Коом

Санариптен тазаруу: смартфономаниядан кантип кутулса болот?

2 апреля 2017 г. 16:34 621

Кыска мөөнөткө болсо да, санарипти ашкере колдонуу өнөкөтүнөн тазаруу аракети пайдалуу адаттарды калыптоого жана туура эмес сезимдерибизди көзөмөлдөөго жардам берет.

Ар бирибиз итернетти чукулап убакыт өткөрүү канчалык натыйжасыз экенин жакшы билебиз. Бирок күнү-түнү ага байланганыбыз байланган. Смартфондорго байланып калуудан арылууга жардам берген кесипкөйлөр адам өзүн көзөмөлдөй алышы үчүн маал-маалы менен санариптик жабдыктардан толугу менен баш тартып туруусу керек деген кеңеш беришет.

Америка Кошмо Штаттарынын Калифорния штатынын борбору Лос-Анжелестин жанында жайгашкан жарым миллиондук Лоң-Бич шаарындагы үйүн тыштап, эс алууга кеткен сайын Дэвид Эриксон өзүнүн смартфонунан баш тартууга мажбур. Себеби ал өргүүсүн жыл сайын Панаманын түштүк жээгинде өткөрөт. Ал жерде wi-fi жок, мобилдик интернет да тартпайт. Ошондуктан ал электрондук кат келчү кутучасын текшергенге же коомдук тармактарга кире албай калат. Аларды бул жакка коелу, жөн эле телефон чалыш үчүн ар кайсы дөбөдөн байланышка чыгууга аракет кылыш керек. «Менин чөнтөк телефонум сааттын ишин эле аткарып калат», - дейт санариптик конференц-байланыштарды уюштурган компанияны негиздеген Эриксон.

Өргүүнүн бир-эки күнү байланыштын жоктугу оңтойсуздук сезимин пайда кылат. Дэвид телефонун үнсүз режимге коюп салдымбы деп кайра-кайра текшерет. Интернети араң зорго иштеген жакынкы мейманканага барып келсемби деген ойлор келет. Дөңсөөлөргө чыгып-түшүп кеңсесине байланышууга аракет кылат. Байланышсыз калууга дароо көнүп кетүү кыйын. «Тимеле кыямат кайым келе жаткан сыяктуу сезилет, байланышсыз калуу коркучу акылдан айнытат», - дейт ишкер.

Чочулоо мөөнөтү

Адам баласы өзүнүн гаджеттерине мынчалык байланып калган доорду башынан өткөрө элек болчу. Deloitte компаниясынын маалыматына карасак, Facebook коомдук тармагын колдонгондордун саны 2016-жылы 1,86 миллиардга жетти. Бул ар төртүнчү адам бул тармакта отурат дегендик. Интернетти колдонуучулардын 24 пайызы Twitter аркылуу, 29 пайызы болсо LinkedIn аркылуу баарлашат дейт Pew Research коомдук пикирди изилдөө борбору.

Facebook тастыктагандай, ага кирген адамдар орточо алганда күнүнө 50 мүнөтүн коротот. Андан сырткары алар түрдүү сайттар, кат кутучалары жана коомдук тармактарда ары-бери секирип отуруп, көңүлүн бир жерге топтой алышпай ишмердүүлүгүн аксатышат.

Маал-маалы менен биз интернетке мынчалык байланып калганыбыздан чочулап, андан алыстоого чын дилден киришебиз. «Мындан кийин кезектеги тартышка кызарып-татарып кирип кетпейм же тамак ичип жатып телефонду карабайм» - деп өзүбүзгө-өзүбүз убада беребиз. «Бирок виртуалдык байланышсыз калуу дароо жүрөгүбүздүн үшүн алып, алды-артыбызды карабай кайра онлайнга кайтып келүү сезимин пайда кылат», - деп белгилейт Бостон университетинин психология илиминин профессору жана сезимдерди изилдөө боюнча адис Стефан Хоффман. «Бул – «санариптик айгай». Коомдук тармактарга байланып калуу кесепетинен пайда болгон терс сезимдер депрессия абалынын тереңдешине түрткү болушу мүмкүн», - деп кошумчалайт кесипкөй. Санарипке байланып калуудан арыла албасын сезген адамдар өзүн бактысызмын деп эсептей башташат.

Айрым инсандар интернетке байланыша албай калганда ачууланып башташат. Алар өзүнө келчү кандайдыр бир коркунучту көз жаздымда калтырбаш үчүн дүйнө кабарларын дароо билип туруулары керек экенине ишенип алышкан деген ойду айтат Хоффман. «Биз ушундай өз көлөкөбүздөн чочуган доордо жашап жатабыз», - дейт психолог.

Жүйөлүү себеп

Будапешттеги Венгр илим академиясынын жана Этвеш Лоранд университетинин изилдөөчүлөрү смартфонунан убактылуу ажыратылган жаштардын дээрлик төрттөн үчү «жылышып кеткен жүрүм-турум» - деп аталган, ыгы жок шашкалактоо жана тегерегиндегилерди жадатма аракеттерге дуушар болушкан.

«Билбестик бактылуулугу» китебинин автору Кристина Крук коомдук тармактарга байланыштуу тынчсызданууну азайтуу үчүн өзүңүздүн интернеттеги жүрүм-турумуңузду эмнеге өзгөрткүңүз келип жатканыгыңызды тактап чыгуудан баштоо керек деген кеңеш айтат. Мисалы коомдук тармактардан үнөмдөп калган убактыңызды үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен көбүрөөк баарлашууга жумшасаңыз болорун өзүңүзгө эскертсеңиз болот. Эмне үчүн эмнеден баш тартып жатканыңызды тактап алсаңыз тынчсызданууңуз азайганы кадимкидей сезилет деген ишенимде Кристина Крук. «Коомдук тармактарга татыктуу альтернатива жок болсо, эркиңиз канчалык күчтүү болбосун, алардан ийгиликтүү баш тартууга жетпейт», - дейт изилдөөчү айым.

Адамдар онлайн баарлашууга түрдүү себептерден улам байланып калат. Айрымдары кызыктуу иш-чарага чакырууну же ат тезегин кургатпай тааныштарын ушактап калууну өткөрүп жибербейин дешет, башкалары узак мөөнөттөн бери кылдат калыптап келе жаткан коомдук имиджи жабыркап калат деп коркот. Дагы бири гаджеттерге иши дайыма коомдук тармактарда болуп туруусун талап кылгандыктан байланып калат. Ошондуктан желеде эмне кылып жүргөнүңүздү жана ал сизге пайда алып келип жатабы деген суроону өзүңүзгө тайманбай бериңиз. Бул байланып калууңузду ооздуктаганга жардам берет.

Калифорниялык Betterworks IT-компаниясынын президенти Крис Дуган жумушунан бир аз эс алуу үчүн Facebook тармагына кирип турууну адат кылып алган. Учурда бул адаттан баш тарткан. «Башында бул коомдук тармак бир аз алаксытып, жеңилдетчү», - дейт Крис. Бирок жаңылыктар тасмасы саясий кабарларга толуп турса каяктагы эс алуу болмок эле. Смартфонго ашыкча байланып баратканын дароо сезгени аны бул илдеттен сактап калды. Өткөн айда Дугандын компаниясы кызматкерлеринин арасында сурамжылоо өткөрдү. Алардын ар бири саясий жаңылыктарды окууга күнүнө эки саат сарптап жатканы, төрттөн бири болсо мындай кабарларга үч сааттан ашык убакыт коротору тастыкталган.

Санариптик уулануудан кантип арылса болот?

Коомдук тармактардан чыгуу маанилүү бир нерсени убагында билбей калам деген коркунуч алып келиши мүмкүн. Бирок кыска мөөнөткө да болсо санариптик жабдыктардан толугу менен баш тартуу пайдалуу адаттарды калыптоого жана туура эмес сезимдерибизди көзөмөлдөөгө жардам берет деген ойдо Кристина Крук. «Мындай тактика чын эле тынчсызданууну азайтат, себеби сиздин интернеттен толугу менен ажыроодон башка тандооңуз жок», - деп түшүндүрөт кесипкөй. Смартфонуңузду автономдуу режимге коюп, коомдук тармактардын тиркемелерин экраныңыздан алып салыңыз. Айрыкча кечкисин андан ажыроо кыйынга тургандыктан Крук смартфонун күндө кечки саат сегизде өчүрүп салат.

Бирок мындай кылуу санариптик уулануудан айыгуунун жападан-жалгыз ыкмасы эмес. Профессор Хоффман коомдук тармактардан эмнени күтүп жатканыңызды жана аларды кандай колдонгонуңузду ачыктап алууну сунуштайт. Бул ыкма смартфонду жөн эле ача берүүдөн баш тартууга шарт түзөт.

Коомдук тармактар адамдарды бириктирип, жалгыздыктан куткарган сыяктуу сезим берери эч талашсыз, бирок инсан акыры мындай байланыштар жасалма экенин сезе баштайт. Интернет көзмө-көз баарлашууга барбай, кандайдыр бир жок эле топко таандыктык сезимин берет. «Интернет желесинен пикирлештерди таап, сенин алардын бирөөсүнө керектигиңди сездирет», - дейт окумуштуу.

Желеде онлайн салаңдап тургандан көрө сизди кызыктырган тема боюнча тирүү баарлашууга убакыт табыңыз. Өзүңүздү ашкере жемелей да бербеңиз. Эркиңиздин жетпей жатканына ачуулануудан мурун бардык медиа-форумдар сизди смартфономанияга азгырып кирип, кайра кое бербегендей болуп атайын түзүлгөнүн эсиңизден чыгарбаңыз. Мисалы көпкө чейин кирбей калсаңыз Facebook менен Twitter сизге кат жолдой башташат.

Чын дилден киришсеңиз мындай көнүмүш адаттан кутулуу кыйынга турса да толук мүмкүн экенин билүү дем берет. «Бул кармашта бир нече жолу уттурасыз, бирок эң негизгиси кайра дагы бир жолу аракет кылып көрүү мүмкүндүгүнөн эч качан ажырабайсыз», - дейт Кристина Крук.


Алина Дизик, BBC Capital