Акча көп

Эти этке, шорпосу бетке, акчасы чөнтөккө

18 марта 2017 г. 18:45

Америка жана Европа өлкөлөрүндө күрптүн эти абдан бааланат. Себеби, ал жумшак жана даамдуу этинен тышкары курамында аминокислота, пайдалуу заттар бар. Ал эми бул канаттуу менен бизнес кылууну пландаштырып жатсаңыз, демек, кирешелүү булакты көздөп турасыз. Дегеним, эки жыл ичинде күрп 30 килограммга эттенип, андан тышкары жумуртка менен да камсыз кылып турат.

Күрп багуунун жолдору

Күрп багуунун эң татаал жагы – аларды балапан кезинде багып, чоңойтуу. Анткени, балапан кезинде тооктордукунан айырмаланып өтө алсыз болгондуктан чалкасынан жатып калса эле тура албай кыйналышат. Душмандарынан энесинин коюнуна кире качкан тооктун балапандарындай тың болбой, жүдөңкү келет. Бирок 20 күнгө чейин жакшылап көңүл буруп, айрым зарыл нерселерин үйрөнүп алсаңыз, эң оор деп эсептелген баштапкы учурду оңой жеңип чыгасыз. Мисалы, 20 күнгө чейин жарык жана кургак жерге тор тартып, суу жана жемин унутпай берип туруңуз. Ал эми күн жылууда эртең менен жана кечке маал көк чөпкө жайып салыңыз. Ошондой эле баштапкы кездеринде кайнак сууга шекер салып берип турсаңыз тамагы оңой сиңет. Күрптүн жөжөлөрү алгачкы баскычында суткасына 40 грамм, чоңдору 400 граммга чейин жем жешет. Күрптөргө буудай, жүгөрү, быштак, өсүмдүк майын, туз, сабиз, картошка, чөп, беде, сулу, арпа, таруу берип туруу кажет.

Күрптү эт азыгы үчүн гана эмес, аларды көбөйтүп да бизнес кылса болот. Ал үчүн 6-8 ургаачы күрпкө бир эркегин кошуп койсо 7 айдан кийин жумуртка тууп башташат.

Бул иш менен алектенип жүргөндөрдүн айтымында: “тоок багууга караганда күрп менен бизнес кылууда чыгаша көп болгону менен кирешеси 3 эсе көп”.

Күрпкө ыңгайлуу шарт түзүп берүү зарыл, ал үчүн:

  • Комбикорм, жем-чөбүн салкын, кургак жерге коюңуз;
  • Азыгына витамин-минералдык кошумчаларды аралаштырыңыз;
  • Кайнатылбаган үй температурасындагы суу берүү дурус;
  • Күрпкананы таза кармооңуз зарыл;
  • Маал-маалы менен дарылап туруу керек;
  • Мына ошондо сиз баккан күрптүн этин кооптонбой жесеңиз болот.

    Ноокат районунда жыл сайын 200 күрптү жаңы жылга даярдаган Калтажы Мамасалиева 17 жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү:

    - 20-30 күрптү бир бөлмөгө катар тизип бастырабыз. Алар мартта жумуртка тууп, апрелде бастырылат. Чыккан жөжөлөрдү дароо светке энесин кошуп салабыз. Жайкысын талаадан чегиртке жеп тоюп келгендиктен эртең менен жана кечинде эле жем чачабыз. Жүгөрүнү күнүнө 40 килограмм жейт. Жайкысын аз жегени менен кышында кол карап калат. Ошондуктан кыш түшөрү менен баарын сатып, өзүбүзгө жыйырманы эки корозу менен алып калабыз. Буларга жазында, күзүндө ийне сайдырып турабыз. Андан тышкары жумасына он үндүккө бир "альбен" дарысын берип турабыз. Анткени, булар жер чукуп, курт жегендиктен ичегисин курт басып кетет. Негизи "альбенди" көп беребиз, андан башка ветаптекалардан дары-дармектерден алып келип, дарылап турабыз.

    Жүгөрүнүн баасы – 1кг =20 сом

    Ар бир күрп күнүнө 200 гр жем жейт

    20 күрп x 6 кг (1 ай үчүн) = 120 кг

    120 кг x 20 сом = 2400 сом

    2400 сом x 9 ай = 21 600 сом

    20 күрп 9 ай ичинде 21 600 сомго жем жейт.

    20 күрп баскан жумурткадан 200 балапанды жакшы карап чоңойтсо, демек:

    200 күрп x 6 кг = 1200 кг жемди 1 айда жейт.

    1200 x 20 сом = 24 000 сом

    24 000 сом x 8 ай = 192 000 сом

    200 күрптү жаңы жылга жакын сатса:

    1 күрп = 1900 сом

    200 x 1900 сом = 380 000 сом киреше

    Жалпысынан 200 күрп үчүн:

    Жем = 192 000 сом

    Дары-дармек = 30 000 сом

    192 000 + 30 000 = 222 000 сом чыгаша

    380 000 – 222 000 = 158 000 сом киреше

    Ошондо 20 күрптөн башталган чакан бизнес 9 ай ичинде 150 000 сомдун тегерегинде киреше алып келе алат. Ал эми баштапкы 20 күрптүн ордун баскандары алардын чыгымын жаап, бизнес жабылып калбай, жылдан-жылга уланып турушуна кам көрөт.


    Даярдаган Нурзат БАКТЫГУЛ кызы