Технология/Инновация

Элдин ырыскысын жебей башкарса болмок беле?

2 апреля 2017 г. 14:31 470

Орусиядагы митингдерге эл кара курсак айынан чыкты. Өкмөттүн бардык деңгээлиндеги жемкордук, экономиканы натыйжасыз башкаруу, бийликтин тойбогон ач көздүгү менен кенебес текебердиги карапайым элди жүдөтө баштады.

Орусиядагы 24-марттагы толкундоолорду агыткан Александр Навальный жана анын пикирлештери жер-жерлерде бөлүмдөрүн ачып, жергиликтүү бийликтин жүздөгөн арам кекиртектигин ашкерелеген фактыларды интернеттеги коомдук тармактарда жарыялаган. 26-марттагы бүткүл орусиялык нааразычылык иш-чараларына Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жөнүндө Навальныйдын жетекчилигиндеги "Жемкорлук менен күрөшүү" фондунун «Бул силерге Димон эмес» деген тасмасы себеп болгон. Бул тасмада Орусиянын өкмөт башчысы түрдүү схемалар аркылуу баасы миллиард доллардан ашкан хан сарайлар, жерлер, жүзүм талаалар, шарап чыгарган ишканалар жана кымбат баалуу яхталарга ээлик кылат деген кине айтылган. Тасма YouTube тармагында эле 11 млн. жолу көрүлгөн. Навальный өзүнүн жактоочуларын 26-мартта «Орусиянын аткаминерлеринин жемкордугун тергөөнү талап кылуу үчүн» көчөгө чыгуусун өтүнгөн.

Дмитрий Медведевдин пресс-катчысы Наталья Тимакова аталган тасма тууралуу: «Бийлик менен күрөшүп жатам шылтоосу менен дайынсыз шайлоо үгүтүн жүргүзгөн оппозициялык жана жазага тартылган персонаждын пропагандалык аракеттерин» жоругусу келбегенин айткан.

Бирок 26-мартта Орусиянын 82 шаарында өтүп, жалпысынан 60 миңге жакын адам катышкан акцияларды көз жаздымда калтыруу кыйынга турат. Митингдерде, «Бийлик Димондуку эмес миллиондордуку», тасмадагы бут кийимге байланыштуу, «70 миллиондук кроссовка сатам», Медведевдин крымдык пенсионерлерге айткан, «акча жок, бирок силер чыдагыла» - деген сөздөрү бар. «Аарылар унчукпаса, аю балды ашай бермекчи», «Путинсиз Орусия», «Падыша кетсин!» сыяктуу плакаттар көтөрүлдү. Митингдерге чыккан эл: «Ууру түрмөдө отурсун!», «Ал бизге Димон эмес!», «Бул биздин шаар!», «Бул жердин бийлиги бизбиз!», «Жемкордук биздин келечекти талкалап жатат!», - деген ураандар чакырды.

Митингге уруксат берилбеген Москвада «жөн эле жөө жүрүш кылалы» деген оппозициялык лидер Александар Навальный метродон чыгып бир нече квартал өткөндө кармалган. Андан кийин Навальный жетектеген Жемкорлукка каршы күрөшүү фондунун (ФБК) көчөгө чыкпаган кызматкерлеринен бери алып кетишкен. «Бул ФБКнын иши эң жогорку баага татыктуу болду. Ал уурулардын бейкапар жашоосуна жол бербей жатат», - деп жазган оппозициялык лидер Твиттер аркылуу.

Түрдүү башкаруу жолду сунуштап, сырткы жана ички душман менен элин ушул күнгө чейин алаксытып келе жаткан «постсоветтик» аталган мамлекеттердин дээрлик бардыгында ушундай эле абал. Мындай айлампа саясаттан чыгуунун бир гана жолу бар. Бийликке таза, адилеттүү жана сот алдында жараны менен бирдей жоопкерчиликке тартылууга даяр башкаруучулар келиши керек.