Акча көп

Тобокелдүү, бирок кирешелүү бизнес

25 марта 2017 г. 17:00

Кыргызда эмне көп? Албетте тууган жана майрам көп. Ал эми ар бир майрам сайын ошол эле туугандарыбызга белек тартуулайбыз. Көп учурда, өзгөчө аял затына белектин жанына гүл кошуп берилет эмеспи. Ошол сыяктуу гүл сатуу менен да тиричилик кылса болот экен.

Гүл сатуу бизнеси – тобокелдүү, бирок, ошол эле учурда кирешелүү. Эксперттердин айтуусуна караганда гүлдөргө болгон суроо-талап ошол аймактагы элдин финансылык деңгээлинен жана менталитеттен көз каранды.

Эң маанилүүсү – бул бизнести аз суммадагы каражат менен баштоого болот.

Эмнеден баштоо керек?

Адегенде эле жакшынакай кылып бизнес-план жазып аласыз. Эгер, өзүңүз бул тармакта жаңыдан кадам таштап жатсаңыз, атайын адистерге кайрылыңыз.

Кийин, гүл сатуу бизнесинин форматын аныктайсыз. Ал шарттуу түрдө 4кө бөлүнөт:

Кичинекей дүкөнчөлөр

Көбүнчө буларды жолдун боюна жайгаштырышат. Бул жерде конкуренция өтө чоң, бирок жерди туура тандасаңыз кардарларыңар да көп болот. Кичинекей павильон киреше алып келсин десеңиз, гүлдөрдүн жок дегенде 10 түрүн коюуңуз зарыл.

Гүл дүкөндөрү

Соода борборунда же эл көп чогулган жерде ачуу керек. Павильонго караганда аянттын көп болуусу – ассортиментти көбөйтүүгө шарт түзөт. Мындай дүкөндөрдө кесилип алынган гана гүлдөр эмес карапада олтургузулган гүлдөрдү да сатууга болот.

Бир гана гүлдөр менен чектелип калбастан, ар кандай белектерди, сувенирлерди, ачык каттарды сатууга болот.

Интернет-дүкөн

Сатуучулар үйлөрүнөн сыртка чыкпастан буйрутма беришет. Бирок, интернет-дүкөндү тажрыйбасы бар, бизнестин ыгын билгендер алып кете алат. Жаңы гана баштап жаткандар үчүн гүл сатуунун бул түрү сунушталбайт.

Адистештирилген гүл бутиги

Мындай бутиктер гүл дүйнөсүнүн бардык эстетикалык баалуулугун жана кооздугун көрсөтө алат. Бул жерде бардыгы тыкан жана кооз болуш керек – имараттын дизайнынан баштап, гүлдөрдүн жасалгалоо композициясына чейин. Бутикти ачууга эксперттердин ою боюнча 80 000 доллар керектелет. Бир айлык киреше 5 000 долларды түзөт. Эгерде корпоративдүү кардарлар көп болсо, анда алардын бардык иш-чараларын кооздоо менен кирешени көбөйтсө болот.

Флористтен кеңеш

"Donna Rose" – гүл сатуучу дүкөндүн ээси, 5 жылдан ашык ушул тармакта иш алып барган айым Елена Саляева бизге төмөнкүдөй маек куруп берди.

- Гүл дүкөнүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Бул бизнеске кантип келип калдыңыз?

- Бул дүкөндү биз 2 ай мурун ачтык. Дүкөндө көбүнчө кесилип алынган жана карападагы гүлдөр сатылат. Суткасына 24 саат, дем алуусуз иштейбиз. Негизи менин ата-энем 28 жылдан бери бул тармакта иштешкен. Мен болсо, алардын жана жолдошумдун жардамы менен бул ишти улантып кеттим десем болот. Бул тармакта иштегениме 5 жылдын жүзү болуп калды.

Гүл сатуу тобокелдүү бизнес. Мисалы, кышкысын гүлдөр жай мезгилине караганда узак убакытка чейин сакталат. Ал эми жайкысын гүлдөргө аяр мамиле жасоо керек. Азыркы учурда гүл дүкөндөрүн ачкандар, флористтер көбөйүүдө, бирок, бул бизнести аягына чейин алып кетүү үчүн – адамда алгырлык сапат болуш керек.

- Жайында аба-ырайы өзгөчө Бишкекте ысык болот эмеспи. Гүлдөргө кандай кам көрөсүз? Атайын муздаткычтарды колдоносуздарбы?

- Ооба, кээ бир дүкөндөрдө гүлдөрдү атайын муздаткычтарда коюп сатышат. Бирок, бул ыкма бир аз туура эмес. Анткени муздаткычтан чыкканда абанын температурасы өйдө-ылдый болуп, дароо ысыкка урунганда гүлдөр тез соолуп кетет. Биздин дүкөндө болсо муздаткыч колдонбойбуз, абаны бир калыпта серүүн кармап турчу кондиционерлер иштейт. Жайкысын температуранын өйдө-ылдый болуусунан улам, чет жерден алынып келинүүчү эмес, жергиликтүү гүлдөрдү сатабыз.

- Гүлдөрдү кайсы өлкөлөрдөн алып келесиз?

- Негизинен Эквадор, Кения, Голландия өлкөлөрүнөн, кээде Израилден да алабыз.

- Ар бир соода-сатыктын өзүнүн бир жымжырт мезгили болот эмеспи. Гүл сатуу бизнесинде бул мезгил кайсы учурга туш келет?

- Жаңы жылдан кийин январь айында жана жай мезгилинде соода токтоп калат. Жайында студенттер, окуучулар жок болот. Өзгөчө рамазан айында, орозо убагында тойлор көп болбойт.

- Кайсы гүлдөр эң көп сатылат?

- Розалар. Анткени алар биздин менталитетибизге жакын. Бирок, кийинки учурда калкыбыз экзотикага жакын болуп келатат. Мисалы, орхидея гүлү – шаардагы эң кымбат гүл. Андан сырткары карападагы гүлдөрдүн өтүмдүүлүгү да чоң, алар мындайча айтканда азыр модага айланып жатат. Албетте, постсоветтик өлкө болгондуктан, гвоздика гүлүнө болгон суроо-талап да жогору.

- Гүл бизнеси менен алектенем дегендерге кандай кеп-кеңештериңиз бар?

- Кандай гана бизнес болбосун, ошону алдыга алып, аны өнүктүргөнгө адамдын ичинде бир алгырлык болуш керек. Конкреттүү кеңешим деле жок, эң негизгиси гүлдөр жөнүндө көп нерсе билиши керек, аларга кантип кам көрүү керек ж.б.

- Бул бизнестин түрүн аз суммадагы каражат менен баштоого болобу?

- Эң негизгиси – бул дүкөндүн жайгашкан жери. Канчалык шаардын борборунда жайгашса, ошончо киреше алып келет. Ошондуктан, каражаттын көп бөлүгү имараттын ижарасына кетип калат. Андан сырткары эгер гүлдөргө кеткен акчаны эсептебегенде, гүлдөр үчүн фурнитуралар, жасалгалоо үчүн кооз барактар да олуттуу сумманы ээлейт. Бирок аз каражат менен ишти баштоого болот.

Бул бизнесте эң негизги нерсе – дүкөндүн жайгашкан жери. Эл көп бара турган, жанында соода үйлөр бар болгон жерди тандаганыңыз туура.

Кадр маселеси

Профессионал флористтер менен иштешкенге аракет кылыңыз. Анткени кай жерде болбосун сапат ар дайым биринчи орунда болот. Андан сырткары студенттерди бош убактысына карап, жумушка алыңыздар.

Гүлдөрдүн ассортименти жана башка товарлар

Дүкөндө кандай гүлдөрдү сатууну билбей жатасызбы? Анда төмөнкү тизмеге көңүл буруңуз. Негизги сатыла турчу гүлдөр жана товарлар:

  • Гвоздика;
  • Хризантема;
  • Роза (ак жана кызыл түстөгү - милдеттүү түрдө!);
  • Гербера;
  • Тюльпан (жазгы сезон);
  • Кургатылган жана жасалма гүлдөр;
  • Карапалардын бардык түрү;
  • Топурак, семирткичтер;
  • Вазалар;
  • Куттуктоо баракчалары.
  • Белектерди таңгактоо, гүлдөрдөн ар кандай композиция түзүү, жумшак оюнчуктардан, таттуулардан да букет жасоо менен дүкөнүңүзгө киреше алып келе аласыз. Ийгилик каалайбыз.


    Даярдаган: Айзада АЛИЕВА