Адабият/Тарых

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: Карамушкина каалаган сотуна кайрылсын!

8 апреля 2017 г. 12:52 2628

- Жеңиш мырза, “Муктар Өмүракуновдун көзү өтүп кеткенден бери “Замандаш” партиясынын багы ачылбай келет, төрагалыгы талаш-тартышта. Дагы кандай “интригалар” бар?

- Кепти партияны түптөп, көптөгөн жакшы иштерди кылып кеткен Муктар Өмүракуновдон баштасак. Муктар байке мигрант болуп иштеп, мекендештердин укугун коргоп, ар тараптан жардам кылуу максатта 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн. Ал мамлекет жасай албаган иштерди аткарып, жүз миңдеген мекендештерибизге жардам берген. Кетип жаткан жарандарыбызды алып калганга да аракет кылган. “Легпром” ассоциациясы ачылып, жеңил өнөр жайда 150 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү. Мунун баары мамлекет чеччү иш экенине көзү жеткен Муктар байке 2007-жылы “Замандаш” саясий партиясын түзгөн. Партияны өнүктүрүү туурасындагы идеяларды өз колу менен программасына киргизген. Бирок, кырсык болуп, ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

2012-жылы партия өлкөдөгү эң абройлуу жана таасирдүү үч партиянын катарына кирген. Бирок, 2015-жылы каталар кетти. Сырттан келген айрым топтор жана адамдар партияны талап-тоноп, жок кылууга аракеттенди. Ошолордун кесепетинен партия парламенттик шайлоодо марага жетпей калды. Азыр партиянын курамына жаңы жүздөр, жаңы күчтөр келди. Теңтөрагалар алмашты: бири – Өмүрбеков Данияр Өмүрбекович. Ал да жаш, жигердүү жигит, партияда башынан бери келаткандардын бири. 2016-жылы Курултайыбызда: “Өмүракунов Муктар Сүйүналиевичтин партияны өнүктүрүү боюнча жазган идеялары аткарылышы керек! Багыты, максаты бурмаланбашы керек!”, - деген чечим бекиген. Муктар байкенин калтырган идеяларын ишке ашыра баштадык.

- “Бийликчил партия” деп да атыгып калдыңар?

-Ал ырас. Себеби, саясий нерселерге үн катпай келди да. Азыр болсо бардык нерселерге катышып, өз позициябызды айтып келатабыз. Кудай буюрса, биздин партия президенттик шайлоого кандай жол менен, кимди алып чыгарын жакынкы маалымат жыйынында айтат.

- Башкалар менен биригүүгө кандай карайсыңар?

- Биригүү жакшы көрүнүш. Мамлекеттин жана жалпы элдин кызыкчылыгында көз карашыбыз туура келсе, максатыбыз, багытыбыз бир болсо, албетте колдойм. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстанда абийирдүү, таза, чоң партиялар саналуу эле да, анын бири – “Замандаш” партиясы. Азыр коомчулукта: “Жогорку Кеңеш таркайт, таркабайт!” деген сөз жүрүүдө. Биздин партия ага деле даяр жана катышат!

- Бул Парламент “балык” деген атка конду. Сен кандай баа бересиң?

-Парламент көп ката кетирди. Себеби, Конституцияда жазылган нерсени аткарышкан жок. Алсак, 2010-жылы жана 2016-жылы кабыл алынган Конституцияны “чуулгандуу маселе Парламенттин ичинде чечилип, талкуулансын” - дебедик беле. Бирок Парламент алсыздыгын көрсөттү. Ар кандай маселе сыртка чыгып, эл көтөрүлүп жатат да. Мындай Парламент таркашы керек! Бирок ал өзүн өзү таркатпаса эч ким тарката албайт. Ли Куан Юнун: “Шайлоодо канча көп акча чачып келген топ ошону кайра чыгарып алганга умтулат”, - деп айткан жакшы сөзү бар. 2015-жылы Парламентке депутаттар не деген акчанын күчү менен келишти. Эл жаңылбашы керек. Эл-журтка күйгөн, мекенин, элин, жерин сүйгөн депутаттар келиши зарыл! Эли да тууганчылыкты, жердешчиликти ташташы керек! Элге жараша бийлик келип жатат.

- Бул Парламент “Ата-Мекен” партиясын өгөйлөп Өмүрбек Чиркешовичтин кайрылуусун укпай койду. Ушул туурабы?

-Кепти башынан айтайын. Юридикалык жактан алганда, Өмүрбек Чиркешовичтин иш сапарынан келатканда, террористти кармагандай аэропорттон кармалышы туура эмес. Келгенден кийин суракка чакырып, такыр эле келбей койсо, анан кармаса жарашмак. Экинчиден, бул инсан тажрыйбалуу, белдүү, көрүнүктүү, чоң саясатчы. Үчүнчүдөн, башка мамлекеттин жараны, өз өлкөсүндө шылуун атыккан Маевскийдин оозу менен кыргыздын беделдүү саясатчысын УКМКнын жамандатканы күйгүзүп жатат. Мен өз элимди сүйөм, кыргыз үчүн күйөм. Башка мамлекеттин өкүлүнө кыргыздын саясатчысын “жем” кылып жатканыбыз өкүндүрөт. Текебаевдин аталган 1 миллион долларды алганы ачыкталса өтө катуу чара көрүлсүн. Бирок, аны кыргыздар жамандап, кыргыздар жазалап, кыргыздар мактасын да. Башка өлкөнүн жараны жабыркаса арызданып, даттансын, бирок саясий баа бергенге укугу жок! Төртүнчүдөн, Өмүрбек Чиркешовичтин кайрылуусу каралбай калганы – Парламенттин кемчилиги. Парламентте талкууланып, талашып-тартыша, карала турган маселе көчөгө чыгып кетти. Ошондуктан элде ишенич жок. Парламентке саясий баа берүү учуру келди! Бюджеттин эсебинен айлык алып, жашап келатышат. “Машинадан баш тартабыз” - деп көкүрөк каккан, кана? 70тен ашык машина гаражда турат. “Велосипед менен жүргүлө!” - десе, Кожобек Рыспаев, “башка чабат” - деп элден коркуп жатпайбы. Анда эмне эл өкүлү болуп отурат? Эл шайлагандан кийин элден коркпой, эл менен бир болушу керек да. Легендарлуу Парламентке интеллигенция келип, микрофонго чыгарда даярданчу. Үч мүнөттөн ашпай, көтөргөн маселесин айтып, түшүп кетчү. Маанилүү маселени түнкү саат 2-3кө чейин талкуулашчу. Азырчы? Алтыга чейин да отурбайт. Сессияда 15-20 гана депутат отурат. Калган 100-105 депутат кайда?

-Крымда. Тамаша. Ирина Карамушкинанын Крымга барып даттанганы алигиче элдин көңүл борборунда. Анын айткандарын кандай кабыл алдың?

-Чынын айтсам, Карамушкина жөнүндө сүйлөгүм да келбейт. Себеби, анын сөзү өтө жийиркеничтүү. Муну жоопкерчилик менен айтып жатам. Каалаган сотуна кайрыла берсин. Анткени, мен – Кыргызстандын жаранымын, кыргыздын кулуну, атанын уулумун. Карамушкинанын кылган кылыктары чектен чыгып, айткандары аша чаап кетти. Буга тез аранын ичинде саясий жана укуктук баа берилиши керек! Башка мамлекетке барып, өзүбүздүн өлкөнү жамандап, коллегаларын сындаш уят нерсе. Ага мандатты Кыргызстанда жашаган эл берип жатат. Анын алган айлыгы, минген машинасы, куйган майы, креслосу, трибунасына биз салык төлөп, багып жатабыз. Биз берген акчаны “жеп”, тиги жакка барып жамандаш өтө жаман көрүнүш.

- Ажобузга алты жыл болду, кандай көрүнүктүү иш кылды деп ойлойсуң?

- Президенттин жакшы иштери арбын. Орчундууларын атасак, жогорку түштүк менен түндүктү бириктирген “Датка-Кемин” электр чордону менен чубалгысы ишке кирди. Ал КРны энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирди. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун салынып жатканы, стратегиялык мааниге ээ. Өзгөчө, Баткен жана Ош облустарындагы жолдордун салынышы коңшуларга болгон көз карандылыктан бошотту. 20 жыл бою коңшу мамлекеттер колдонуп келген мамлекеттик объектилердин кайтарылышы эрктүү иш болду. Алардын ичинде ири суу сактагычтар, кампалар, пансионаттар ж.б. Элдин жашоосу жалгыз материалдык байлыкка байланбайт. Президент диний эркиндикти сактап, дин багытында өтө олуттуу иш алып барды. Кыргыздын касиеттүү дөөлөттөрүн бекемдөөдө жасаган иштери да колдоого аларлык.

- Кемчилигичи? Мисалы, Акаев, Бакиев деп эле жамандап келатат. Бирок, Максим Бакиевдин жерине хан сарай салганы туурабы?

- Туура эмес! Негизи эле “Акаевчил”, “Бакиевчил” деген сөздөн эл тажап бүттү. Муну токтотуш керек! Тышкы, ички карыздарыбызды көбөйткөн чоңдордун тойбойстугу! Алган каражаттардын кайтарымы бар экенин унуткан мамлекеттик кызматкерлер эртели-кеч жооп берерин унутушпаса!

- “Сапар Исаков президент болот. Ажобуз аны тымызын мураскерликке даярдап жатыптыр” деген имиш айтылууда. Бул божомол туурабы?

- Айталбайм! Өзүм жеке укпаганымдан кийин, антип айтуу туура эмес. Кандай болгон күндө да бардык нерсени бир Кудай билет. Бир нерсени кайталап айкым келет, так маалымат болбогондон кийин, “дейт го, имиш” деген сөздөрдү колдонбойлу.

- Кээде имиштер туура чыгып калып жатпайбы?

-Менимче, Алмаз Шаршенович мураскер калтыра албайт. Шайлоодо эл чечет! Өзү деле айтпадыбы мураскер калтырбайм деп. Ошол сөздөрүнөн кийин, ага саясий оппоненттер да, коомчулук да жол бербейт! Анын үстүнө азыр саясатчылардын биригип жаткан учуру. Бул бир. Экинчиден, КСДП өзүнүн талапкерин жарыялоого укугу бар.

-“Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп аталганы менен өтө ыплас көрүнүштөр болууда? Бизге ыйманбы, акчабы же билим жетишпей жатабы?

-Адам баласы ар дайым ыйманга суусап келет. Ыйманың жок болсо курсак тойбойт, напси тыйылбайт. Ыйманы жок билимдүү ар дайым өзүн гана ойлойт. Анткени ал билимин өзү үчүн гана иштеткиси келет. Андыктан, бүгүн элибизге ыйман жетпей жаткан учур. Кудайым баарыбызга ыйман берсин!


Маектешкен: Назира БАЯН кызы