Жорум

Айланайындар, наалыбай эле жашайлычы!

8 апреля 2017 г. 13:55 2216

Окумуштуулардын изилдөөсүндө бир күндө бир киши орточо эсеп менен 23 жолу наалыйт экен. Ал эми башкаларды канча жолу ушактап, сындаганы белгисиз, бул боюнча али изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Наалуу, ушакташуу жана сындоо адамдарга кандай терс таасирлерин тийгизет жана алардан кантип арылуу керектигин Бишкек шаарындагы «ДемНур» медициналык борборунун директору, психиатр, доктор Шайлообек Өмүралиев айтып берди.

Адамдын мүнөзү жана баалуулуктары анын жашоо-турмушуна түздөн-түз таасир бергени баарыбызга маалым. Бүгүнкү күндө коомубузда көпчүлүк адамдар жашоосуна жана айланадагы көп нерсеге нааразы болуу менен күн кечиришет. Коомубуздагы адамдар арасында өз жашоосуна, жакындарына, саясатчыларга, көрсөтүлгөн кызматтарга, бааларга деги эле баарына нааразы болуу, наалуу адаты кенен таркаган. Муну менен бирге эле ич ара бири-бирин ушактоо, сындоо сыяктуу терс көрүнүштөр жыл санап кулачын кенен жаюуда. Бул терс көрүнүштөр жашообуздун коркунучтуу социалдык-психологиялык илдетине айланууда. Илимий изилдөөлөр терс энергиянын көрүнүштөрү болуп эсептелген жогорудагы сапаттар коомдо жайылган сайын социалдык катаклизмдердин пайда болушуна себепчи болорун тастыкташкан.

Адамдардын тиби

Коомдогу адамдар психологияда 4 типке бөлүнүп каралат:

(Адам өзү мен жана +(оң) жана – (терс) энергиялардан турат)

1. Мен+ Сен+ Бул адамдар өзүн да, башкаларды да баалай билген адамдар

2. Мен+ Сен- Бул текебер адамдардын позициясы

3 Мен- Сен+ Бул типтеги адамдар өзүлөрүн кем, башкаларды өйдө көргөн адамдар

4 Мен- Сен- Бул тип өзүнүн өйдө боло албашы менен башкаларды да өйдө кылып көрө албайт.

Адамдар эмне себептен наалышат, даттанышат, арызданышат?

Негизи адамдар бул дүйнөгө бийлик кылуу үчүн жаратылган. Бийлик кылуу үчүн дегенибиз жандуу, жансыздарга көзөмөл кылуу жана аларга ээлик кылуу. Муну менен гана чектелип калбастан бардык адамдар атаандашып, бири-бирин башкарганды да каалашат. Ошондуктан адамдар:

• Өзүнө көңүл бурдуруш үчүн;

• Бийликкке жетүү үчүн;

• Актануу үчүн;

• Жоопкерчиликтен качуу үчүн;

Бирөөнү жамандап, өзүн андан артык көрүү үчүн жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга барышат.

Наалуу, бирөөлөрдү ушактоо, сындоо ден соолукка кандай таасирин тийгизет?

«Нобель» сыйлыгынын ээси, япон окумуштуусу Масаро Эмото квантттык физиканын негизинде адамдын оозунан чыккан жакшы жана жаман сөз суунун түзүлүшүнө, биоталаасына, анын энергиясына кандай таасир берерин ачык-айкын далилдеп берди. Адамдын дене түзүлүшүнүн 80%ын суу түзгөндүктөн, негативдүү сөздөр жана терс эмоциялар адамга түздөн-түз залакасын тийгизет.

Демек, адам нааразы болуп наалып, ушак айтып жана сындап жатканда анын биохимиялык түзүлүшү, психо-эмоционалдык абалы негативдүү болот. Ушул учурда адамдын организминде терс энергия топтолот. Бул болсо стресске, депрессияга алып келет, ал эми бул психологиялык чөгүүлөргө кабылган адамдардын көпчүлүгү рак оорусуна чалдыгары белгилүү. Ал гана эмес өз өмүрлөрүнө кол салууга чейин баргандар жок эмес.

Дагы бир көңүл бөлө турган жагдай бейтапканага («ДемНур» клиникасына, ред.) келген жалпы адамдардын үчтөн эки бөлүгүн психоматикалык оорулар түзөт. «Психо» - аң-сезим, «сома» - дене, тулку бой дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда негативдүү ойлордун жана эмоциялардын (арман, ыза, таарыныч, стресс, депрессия ж.б.у.с.) таасиринен пайда болгон оорулар.

Наалыбай кантип жашасак болот?

Белгилүү америкалык психолог Уилл Боуэн адамдардын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын, адаттарын жакшы жагына өзгөртүү максатында кызыктуу жана пайдалуу ыкма ойлоп тапкан.

Бул ыкманы автор абдан жөнөкөй силикон резинасынан жасалган «Наалыбай жашайлы» (Жизнь без жалоб) деген жазуусу бар билериктерди колго тагып алууну сунуштайт. Бул идеяны ишке ашырам деген адам оозунан чыккан ар бир сөздү көзөмөлгө ала баштайт. Кокус адам өзүнүн наалып, ушак айтып же сындап жатканын байкаса дароо бир колундагы билерикти экинчи колуна алмаштыруу менен эмоциясын башкарып оюн жыйноого үйрөнөт. Туш келди, маанисиз сөздөрдү айтуудан сактанып, өзүн-өзү көзөмөлдөй баштайт.

«ДемНур» медициналык борборунун директору Шайлообек агай өзүнүн отуз жылдык кесиптик тажрыйбасынын негизинде аталган ыкманы элге дагы да көбүрөөк таасир эттирүү максатында тереңдетип иштеп чыккан. Билерик бат эле үзүлүп калгандыктан аны кадимки эле манжага тагылчу шакекке алмаштырган. Буга кошумча дем алуу көнүгүүлөрүн да сунуштайт. Ушак айтып жатканын байкап калган адам колундагы шакекти чыгарып башка колго салып жатканда терең дем алып, демин ичине 5 секундга чейин кармап туруусу керек. Ошол 5 секунддун ичинде адам оозунан чыгып кеткен сөздү баамдап, талдайт. Ошентип өзүн-өзү, оозунан чыккан сөздөрүн жана терс сезимдерин көзөмөлгө ала баштайт.

Бара-бара шакек же билерик ооздон чыккан сөздөрдү көзөмөлдөөчү «куралга» айланат. Арадан эки же төрт ай өткөн соң (бул ар бир адамдын абалына жараша) туруктуу натыйжа байкала баштайт. Билерикти же шакекти эртең менен оң колуңузга тагып, кечке чейин алмаштырбай жүргөнүңүздү байкайсыз. Демек, бул сиз бир күн бою наалыбай, ушак айтпай же сындабай жашоого ыраазы болуп жашаганга жетишкениңизди билдирет.

Мына дал ушул күндөн тарта сиз 21 күн наалыбай, бирөөлөрдү ушактабай жана сындабай жашай турган болсоңуз анда сиздин аң-сезимиңизде, кулк-мүнөзүңүздө укмуштуудай керемет өзгөрүүлөр болот. Психология илими далилдегендей адамдарга жаңы адатты пайда кылуу үчүн туптуура 21 күн керек экен.

Уилл Боуэн: «Эгер жер шаарында жашап жаткан адамдардын 1%ы - 70 миллион адам жогорудагы терс сапаттардан арылып жашаса анда адамзаттын тарыхында укмуштуудай чоң өзгөрүү болот»- деп айткан.

Эгерде Уилл Боуэн айткандай боло турган болсо, биздин Кыргызстандын 1%ы - 60 миң адам наалыбай, ушакташпай жана сындашпай жашаса өлкөнүн өнүүгүсүнө карай багыт алган болот элек.


Даярдаган: Бекжан Ишенбайтегин