Жорум

"Монтессори" - келечектүү система

25 марта 2017 г. 16:45 504

“Монтессори” системасы азыр дүйнөгө жайылып бараткан педагогика. Европа мамлекеттери азыр бул система менен балдарын тарбиялай башташты. Кыргызстандагы “Монтессори” системасы менен иш алып барган бала бакчаларды ачкан Элмира Каримова бул система тууралуу маалымат берди.

(уландысы, башы мурунку санда)

Баланы мактоо - кемчилик

Баланы мактоо – көз карандылыкка алып келет. “Монтессори” системасында баа берип “азаматсың” - деген мактоо сөзү жок. Биз балдарды мактабайбыз. Себеби билесиңерби, мактоо эки тараптуу болот. Баланы мактай берсең баркы кетип калат. Бала дайыма апасынын азаматы болуп жүрүп эле бир күнү азамат болбой калса баланын аң-сезине терс таасир берет. Ал бара-бара ошол сөзгө көз каранды болуп калат. Балага башка бирөөнүн баасы эмес, өзүнө өзү берген баасы мен үчүн маанилүү. Кээде балдар, “Элмира эже караңызчы, мен сүрөт тарттым. Кандай экен?”- деп алып келет. Мен, “сага жактыбы?”- деп сурайм, “ооба” - десе, “мага да жакты” - дейм. Биз баланы мактап келип, анан он эки, он төрт жашка келгенде уруша баштайбыз, “тигинин баласын карачы, мунун баласын карачы” - деп. Мектепте да бул жаш куракта жаңы сабактарды окуй башташат. Анан жакшы окугандарды өзүнчө, жаман окугандарды өзүнчө бөлүп башташат. Балага бул аябай чоң таасирин тийгизет. Анан көчөдө, “Жүрү биз менен тамеки чегесиңби? Азаматсың”, “Уурулук кыласыңбы? Азаматсың ”- дегендер пайда болот. Бала сырткы чөйрөнүн “азаматсың” деген сөзүнө көз каранды болуп калат.

Эмне жакшы эмне жаман экендигин үйрөтөбүз, бирок кантип үйрөтөбүз бул башка нерсе. "Монтессори"системасынын негизги максаты күчтүү, эрктүү, өзүнө өзү ишенген инсанды тарбиялап чыгуу болуп саналат. “Монтессори” системасы абдан терең каралган. Жаш өзгөчөлүккө жараша бөлүнөт. 0-3 жашка чейин, 3-9 жашка чейин, 9-12 жашка чейин, 12-21 жашка чейин жана 21ден ары көздөй. Бул жаңы методика эмес, жүз жылдан ашык тажрыйбасы бар. Башка бардык өлкөлөрдө бул метод иштеп келе жатат. Индиянын жарымы, Англия, Америка, Италия, Голландия сыяктуу Европанын бардык өлкөлөрүндө колдонулат.

“Монтессори” Кыргызстанда

Бишкекте жана Жалал-Абадда бар. Бизде бул система менен иш алып барган бала бакчалардын ачылышына токтоло кетейин. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 2012-жылы мага лекция окуп берүүмдү суранышты. Ошондо мен Орусиядан тажрыйбалуу адистерди чакырууну сунуштадым. Орусияда мурда эле бул система менен балдарды тарбиялоо башталган. Бирок СССР убагында токтотулуп жабылып калган. Кийин 90-жылдары кайрадан жанданып азыр бардык жактарга тарап жатат. Алардын мугалимдери Америкадан, Голландиядан окуп келишкен. Башкы негиздөөчүсү Монтессоринин небереси Марио Монтессори. Азыр башка бир небереси жетектеп жатат. Бул патенттелген эмес. Ар бир каалоочу үйрөнүп, дүйнөнүн каалаган бурчунда бул ыкманы колдоно алат. Монтессори бул ыкманын бүт дүйнөгө таралышын каалаган. Өзү көп жылдар бою Индияда жашаган. Ошол себептүү Индияда бул ыкма менен иштеген мектептер, бала бакчалар көп. Биз ошондо Орусиядан Смирнова Надежда Николаевнаны чакырганбыз. Москва шаарындагы Монтессори институтунун директору болуп иштейт. Келип бизге эки сааттык лекция окуп берген. Ошондон кийин “Монтессори Чудаврог” тренинги болуп, жетимиш беш киши тренингге катышып, он сегиз киши гана толук окуп бүтүргөн. Алардын ичинен алтоо биздин бала бакчада эмгектенишет. Жалал-Абадда да ушундай бала бакча ачылып “Симба” бала бакчасы деп аталып, тренингдин катышуучусу Нургүл Шорокова жетектейт. Ал эми Бишкекте “Пиколина” бала бакчасы, “Синяя птица” мектеби да учурда ушул ыкманын негизинде иштешет. Булардын бардыгы ошол тренингдин бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн. Ошондо республика боюнча төртөө бар.

Бул системаны бүт өлкө боюнча жайылтууга пландар бар. Бирок “Монтессори” педагогикасы тилекке каршы кымбат акы төлөнүп билим алуучу система болууда. Себеби атайын даярдалган материалдар менен иштейбиз. Бала жасап жатып, өзүнүн катасын өзү байкагандай болуп жасалган. Бул материалдар Кыргызстанда жок. Омскиде, Санкт-Петербургда, Голландияда, Кытайдагы фабрикалардан жасалып чыгат. Өтө тактыкты талап кылган технология.

“Монтессори” – бүтүн система

“Монтессори” педагогикасы психологиялык, нравалалык, моралдык, физикалык жана башка бардык тараптарды чогуу камтыйт. Бул терең бир философия. Ал эми салттык педагогикада ар бирин өз-өзүнчө үйрөтүшөт. Эгер байкасаңар эртең менен биз алгач бала менен учурашабыз, анан ата-эне менен. Балага максималдуу маани беребиз. Өзүм билген эле мисалды келтирейин, бул биздин шаардагы эле мектептердин биринде болгон окуя. Неберемдин айтымында кыргыз тили мугалими баланын дептерин жерге ыргытып, "дептерди жерден ал, ичинде эки бар!" - дептир. Ансыз деле баа үчүн басынып калган баланы ого бетер балдардын астында басынтуунун эмне кереги бар? Мен неберемден, ”ошол бала сен белең?- десем, “жок”- дейт. “Эгер сен болсоң алат белең?”- десем, “жок”- дейт. Мына ушул нерсени биз тарбиялап жатабыз. Басынтып жатканга басынбай туруштук бергенге үйрөтөбүз. Жан дүйнөдө нравалык бир түзүлүш болуш керек.

Ата-энелер башкы тирек

Атайын ата-энелер менен бирге концерттик программаларды уюштуруп турабыз. Биздин ата-энелер балдары менен чогуу ырдашат, чуркашат. Мен да психолог катары ата-энелерге өзүмдүн кеңештеримди айтып турам. Балдардын туулган күндөрүн өткөргөнүбүздө ата-энелер сөзсүз катышат. Каалоо-тилекти үч-төрт жаштагы балдар да айтат. Өзүңүздөр деле билсеңиздер керек кичинекей кезибизде каалоо-тилек айт десе уялып, тартынып оюбуздагыны айта албай калчубуз. Биздин балдар андай эмес, кичинекейинен чоңуна чейин сүйлөп көнүшкөн.

Абсолюттук эркиндик болбойт, бул чектөөнү билдирбейт

Туура айтасыз, эркиндик менен чектөө бир болбойт деп ойлойбуз, бирок биздин методикада, “сенин эркиндигиң башка бирөөнүн эркиндигине тоскоол болбош керек”- деген принцип колдонулат. Ар бир балага бирден гана материал берилет, эгер башка бирөө колдонуп жатса, аны талашып ала албайт, күтөт.

Бизден аяктаган балдарды мен өзүм шаарыбыздын мектептерине алып бардым. Бир мугалим айтып калды, “Силердин балдарыңар башкача”- деп. "Эмнеси башкача?" - деп сурасам, "токтоо, чыдамкай" - деди. Чынында эле “Монтессори” бала бакчасын аяктаган балдар токтоолукка, чыдамкайлыкка үйрөнүшөт.Ата-энеси кол булгалап койсо, чуркап жөнөшпөйт, күтүшөт.

Билим алуу биздин балдар үчүн абдан оңой, тез эле өздөштүрүп кетишет. Жүздүктөрдү, миңдиктерди кошобуз, кемитебиз, көбөйтөбүз, бөлөбүз, тамырдан чыгарганды да билишет. Дайыма балдар дил баяндарды да жазып турушат.

Кыска суроого кыска жооп

- Сабактар кайсы тилде өтүлөт?

- Орус тилинде.

- Мугалимдерди кантип тандап аласыз же өзүңүз үйрөтүп аласызбы?

- Мугалимдерди өзүм үйрөтөм. Алты кишини окуткам төртөө иштеп жатат. Атайын диплом берилет.

- Окуйм, иштейм деп келгендерге кандай талаптарды коесуздар? Окутууну акысыз жүргүзөсүздөрбү?

- Окутуу акылуу. Себеби көптөгөн материалдар өздөштүрүлөт. Биз мисалы атайын жогорку билимибиз бар туруп дагы эки жыл билим алганбыз.

- Окутуунун акысы канча турат?

- Башында айына эки миң сом менен баштаганбыз, аягында болсо отуз миң сомго чейин чыкты. Себеби окутуучулардын гонорары беш миң долларга чейин жетет. Бул жакта да баштасак деп ойлонуп жатабыз.

- Кадимки эле бала бакчалардын жарнамаларында арифметика же болбосо менталдык арифметика деп турат. Сиздер өзүңөрдү кантип жарнамалайсыздар?

- Биз көп деле жарнамага бербейбиз. Атайын сайтыбыз бар.