурга деген ашкере чыгымды четке каккан жарандар да жок эмес. Мындайлардын катарын өнүккөн өлкөлөрдү көрүп келгендер толуктайт. Бирок, алар азырынча аз cанда.

Каржыдан сабатсызбызбы?

Ошентип, дүйнөдө саат санап өзгөрүүлөр болуп жатат, бизде болсо тойго кеткен чыгым азайбай эле кайра ашыкча ысырапкорчулук көбөйүп, анысы аз келгенсип шаан-шөкөттүн саны арбып, мурда жок ар кандай салттар кошулууда. Тойго кеткен чыгымды жаңы жашоо баштап, түтүн булатууга киришкен эки жаштын кийинки жашоосу үчүн капитал катары салса, акчанын айынан уруш-талаштарга чек коюлуп, “чакан мамлекет” деп бааланган үй-бүлөдө гармония болмок. Экономисттер негизинен аш-тойго ашкере чыгым коротууну үй-бүлөлүк бюджет тууралуу түшүнүк жоктугу, каржы сабаттын төмөндүгү менен байланыштырышат. Банк тармагында иштеген Талант Керимбаев элге акчаны туура сарптоону түшүндүрүү керек деген көз карашта.

Кыргыздардын трагедиясы - аш-тойбу?

Ашкере чыгымдарга каршы чыгып келе жаткан журналист Эмилбек Момунов, ысырапкорчулук кыргызстандыктар үчүн чоң трагедия – деп эсептейт:

- Мен биздин элдин трагедиясы аш-той, өлүм-житим деп айтар элем. Анткени "Акча тапканча, эсеп тап" деген накыл сөздү да эске албайбыз. Бар тапканыбызды аш-тойго, өлүм-житимге жумшап, керек болсо кредит, карыз алып, отуруп калабыз. Ошентип бир жыл бою тапкан акчабызды бир күндө асманга чачып отуруп калуудабыз. Мисалы, жаш жубайлардын баш кошуу үлпөтү аз дегенде 300 миң сомго айланат. Маркумду акыркы сапарга узатуунун чыгымы да ушунча. Эмне үчүн заман өзгөрүп, башка элдер үнөмдүүлүккө, цивилизацияга умтулса, биз кайра артка кетип жатабыз? Себеби аң-сезимибиз өнүкпөй, бай-манаптык, патриархалдык деңгээлде, куру намыс бойдон кала берүүдө. Албетте, бизде демократия, ар ким өзүн-өзү билет. Бирок "байга теңелем деп байкуштун буту сынып" жатпайбы. Бир чети байлар байлыгын ушинтип даңазалап жатышат. Ошол эле учурда элибиздин 90 пайызы жакыр, кедей, нанга акча таппагандар, жарды-жалчылар көп. Ошондуктан бул жагын мамлекет көзөмөлгө алып, мыйзам менен тыюу салбаса да, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

Эмилбек Момунов чыгаша кыскартуу жагынан Тажикстандан үлгү алуу керектигин айтууда. Расмий Дүйшөмбү той каражаттарын кыскартуу, ашыкча каада-салттарды тыюу жана зыяпатка чакырылган коноктордун санын 200дөн ашырбоо боюнча буйрук чыгарып, ал такай көзөмөлдөнөрү айтылып жүрөт:

- Мамлекеттик чиновниктерге тыюу салса деле болот. Мисалы, кошуна Тажикстанда үйлөнүү тоюнда 150дөн ашык адам чакырууга, ЖААКка(ЗАГС) 3төн ашык машине менен чыгууга тыюу салынган. Алар ушундай тартип менен жакырчылыкты 50-60 пайызга кыскартууга жетишишти. Эң негизгиси, аң-сезим өнүгүп, цивилизациялуу жолго түшүшү зарыл. Азыр кыргыздардан башка эч бир элде мындай ашкере чыгым жок. Ошол эле немистер менен япондор, ирандыктар менен түрктөр үнөмдүү жашоонун арты менен мамлекетин бутуна тургузуп жатышат. Демек, коомдогу жаңыча жашоого өтүүгө мезгил жетти. Бир чети бизде коммерциялык банктардын берген кредити да 30-40 жылдык үстөгү менен болгондуктан, жакырчылыкты көбөйтүп жатат.

Чыгымды азайтуу жолдору белгисиз

Кыргыз коомунда буга чейин чоң той өткөргөн кишиге декларация толтуруу талабы коюлуп, муну менен ысырапкорчулукту азайтуу сунушу айтылган. Бирок ал сөз жүзүндө гана калган. Ашыкча ысырапкорчулукка бөгөт коюу демилгеси былтыр Парламентте, ага чейин Өкмөттө көтөрүлгөнү менен натыйжасы көрүнө элек. Өткөн жылы 1-июнда Жогорку Кеңеш аш-тойго кеткен ашкере ысырапкорчулукту жоюуну чиновниктерден баштоо тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен биринчи окууда четке кагып, депутаттардын бул аракети түрдүү сындарга кабылган. А бирок бир катар аткаминерлердин дүңгүрөтө той өткөрүп, ашыкча чыгым короткону да сындалып жүрөт. Диний ишмерлердин баамында, каза болгондо той сыяктуу мал союу таптакыр туура эмес. Ал эми тойго келсек, ислам дининде, “ар бир нерсени өз кудуретиңе жараша жаса”- делет. Жараткан мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча чыгымды мажбурлаган эмес, болгон-тапкан, кээ бири өмүр бою чогултканын бир тойго чачуусу туура эмес деп бааланат. Ашкере ысырапкорчулук да жол берилгис нерсе.


Даярдаган: Дария Мурат кызы.