Жорум

Бул жылы помидорду өстүрүү кооптуу

2 апреля 2017 г. 14:50 524

Томат зыянкечтеринин эң коркунучтуу түрү жөнүндө мамлекеттин башкы адиси Сеил Эргешова, илимий кызматкер Таир Эсеналы уулу, ишкер Тилек Токтогазиев жана биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев ой бөлүштү.

Помидор күбөсү

Помидор күбөсү эң кооптуу зыянкечтердин катарына кирет. Анткени ал өсүмдүккө көчөт мезгилинен баштап, мөмө байлаган убагына чейин зыян алып келет. Бул күбө помидордун жалбырактарын, сабагын жана мөмөсүнө, кыскасы бардык бөлүгүн жабыркатууга жөндөмдүү. Зыяндуу көпөлөк күн чыгып жана батып бара жаткан маалда помидорго чабуул кылат. Анткени дал ушул убакта алардын активдүү жашоосу башталат. Күндүз алар жалбырактардын арасында жашынып жата берет. Көпөлөк жумурткаларын жалбырактардын терс тарабына, өсүмдүктүн мөмөсүнө жалгыздан баштап, 250-300кө чейин жумуртка таштап кете берет. Жумуртка таштагандан 4-6 күндөн кийин эжегебесалар пайда боло баштайт. Эжегебесалары 4 стадия же куракка чыгып отуруп, 12-15 күнгө чейин жашашат. 1-стадиядагы эжегебесалар жалбырактарды «миналоо» деп аталган жалбырактын сөлөкөтүн гана калтырып, шуудуратып жеп кете беришет. Ал эми калган стадиядагы эжегебесалар сабакка, жана бышкан мөмөгө залакасын тийгизишет. Күбө эжегебесасы өсүмдүктүн өзүндө же топуракта куурчакчага айланат. 2 жумадан кийин көпөлөктүн жаңы мууну чыга баштайт. Томат күбө көпөлөгүнүн жетилүү стадиясы температуралык шарттарга байланыштуу болот. Жагымдуу шартта аябай тез өнүгүп, 1 жылда 10-12 муун алмаштырып жибергенге үлгүрөт.

100 пайыз түшүм коркунучта

Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин илимий кызматкери Таир Эсеналы уулу Аргентина жана Чили өлкөлөрүндө помидор күбөсүнүн кесепетинен улам томаттарды сатууга чектөө киргизилген. Бул чектөөдөн эки өлкөнүн экономикасы чоң зыянга учураган. 2006-2008-жылдары Европа өлкөлөрүндө томаттардын түшүмүнүн 90-100%ы кыйрап калган. Эгерде биз да азыртадан бул көпөлөккө каршы күрөшбөсөк, 90-100% помидорду жоготуп алышыбыз мүмкүн экендигин айтат. Таир мырза: «Былтыр күз айларында дыйкандарыбыз помидордун курттап ооруганы тууралуу, илдет химиялык каражаттар аркылуу жугуп жатат окшойт деген божомол айтышкан. Бирок бул дарт химия жолдору менен жугуусу мүмкүн эмес. Мен октябрь айында өзүм талаадагы өстүрүлүп жаткан помидорлорду алып Кыргыз-Түрк "Манас" универститетинин лабораториясында текшерүү жүргүзгөнбүз. Биринчи капсуладагы жандыктарды изилдегенде эле алардын помидор күбөсү экенин аныктадык. Помидор күбөсү 1см узундуктагы күрөң түстөгү көпөлөк. Жумурткалары 0.2 мм-0.3 мм болгондуктан, жөн көз менен көрүүгө мүмкүн эмес. Бул зыянкеч помидор, калемпир, картошка жана баклажандын жалбырактарына жана алар отургузулган топурактарга жумурткаларын таштайт», - дейт.

Карантин киргизсек натыйжа берет

Биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиевдин баамында помидор күбөсү менен натыйжалуу күрөшүү үчүн, өлкө боюнча карантин киргизилиши керек. Коңшу Казакстан менен Орусияда буга чейин эле помидор күбөсүнө карантин киргизилген. «Бизде былтыр жаан-чачын көп болуп, помидор начар чыккандыктан күбө Орусия жана Казакстандан келген помидорлор менен кириши толук ыктымал. Бажы биримдигине кирген соң мындан ары тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн күчөтүп, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүүбүз керек. Ар бири өз арбайын соккон дыйкандарыбыз бул илдет менен күрөшө албайт, бул маселени мамлекеттик денгээлде чечиш керек. Дүйнө жүзүндө көпөлөктүн бул түрү менен күрөшүүнүн бир нече жолу бар. Алардын эң натыйжалуусу бул карантин киргизүү. Бул илдет каптаган жердин чегинен 3 км тегерегинде тазалоо иштери жүргүзүлөт. Тажрыйбада бул жакшы натыйжа берген. Биз колдонуп келген “ферамон тузактары” деп аталган ыкма помидор күбөсү менен күрөшүүдө жардам бербейт, болгону анын түрлөрүн жакшы аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Чара колдонбосо, помидор күбөсү бир жылда 10-12 муунга чейин көбөйүп кетет» - дейт илимпоз.

Помидор күбөсү менен күрөшүүдө өлкөбүздө дары-дармектер жок

Помидор күбөсү менен натыйжалуу күрөшүү үчүн өлкөбүздө дары-дармек чыгарылбайт, ошондуктан чет өлкөдөн алдырууга аргасызбыз деген ой билдирген Социалдык ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев сөзүн: «Кээ бир чоң күнөсканалар атайын препараттарды сатып алууга дарамети жетет, ал эми чакан ишкерлер сатып алууга чамасы келбейт. Себеби чакан жерди бир сыйра тазалап чыгууга эле 100 евродон ашык каражат керек. Бул зыянкеч бир жерге эле 200-260 даана жумуртка таштайт. Алар бат эле көбөйүп кеткени аз келгенсип, помдор талаасына сырттан да учуп кирет. Ошондуктан сырттан кирген айыл чарба продукцияларды катуу көзөмөлгө алып, келген товарларды текшерүүнү мамлекеттен суранабыз» - деген өтүнүч менен бүтүрдү.

“Помидор күбөсү” менен күрөшүү ыкмалары

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Сеил Эргешова: «Жылдын башында бул жана башка зыянкечтерди толук аныктоо максатында мамлекет Москвадагы “Бүткүл союздук өсүмдүктөр карантини институтуна” "ферамон тузактарына" буйрутма кылган. Ал эми бул зыянкечти жок кылабыз деп кайсы бир жерге карантин киргизип койсок, кайра карантинден чыгарууда бир топ кыйынчылыктар болуп калышы ыктымал. «Карантиндик объект» деп аталган жерден жер-жемишти экспортко чыгаруу мүмкүн эмес болуп калат», - деген жүйөлүү пикир айтты.

Өлкөдөгү помидор талааларына помидор күбөсү жакынкы жылдарда келди. Биринчи көпөлөктөр жана эжегебесалары өлкөбүздүн түштүк аймактарында аныкталган. Учурда бул зыянкеч Талас, Чүй өрөөндөрүнүн помидор талааларын каптоодо. Акыркы текшерүүлөрдүн натыйжасына таянсак күбө каптаган жердин жалпы аянты 20 гектарды түзөт. Мындан улам адистер кийинки 4 жыл помидорду айдабай кое турууну сунуштоодо.

Помидор күбөсүнө каршы кесипкөйлөр сунуштаган ыкмалар

  • Агротехникалык ыкма: Көчөттөрүн алып, сабактарын жулуп өрттөп тазалаш керек. Эгер күбө күнөсканага түшкөн болсо, мындан сырткары бир күкүм топурак калтырбай тазалап, жаңысына алмаштырыш керек. Ошону менен бирге, күнөскананын ичин гана эмес тегерегин да тазалап туруу абзел. Ал эми талаада которуштуруп айдоо жардам берет. Күбө «ит жүзүмдүү» уруусунан болсо, ал жерге 5-6 жылга чейин помидор, калемпир, баклажан экпөө сунушталат.
  • Биологиялык ыкма: Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Агробиоцентр” ишканасы иштеп чыккан «Трихограмма» көпөлөгүн колдонсо болот. Бул зыянкечтерди жей турган атайын өстүрүлгөн майда жырткыч күбө.
  • Химиялык ыкма: Кыргызстандын түштүгүндө «Апроклэм голд» деп аталган химиялык каражат колдонулуп, дыйкандардын айтымында аны менен күбөнү 95%га чейин жок кылуу мүмкүн. Ал дары химиялык каражат болгондуктан, күбөнүн эжегебеса да, көпөлөк да кезинде күрөшүүгө мүмкүн.

  • Даярдаган: Акылай Бакешова