Акча көп

Колуктунун дестесин үйдөн жасап сатыңыз

8 апреля 2017 г. 14:35

Ак розадан жасалган колуктунун дестесин жасоо ыкмасы:

Керектелүүчү материалдар:

Портьердик капрон кездеме, органза (узундугу- 280/300 см), ийне, жип, төөнөгүчтөр, кайчы, сызгыч.

Алгач, кездемени туурасы 15 см. узундук менен кесип аласыз. Тең экиге 1,5-2 см. бүктөп төөнөгүчтөлөт. Бүкмөлөрү ийне менен тигилет. Мындайдан эки кездеме даярдалат. Мындан ары портдесте, бир кесим кургак оазис, ак тейп-лента, декаративдик шнур керектелет. Оазисти сууга салып коюу керек. Портдестени жыйнап, бириктириңиз. Ак тейп-лента менен ороңуз. Шурулардан кичинекей спиралча жасап, клей менен чаптаңыз. Негизги гүлдү ортосуна коюп, калган кездемелерди торчо боюнча чаптайсыз. Кийинкиси каршы-терши чапталат. Андан кийин ашыкча кездемелер кыркылат. Тиешелүүсү чапталат. Шнур менен дестенин кармай турган учу оролот. Өзүңүздүн фантазияңызга жараша кооздоп оросоңуз болот.

Колуктунун дестеси аталган гүлдүн бир даанасы татаалдыгына жараша 2-4 күндө даяр болот. Баасы татаалдыгына жараша 1000-2500 сом. Көбүрөөк убакыт бөлсө 15 күндүн ичинде 20 даана десте жасоого болот. Бир даана десте үчүн 200 сомдун тегерегиндеги каражатка керектүү материал сарпталат. Кандай материалдан жасайсыз, аны буюртма берүүчү менен такташып аласыз.

Үйлөнүү үлпөт тоюндагы колуктунун колундагы гүл десте- салттардын бирине кирет. Бул салт бизге батыштан келген жана өзгөчө мааниге ээ. Маселен, кээ бир ишенимдер боюнча колуктунун дестеси жубайлардын үй-бүлөлүк жаңы жашоосун узак сүйүү менен камсыз кылат. Ошондой эле, колукту ыргыткан дестени кармап алган курбусу жакын арада турмушка чыгат. Андыктан колуктунун колунда сөзсүз түрдө дестеси болушу талапка ылайык.

Демек, ар бир үйлөнүү үлпөтү колуктунун дестеси болмоюн өтпөйт. Учурда, жаңы турмуш куруп жаткан түгөйлөр үчүн кийим-кече менен катар эле колуктунун дестесин саткан дүкөндөрдүн саны аз эмес болсо да баалары жогору. Буга байланыштуу аз да болсо каражат үнөмдөө максатында айрымдары үйдөн кол өнөрчүлүк менен алектенген чеберлерге кайрылып дестелерин жасатышат.

Эгерде сиз дагы шартка байланыштуу иштебей отурсаңыз жана үйдөн иштеп киреше тапкыңыз келсе, анда колуктунун дестесин жасап сатсаңыз болот. Маселен, үйдөн гүлдөрдүн мындай түрүн жасаган Венера Узбекова төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Мындан 3 жыл мурун экинчи кызымды төрөп үйдө иштебей отуруп калдым. Убактымды текке кетирбейин деп улуу кызыма чач байлагыч, бекитме, ободокторун гүл менен кооздоп берүүнү кыялдандым. Бирок, биринчи ирет гүлдүн формасын келтире албай көпкө кыйналдым. Кийинчерээк туулган күнүмө роза гүлүн белекке беришти. Анын жалбырактарын кыркып алып эскиз кылып, гүлдү атлас тасмадан жасап окшоштургандай болдум. Ошентип кызыма арналган алгачкы ободоктор, чач байлагычтар пайда болду. Муну көргөн тааныштарым, досторум өздөрүнүн кыздарына буюртма бере башташты. Биринчи эмгегим 250 сом, кийинкилери гүлдүн татаалдыгына, санына карата 150 сомдон 400 сомго, тегерек ободоктор 600 сомго чейин бааланды. Ал эми колуктунун дестесинин бир даанасын бир жумада жасап бүтчүмүн. Азыр болсо колум көнүп, эптүү болуп калдым. 3-4 күндүн ичинде даяр болот. Менин эң негизги куралым атлас тасма менен калтек жип. Калганы фантазияга жараша кооздоло берет. Гүлдүн көлөмүнө жана жасалышынын татаалдыгына жараша баалары коюлат. Колго жасалган үчүн 1500 сомдон 2500 сомго чейин сатылып жатат. Жарым айдын ичинде 20дан ашык колуктунун дестесин жасадым. Эмгектеримди социалдык тармактарга жарыялагандан кийин гүл жасаганды үйрөнгүсү келген кыздар байланышка чыгып жатышат. Колумдан келишинче үйрөтүүгө аракет кылып жатам”.

Кошумчалай кетсек, колуктунун дестесин жасаганды үйрөнүүнү каалагандар Венера айымга кайрылса болот.


Даярдаган: Гүлкаир Раимкулова