Адабият/Тарых

Жер-жемиш уругун тандоо

25 марта 2017 г. 15:32 532

Жер-жемиштердин уруктарын кантип туура тандоо керек. Суроолорубузга "Бай жер" компаниясынын агроному Баатыр Эрназаров жооп берди.

- Кайсы уруктарга суроо талаптар көп?

- Жашылча-жемиштерге суроо-талаптар көбүрөөк. Негизги себеп Бажы союзуна киргенден кийин базар ачылып, дыйкандар жашылча-жемишти көбүрөөк өстүрө башташты. Жашылча-жемиштерден басым дарбызга жасалат. Андан кийин капуста, помидорлорго талап жогору. Ким кайсы жашылчаны жакшы өндүрө алса, киреше таба алат. “Эр эмгегин жер жебейт”- деген макал бар. Туура өстүрсө, жаңы технологияларды, ыкмаларды, уруктарды пайдаланып жогорку түшүмдөрдү алса болот. Дарбызды түштүктө да, түндүктө да өстүрүшөт. Сокулукта, Ысык-Ата райондорунда, Чалдыбарга чейин дарбыз өсөт.

- Атаандаштыкка туруштук бере алабызбы?

- Толук мүмкүнчүлүк бар, аткени былтыркы жылды карасак дарбыздын түшүмү өтө төмөн болду. Бажылык саясатка толук даяр эмес болгондуктан, дыйкандарыбыз тышка алып чыгууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калды. Саналуу гана дыйкандар Казакстанга сатышты. Көбү Кыргызтанда сатылып, дарбыздын баасы арзан болду. Талаада 1-1,50дөн болду. Дүң баасы 4-5 сомго араң жетти.

- Дыйкан урук тандоодо эмнеге карашы керек?

- Агроном катары жооп берейин. Урукка гана байланбайт. Жерди тандоо, даярдоо да маанилүү. Ошондуктан дыйкан каражатын бекер сарптабастан адистерге кайрылганы туура болот. Анткени кээ бир өсүмдүктөр кумдак жерди жакшы көрөт, кээ бир өсүмдүктөр саздак жерде өсөт. Сууну көп талап кылган өсүмдүктөр бар. Учурда ооруларга, курт-кумурскага каршы, отоо чөптөргө туруштук бере турган уруктар бар.

- Уруктарды кантип тандаш керек?

- Кыргызстанда сапаттуу уруктарды алып келген расмий компаниялар өтө аз. Биз Европанын эң алдыңкы компанияларынын уруктарын алып келебиз. “Пионер” деген азыркы күндө дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы уруктардын бири болуп эсептелет. Дүйнө жүзүндө 70тен ашык өлкө колдонуп келет. Америка компаниясы, андан тышкары “Циминист” деген голландиялык компания. Биз түздөн-түз ушул заводдордон алып дыйкандарга сунуштап келебиз. Дыйкандарыбызга адис катары толук кеп-кеңештерибизди беребиз.

- Урукту алгандан кийинки жол-жоболору кандай болот?

- Урукту алардан мурун жерди даярдоо маселеси турат. Жерди күзүндө айдап, күзүндө даярдаса жакшы. Биринчиден нымдуулукту жакшы сакташ үчүн. Экинчиден курт-кумурскалардын жоголушуна таасир этет. Үчүнчүдөн бир жылдык отоо чөптөрдүн жок болушуна себеп болот.

- Жаңы алынып келинген уруктарды дыйкандар өздөштүрүп жатабы?

- Биздин компания жүгөрүнү жана күн караманы дыйкандарга сунуштап жатабыз. Жүгөрүнү Союз мезгилинде Хрющев алып келген, “царица полей”- деп. Дан эгиндеринин ичинде эң көп тушүм бере турганы – жүгөрү. Айыл чарбасында жүгөрүнү кирешелүү өсүмдүк деп колдоп келишет. Азыркы күндө биздин компания жети түрүн сунуштайт. Кыргызстанда жугөрү эрте, орто жана кеч бышкан болуп үч топко бөлүнөт. Эрте бышканы экинчи түшүм алыш үчүн түштүк регионубузда колдонушат. Чүйдө жайкы мезгилде жүгөрү жок болгонуна байланыштуу дан эгиндери кымбат болот. Өздөрүнө арзан тоют камдаш үчүн эрте бышкан жугөрүлөрдөн түшүм алышат. Кеч бышкандарга караганда түшүмү эки эсе төмөн болот. Орто бышкан жүгөрүлөрдүн үч сорту бар. Чүй регионунда 90% айдайт десем жаңылбайм. Таласта да айдашат. Булардын жакшы жери күзүндө толук бышат. Ошондуктан Чүйдө кеңири тараган.

-Нарын өрөөнү кандай уруктарга муктаж?

- Кылкандуу дан эгиндери кээ кезде кар астында калып калат. Бул региондо эрте бышкан жүгөрүлөрдү гана өстүрүшөт. Малга тоют катары пайдаланышат. Орто анан кеч бышкан жүгөрүлөрдү силос катары пайдаланышат. Себеби, толук кургаганга жетишпейт.

- Жүгөрүдөн башка эмнеге талап күч?

- Өзүңүздөр байкагандай жашылчага талап жогорулап баасы кымбат болсо, элдер жашылча менен алектенет. Бүгүнкү күндө өкүнүчтүүсү бүт түшүм арзан. Чарбачыл дыйкандарды ойлондуруп жатат. Жашылча-жемишке көп акча сарпталат, көбүнчөсү кол менен иштетилет. Техника колдонулбагандыктан кымбат. Ошондон улам дыйкандар чочулап турат. Ошондуктан түшүмдүү үрөөндөрдү жана жаңы технологияларды колдонуу керек. Жаңы технологиялардын негизинде отоо чөптөрдүн баары дарыланып жок болот. Демек, адамдын эмгеги да азаят. Өсүмдүктөрдү бат өстүрүп түшүмдүүлүгүн көбөйткөн жаңы био кошулмалар бар. Базарда ар кандай жер семирткичтер да сатылууда. Кайсынысын аларыңды билбей баш айланат.

Мисалы, глюфацат деген бүт отоо чөптөрдү өлтүрүп кызылчага терс таасир тийгизбейт. Сапаттуу урукту расмий дүкөндөрдөн аласыз. Ал эми гибридди Союз мезгилинен бери колдонуп келет. Гибрид – бул аргындаштырылган нерсе. Жашылча, жер-жемишти өндүрүү боюнча Голландия биринчиликте турат. Жүгөрү боюнча Америка, андан кийин Испания. Уруктарды өндүргөнгө, талаптарын жогорулатканга, ар кандай ооруга туруштук берүүгө каражат керек. Бизде Кыргызстанда уруктар үч жыл сынактан өтөт. Мисалы, жүгөрүнүн уругу Кыргызстанда да өндүрүлөт. Андан тышкары Казакстандан келет, Кытайдан келет, ошол уруктарга салыштырмалуу эки эсе гана кымбат болушу мүмкүн, бирок 5-6 тоннага чейин жогору түшүм берет.

- “Пионерский” уругу сатыкка чыгып жатабы?

- Күзүндө буюртма алып, жазында алып келип беребиз. Көп өлчөмдө болсо күзүндө деле сата беребиз. Бул урукка талап өтө жогору. Жаңы жылга чейинки акция боюнча бир кап уруктун баасы 155 доллар, ал 1 гектарга жетет. Кийинки келе турган уруктун эң жогорку баасы 169$ болушу мүмкүн. Урук келгенде гана баасын так айтса болот.

- Союз мезгилинде жашылча-жемиштер даамдуу болчу...

- Мурда адистер иштеген. Азыркы күндө андай болбой калды. Кимге жер тилкеси тийсе, ошол иш кылып жатат. Тез бышкандарды колдонбой, узак мөөнөттө быша турган түшүмдүүлүккө кызыгып жатышат. Алар бышып жетилбей калып жатат. Бышып жетилген өсүмдүк гана даам берет. “Вегетациялык период”- деп коёт, көп күндө өссө, көп убактысын чоңоюуга сарптап, даамсыз болуп калат. Азоттуу жер семирткичтерди көбүрөөк берип нитраттар көп болуп жатат. Сапаттуу нерсе дайыма кымбат турат. Урпактарыбызга жерибизди таза калтырганга аракет кылышыбыз керек. Дарыларды көп жегенибизден ар кандай аллергиялык оорулар көп кездешип жатат. Даамды кайтарганга толук мүмкүн. Туура пайдаланып, таза кармай турган болсо эле ордуна келет.

- Азыгы даамдуу болуш үчүн кайсы жакка кайрылып, кандай кеңеш алса болот?

- Азыр XXI кылым, интернет бар, байланыш телефондорубуз да бар. Жеке мага же коллегаларыма кайрылса болот, бизде консультация бекер. Өзүбүз да дыйкандар менен иштешип тушүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жыйынтыгын да байкап анализ жүргүзүп турабыз. Андан тышкары Ош, Жалал-Абад, Баткенде да расмий кеңсебиз бар. Ал жерде 5 адам эмгектенет. Биздин компаниянын өзгөчөлүгү – жаңы, заманбап технологияларды колдонуу. Төрт жыл бою дыйкандарга кызмат көрсөтүп келебиз. Жыйынтыгын бергенден тышкары бай тажрыйба алды.

- Кайсы малекеттердин тажрыйбасын колдонсок, даамдарды кайтарып келүүгө болот?

-Бирөөнү кайталоонун кереги жок. Өзүбүздүн чөлкөмгө ылайыкташтырып технологияны колдонсок болот. Мудагыдай эле даам менен бирге көбүрөөк түшүм ала алабыз. Кыргызстанда жер анча кенен эмес. Анткени 94%ы тоо, калганы гана айдоо жерлери. Анын ичинде сугат жерлери жана сугарууга мүмкүн болбогон жерлер бар. Дыйкандардын эң негизги көйгөйү каражаттын тартыштыгы. Мамлекетибиз колдош керек деп ойлойм. Мамлекеттин каражаты жетпесе, инвесторлорду тартыш керек. Жерибизге аяр мамиле кылып, дыйканчылыкта жоопкерчиликтүү иш алып баруу керек. Ошондо гана өнүгүп-өсөбүз.


Маектешкен: Бермет ТУРСАЛИЕВА