Дүйнө

Кыргызга ажо болом дегенге Макрондон төрт-беш ой

8 апреля 2017 г. 13:25

Баарынын президенти болуу

Быйыл Франция да бизге окшоп президентин шайлайт. Бул өлкөнүн калкы да саясий партияларга ичи чыкпай калган. Ошондуктан өлкөдөгү түрдүү тайпалардын мүдөөлөрүн бириктиргенге аракет кылган талапкер алдыга озуп чыга баштады.

Дүйнөдө салттуу деп эсептелген ишкерлердин жана капиталдын таламын талашкан оңчул же коомдун жөлөк пулга муктаж алсыз тайпаларынын көйгөйүн чечүүгө белсенген солчул саясий партиялардын күнү бүтүп бараткан сыяктуу. Франциядагы президенттик жарышта алдыга чыккан Макрон сыртынан караганда эскичил консерваторлор менен жаңычыл прогрессисттердин ортосунда тандоо сунуштап тургандай көрүнөт. Бирок 39 жаштагы саясатчынын негизги өзгөчөлүгү түрдүү булактан келген идея жана салттарды жерине жараша колдоно алгандай күчтүү эркке жана ийкемдүүлүккө ээ болгонунда деп баамдашкан француз саясат таануучулары.

Франциянын учурдагы президенти Франсуа Оландын мурунку Экономика министри Эммануэль Макрондун президенттик ат салышка партиянын эмес “Алга!” деген жаңы түзүлгөн коомдук кыймылдын атынан киргени да саясий серепчилердин божомолун тастыктагансыйт. Elabe социологиялык институтунун сурамжылоосу боюнча Макрон 26% добуш менен буга чейин алдыда келе жаткан Улуттук фронттун талапкери Марин Ле Пенден (24,5%) бир жарым упай алдыга чыккан. Франциянын негизги 11 сурамжылоо институту Макрон экинчи турда Ле Пен айымды артка калтырып, жеңил жеңип алат деген божомолдорду кылууда.

Мындан улам кыргыз президенттигине келем деген адам да бир тараптуулуктан болушунча качып, ар бир ири топтордун радикалдуу эмес бөлүгүн өзүнө тартканга аракет кылуусу керек. Себеби кандай болбосун топто радикалдар азчылык болору белгилүү.

Партиялардан жана учурдагы ажодон оолак болуу

2014-жылга чейин эч ким тааныбаган бул жаш саясатчы акыркы жарым жыл ичинде президенттик шайлоонун лидери болуп чыга келди. Талапкерлердин арасында 20-мартта өткөн дебаттарда Эммануэль Макрон тажрыйбалуу атаандаштарынын баарынан күчтүү көрүндү. Март айынан баштап аны жактаган шайлоочулардын, “Макронду биротоло тандап алдым” - дегендери 12 пайызга көбөйүп, 51%га жеткен. Аны колдогондордун 47 пайызы ал, “республиканын жакшы президенти болот” - деген ойду тандашкан. Бул анын атаандаштарынын тарапкерлеринин мындай суроолорго берген жоопторуна караганда бир топ эле жогору болуп чыккан.

Көп таанымал эмес жаш саясатчы буга чейинки президенттеринин орто жашы 61 болгон өлкөдө мынчалык ийгиликке жеткени таң калтырат. 2014-жылы ал Экономика министри катары экс-премьер-министр Кристофер Вальстын өкмөтүнө кирип, 2016-жылдын август айында ишкерликти жеңилдеткен мыйзам кабыл алдырганга жетишкен. Былтыр ноябрь айында өкмөттү дайындаган партиянын ичинен президенттикке аттангандардын жарышын «кландардын тытышы» деп сындап, апрелде өзү түзгөн «Алга!» кыймылынын атынан ажолукка аттанды. Мындай чечкиндүүлүк ага эки артыкчылык берген. Биринчиден ал өзү иштеген өкмөттү дайындаган учурдагы президент Франсуа Оланддын кетирген каталарынан обочолонду. Экинчиден азыр француздардын 12 пайызы эле жактап калган партиялык системанын сыртында экенин көргөзө алган. Ошондуктан учурдагы партияларды демократиялык системаны туңгуюкка кептеди, өзүнө гана жакын топторду колдойт жана жемкорлукка белчесинен батты деп кенен-кесир айыптаганга мүмкүндүк алды.

Демек кыргыз ажолугунун аламан байгесине түшкөн жигит да акыркы жергиликтүү шайлоодо кыргыз элинин жеригени билинип калган партиялардан өзүн обочо кармашы керек. Мындан сырткары, «30 пайыз шайлоочу келбей калабы?» - деп корккон акыркы Конституциялык референдумда рейтинги түшкөнү билинип калган учурдагы президенттик администрациянын каталарына тиешеси жок экенин далилдегени да такты үчүн жарышта жакшы жардам болмок.

Кымбат саясий технологияларды колдонуу

Эммануэль Макрондун саясий технологияны эң жогорку деңгээлде колдонгондугу да анын негизги артыкчылыктарына кирет. Анын шайлоо компаниясын 1980-1983-жылдардын аралыгында төрөлгөн америкалыктар багыттап жатат. Француз прессасы, «бостондуктар»- деп атаган Гийом Лиегей, Артур Мюллер жана Винсент Пон тогуз жыл мурун Барак Обаманы жеңишке сүрөшкөн. 2012-жылы учурдагы француз президенти Франсуа Оландды карапайым калк арасында тааныткан. Алар түзгөн Liegey Muller Pons компаниясы Макрондун чечим чыгаруу борбору болуп калды.

Макрон өзүнүн шатабы менен биргеликте шайлоо компаниясын сан жана сапаттык социологиянын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүп келе жатат. Командасы жаш талапкер уюштурган митинг болчу жерлерге сүрөөчүлөрдү атайын түзүлгөн схемага жараша отургузуп, бул иш-чараны удургуган шоуга айлантып, теледен эң жогорку рейтингдерге жетүүдө. Теледеги мындай натыйжага көмүскө сүйлөшүүлөр жардам берип жатат деген күмөн кылса да болот. Себеби байкоочулар кээ бир телеканалдар башка төрт талапкердин баарын канча убакыт берсе, жалгыз Макрондун шайлоо кампаниясына ошончо мөөнөт айрып жатат деп божомолдошкон.

Бул бөлүктөн төмөнкүчө жыйынтык чыгарсак болот. Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстандагы президенттик жарыш көп каражатты талап кылат. Анда жеңем десең сунган кызматын жогору баалаган, күчтүү саясий технологдорду тартуу керек. Мындан сырткары өзүңө берилген, идеяларыңды колдогон жана жан үрөп иштеп берген санаалаштарың арбын болсо жакшы. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кожоюндары менен жакшы алакада болгонуң да упай топтоого шарт түзөт.

«5 алгандар менен 3кө окугандардын тиреши»

IFOP изилдөө компаниясынын маалыматына караганда Эммануэль Макрон тең салмактуу, кылдат компания жүргүзүүдө. Мисалы 35 жашка чейинкилер менен 65 жаштан жогорку шайлоочулардын тең 22ден пайызы аны колдошот. Ортодогу башкаруучу тайпа жана интеллектуалдык эмгек менен нан таап жегендер, жалпысынан орто жашагандардын бардык топторунун арасында да Макронду колдогондор күн санап арбып бара жатат. Бирок Макронду эң көп чочутуп тургандар – карапайым жумушчулар. Себеби активдүү жана жаңычыл жаш лидерди алардын 9 пайызы гана колдойт.

Улутчул шовинист Марин Ле Пен айымды колдогондор менен салыштырганда, бакалавр диплому да жоктор Макронго караганда улутчул шовинист Ле Пен айымга эки эсе (17% жана 31%) көп добушун берип жатат. Тескерисинче жогорку билимдүүлөрдүн добушун Макрон (29% жана 12%) талапкер айымга караганда эки эседен көп алган. Бул көрүнүштү кээ бир аша чапкан саясат таануучулар «5 алгандар менен 3 алгандардын» таймашы деп да атап жиберди. Башкалары болсо бул трендге «глобалдашуудан уткандар менен утулгандардын» тирешүүсү деген ат коюшту. Себеби көп тил билип, билимиң канчалык жогору болсо, глобалдашуудан ошончолук пайда табасың.

Билимдүүлүккө жараша добуш берүү тенденциясы буга чейин байкалган. Мисалы Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун колдогондордун жана АКШда биздин Нурлан Мотуевге окшогон мүнөзү бар Дональд Трампка добуш бергендердин көбү жогорку билими жок жумушчу тайпадан болуп чыккан.

Биздин ноябрдагы президенттик шайлоого киргендер да коомдук сурамжылоого жараша аракет кылса зыяны тийбейт деген ойдобуз. Кимге кандай сөздөр менен кайрылып, кандай иш-аракеттер менен көңүлүн алса болорун жакшыраак аңдашмак. Мындан сырткары, «Кыргызстандагы кыргыздан башка улуттарга кандай мамиле кылуу керек? Кыргыз жаранынын глобалдашууга байланыштуу күтүүлөрү менен чочулоосу эмне себептерге байлыныштуу? Батышчыл, орусчул, мекенчил тайпаларынын мүчөлөрүнүн жаш курактары, билим деңгээли кандай?»- деген сыяктуу актуалдуу суроолорго жооп табуу да келерки шайлоого аттангандар үчүн манилүү деген ойдобуз. Ар бирине ниетине жараша ийгилик каалайбыз жана маданияттуулукка чакырабыз.


«Саресеп» гезитинин аналитикалык тобу