Маек

Кыргыз жазы: саясий жүрүштөр кызыды

2 апреля 2017 г. 14:05

Мамлекет башчы Кыргызстанды өзү жетектеген мезгил аралыгында өлкөдө өсүш болгонун билдирип келүүдө. Анткен менен айрым экономисттер бул айтылгандар менен макул эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги коомдук-саясий кырдаал боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип, жалпыга маалымдоо каражаттары менен оппозицияны кайрадан сынга алды. Президенттик кызматтан кеткенден кийин саясатта каларын, бирок кайсы бир жооптуу кызматта эмес, Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын (КСДП) иши менен алектенерин кыйытты. Атамбаевдин бул сөзү мындан аркы саясий жүрүштөр тууралуу ар кыл жоромолдорго жем таштоодо.

Президент: соттор ЖМКга сабак болот

Президент 2005-жылдагы 24-март окуяларынын он эки жылдыгына арналып ачылган гүлбакка барган кезде март ыңкылабынын Аксы окуясы сыяктуу мааниси бардыгын, бирок ошол кездеги бийлик андан жетишерлик сабак албагандыктан “уурдалган революция” катары тарыхта каларын билдирди. Президент акыркы саясий кырдаалдардан да кыя өткөн жок. Журналисттерди “Азаттык” радиосу менен “Заноза” сайтынын үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүлөр, президенттин мындан аркы кадамдары кызыктырды. Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттары ушак таратуу менен алектенип жатканын, аларды кечирбей турганын белгилеп, кайрадан сындады:

- Ушактарды токтотуш керек. «Заноза» ушакты билип туруп таратып жатат. Бизге калпычылар жетишет. Тойдук аларга. Ушакчылар өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенге барабар. Мен аларга 5 жыл чыдадым. Бийлик, анын ичинде төртүнчү бийлик жоопкерчиликти сезиши керек. Менин апам журналисттерден, ушактан каза тапты. Менин агам былтыр ушактан өлдү. Булар журналист эмес. ушакчылар. Маселен, «Азаттык» радиосу боюнча эл аралык сотко чейин кайрылууга даярмын жана «Азаттык» радиосу жакшы сабак алат. Сентябрда буюрса Америкага барам, Трамп менен сүйлөшөм. Биз «Азаттык» жана «Заноза» аркылуу ушак таратуу кандай экенин көрсөтөбүз.

Президент жалпыга маалымдоо каражаттарынан сот өндүрүп бере турган акчаны жергиликтүү журналисттер менен балдардын онкология ооруканасына которуу ниетин да айтып өттү.

Парламент тарашы мүмкүнбү?

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарашы мүмкүн деген кеп-сөздөр боюнча да пикирин билдирди. Анын айтымында, азыркы Парламент өзүн-өзү таратышы күмөндүү. Бирок кийинки парламенттик шайлоодо партиялардын шайлоо тизмеcи бекигенден кийин өзгөрбөгөндөй кылып түзүү жана шайлоо босогосун жогорулатуу зарылдыгы турат:

- Мен Парламент өзү эле тарап кетет дегенге ишене албайм. Жогорку Кеңеште туруктуу коалициянын болбой жатканынын себеби, келген шайлоочулардын 7 пайыз босогосу кала берсе, мындан ары дагы Парламентте 6-7 партия болуп, эч качан туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбойт. Эгерде Парламентте бакылдап жаткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө, ошол эле босогону жети кылбай, 9-10 кылып көтөрүшү керек. Ансыз Парламентке дайыма 5-6 партия келип, туруктуу коалиция болбойт. Парламентте бакылдаган эргулдар босоголук балды көтөрүшү керек. Парламенттик шайлоодо партиялар элди алдап жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан абдан кыйтыр мыйзамдар кабыл алынган. Шайлоодо партиялар бир тизмени көрсөтүшүп, Парламентке башкалар келишет. "Республика-Ата-Журтта" жалаң олигархтар. Болгону КСДП гана талапты сактады, илимдин, интеллигенциянын өкүлдөрү бар.

Атамбаев президенттик шайлоого катышпайт, бирок КСДПны жетектейт

Атамбаевдин айтымында, азырынча алдыдагы президенттик шайлоодо ал жетектеген КСДП партиясынан ким талапкер болору анык эмес. Талапкерлердин рейтингдери коомдук пикирге жараша тандалып, ким көп колдоо тапса, ошол адам көрсөтүлөт. Ал шайлоодо тартип бузууга жол берилбей турганын жана аёо болбостугун айтып, бийликтен кеткенден кийин саясатта каларын бул ирет ачык жарыялап, президенттик шайлоого катышпайм деп билдирди:

- Гэллап институтунун акыркы сурамжылоосу президентти элдин 77-78 пайызы колдой турганын көрсөттү. Алар кайсы бир креслодо отурамбы же жөн эле өз өлкөсүн ойлогон адам боломбу менин үнүмдү угушат. Саясатта калыш үчүн сөзсүз кайсы бир жооптуу кызматты ээлөө керек эмес. Мен премьер да, спикер да болбойм. КСДП партиясынын иши менен алектенем. Партиянын жаңыланышын, тазаланышын каалайм.

Бийлик үчүнчү революцияга жол бербейт

Атамбаев өз сөзүндө үчүнчү революция болбойт деп да кесе белгиледи. Анын билдиришинче, өлкөдө ар кыл саясий оюндардын мөөнөтү аяктады:

- Владимир Путин менен болгон маалымат жыйында мен бир аз орунсуз тамашалап койдум окшойт, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула. Таптакыр башка өлкө. Буга негиз жок. Козутууга жол берилбейт. Козуткусу келгендердин баары мыйзам алдында жооп беришет. Түз айтайын, оюндардын убактысы бүттү.

Быйыл 28-февралда Атамбаев Бишкекте орус президенти Владимир Путиндин сапарындагы биргелешкен маалымат жыйында революцияларга чекит коюлганын, өзү мурдагы эки ыңкылапта тең лидер болгонун билдирген.

Байкоочулар эмне дейт?

Президенттин айткандары коомчулукта, социалдык тармактарда катуу талкууланып жатат. Өзгөчө журналисттерди сындаганы, бийликтен кеткен соң социал-демократтар партиясында иштей турганын билдиргени эксперттер чөйрөсүндө түрдүү пикирлерди жаратууда. «Демократ» партиясынын төрагасы Сейтек Качкынбаев мамлекет башчы өз дарегине карата жарыяланган сындарга теригип жатат деген ойдо:

- Ар бир нерсеге реакция кылып, териге бергени президентти элге жакшы көрсөтпөйт. Анын элди ынандыра турган аргументтери болушу керек да. Тилекке каршы биздин президенттин ушундай учурларда наалыганына көнүп калдык. Мен акыркы күндөрү көңүл деле бурбай калдым. Баягы көп сөздүн бири катары кабыл ала баштадым.

Экономист Азамат Аттокуров президент партиянын иши менен алектенерин ачык айтканы анын мураскер дайындап жатканынан кабар берерин боолгойт:

- Жайында президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, оппозиция талапкерин чыгарганга жетишпей калышы ыктымал. Ордуна өз кишисин коюп, андан кийин Парламентти таратышы мүмкүн. Ошентип, КСДПга чоң жол ачылат. Бирок президенттин мындай аракеттерди жасоого моралдык укугу жок. Анткени экономика ылдыйлап жатат. Тигүү тармагы, сатуу тармагы 50 пайызга түшүп кетиптир. Курулуш тармагында да ушундай эле көрүнүш. Бизнес жүргүзүүдө – "Doing Business" рейтинг агенттигинин маалыматы боюнча 74-орунда туруп калдык.

Соңку кезде бийлик тарабынан айрым басылмалардын жана оппоненттердин сотко берилиши элдин көңүл борборунда болууда. Митинг, тынч жүрүшкө чыккандардын камалышы отко май тамызгандай болуп, саясий кырдаал кызыды. Коомчулук бул окуялардын эмне менен аякташын жоромолдоо менен алек.

Президенттин сөздөрү экономикага терс таасир этеби?

Коомчулукта мамлекет башчынын акыркы маалдагы айткандары өлкөнүн тышкы чөйрөдөгү аброюна эле эмес, өнүгүү, бизнес, инвестицияга анын артынан экономикага тийгизген таасири күч болот деп айткандар да чыгат. Мындай пикирдегилердин бири экономист Эркин Абдразаков:

- Мөөнөтү бүтөргө аз калганда, тынч жол менен кетип, тарыхта жакшы ат менен калгандын ордуна ар кайсыны айтып, сүйлөгөнү сөзсүз жагымсыз маанай жаратат. Эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, ачык айтпаса да кандайдыр бир экономикалык жактан изоляцияга кептелип калышыбыз мүмкүн. Өлкөнү эмне үчүн түзөбүз? Улуттун атынан Кыргыз Республикасы деп түзүп аткандан кийин биринчи элдин укугун коргоп, өсүп-өнөлү деген максат менен жашайбыз да. Ошол эле калк өз лидерин тандап алып, бардык шарт түзүп берип, менин укугумду коргойт деп ишеним артып жатпайбы. Бизде тескерисинче өзүбүз тандаган лилдерибиз мөөнөтү бүтөр кезинде ушундай нерселерге барганы, бир ууч төбөлдөрдүн кызыкчылыгын көздөгөнү өкүндүрөт. Биз жакынкы кошуна жана эл аралык уюмдардан алган милдеттенмелерди аткарбасак, экономикалык санкцияларга эле кириптер болбой, өлкө бүтүндүгүнө, коопсуздугуна зыян келиши ыктымал.

Соңку кезде бийлик тарабынан айрым басылмалардын жана оппоненттердин сотко берилиши элдин көңүл борборунда болууда. Митинг, тынч жүрүшкө чыккандардын камалышы отко май чачкандай болуп, саясий кырдаал кызыды. Коомчулук бул окуялардын эмне менен аякташын жоромолдоо менен алек.


Дария Мурат кызы