Адабият/Тарых

Т.Үмөталиева: Бийликке ким келсе да, тынчтык жолу менен келсин!

18 марта 2017 г. 17:00 3323

Президенттик шайлоодо талапкерлигин аялдардын арасынан жалгыз коюп келаткан Токтайым Үмөталиева. Бул жылы койсо, төртүнчү жолу коет.

- Сизди дагы талапкерлигин коет деп уктук. Дайыма эле коесуз, демек, артыңызда колдогон киши барбы?

- (Күлүп) Эч ким жок. Колдоочум да, таянарым да – кыргыз элим жана үй-бүлөм. Президентикке талапкерлигимди коер, койбосумду бир Кудай билет. Анткени, азырынча чече элекмин, ойлонуп жатам. (Күлүп) Койсо коюп деле коебуз. Бул жолу койсом, төртүнчү жолу койгон болом. Эки жолу катышып, Бакиев менен жарышып дегендей... Үчүнчү жолу мыйзам бузуу болуп, тизмеге кошулбаган талапкер болдум. Роза эжем баш болуп, мени шайлоого киргизбей койгон. Ал киши өзүнөн башка аялзаты тарыхта калбасын деген ойдо болду окшойт.

- Мамилеңиз жакшы эмес окшойт?

- Роза Исаковнаны жашына жараша урматтайм, инсан катары сыйлайм. Бирок, бир топ кылган иштерине, ой-пикирине макул эмесмин. Бат-бат эле пикирин өзгөртө бергени жакпайт, туруктуулук жок. Бир нерсеге терең карабаганы да бар.

- Мисалы?

- Мисалы, “Өткөөл мезгилдин президенти” деген мыйзамдуу эмес. Себеби, ушуга чейин ошондой мыйзамдын баштапкысы табылган жок, табылбаган соң, мындай наамга эжекем ээ болгон жок. Ал Өмүрбек Текебаевдин оюну болчу. Анткени, ал кездеги “Ак жол” партиясы баш, калганы төш болгон Парламентти эч ким тараткан эмес. Аларды таратканга БШКнын гана укугу бар болчу. Мына ушундай мыйзамдуу жагын Текебаевге айтсам, “жарай берет, кайсы мыйзамды айтып жатасын?” - деп койгон. Андагы БШКнын жетекчиси А. Сариевдин чечими менен Парламент 2-июлда таркатылды. Ага чейин мен 5-6 депутат менен 29-апрелде “Ак кемеге” 49 депутатты чогултуп, Роза эжебизди, “президенттин милдетин аткаруучу кылып бекители” - деп чакырсак, “Текебаев мага андайга жол бербей жатат” деп келбей койгон. Ага да карабай, ал кишини биз мыйзамдуу иш алып барсын деген ниетте Убактылуу Өкмөттүн төрайымы кылып чечим чыгарып, бекитип бергенбиз. Ал чечимди эч ким жокко чыгарган жок. Ошондон улам, Убактылуу Өкмөт туруктуу мыйзамдуу Парламент менен бекиген. Парламент референдум өткөндөн кийин таркаган. Ошо кезде Текебаев Конституциянын тексттерин алмаштырып, элге чыгарган көчүрмөлөрдү, Конституциянын башкы нускасын ушуга чейин катып бербей жатат. Түпкү нускасы референдум алдында “Эркин Тоо” гезитине чыккан. Референдумга чейин, референдумдан кийин чыккан Конституциянын текстинде чоң айырма бар.

- Сөзүңүзгө караганда, сиз Текебаевди башынан жактырбайсыз. Бирок, Өмүрбек Чиркешовичти колдоп, митинг болуп жаткан жерге бардыңыз, эл сизди кууп салды. Чыныңызды айтыңызчы, ал жерге Текебаевдин укугун коргоюн деп бардыңызбы же кордоюн деппи?..

- Жок, мен эч качан бирөөнү кордобойм, дегеле бирөөнү кордогондон алысмын. Андай учурда бирөөнү табалаган болбойт. “Таба эмес, тобо” деп сүйлөш керек! Укук коргоочу болгондон кийин мыйзамдуу жагын гана түшүндүргөнгө аракет кыласың. Ал жерден мен мыйзамдуу жана мыйзамсыз жагына токтолмокмун. Ал жерге мен бирөөнү басмырлап барганды максат кылган эмесмин. Максатым камакка алуу канчалык мыйзамдуу болгонун гана түшүндүрүү болчу. Эми ал жерде жалгыз Текебаевдин маселеси каралган жок, башка маселелер да каралып, айтылып жатты. Мен дагы ошондой нерселерге токтолмокмун. Ага чейин “Ак кемеде” тегерек стол болбодубу. Ага катыштым. Тегерек столдун уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков, “тынчтык митингги болуп жатат. Жеке Текебаевдин маселеси эмес, бардык маселе көтөрүлүп, айтылып жатат. Ошол эл чогулган митингге барып, каалаган маселелерди көтөрө бергиле!” - деген ураан менен бизди чакырган. Анан мен бардым. Өзүңөр көргөндөй жагдай болду...

- Кечээ эле өздөрү митинг, пикетте жүргөндөр бүгүн бийликте, бирок, азыр митингчилерге каршы чыгууда. Бу боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Мыйзам боюнча саясатчылар, дегеле, ар бир адам ой-пикирин айтканга укугу бар, ага тыюу салганга болбойт! Бирок, ошол эле учурда, пикет уюштуруп жаткан саясатчылар башка адамдарга зыян келтирбей, алардын өмүрүнө коркунуч туудурбай тургандай, митинг, пикет өткөрүүнү унутпашы керек!

- “Укук коргоочулар “американын тыңчысы” деп жазылып да, айтылып да жатканын өзүңүз деле угуп жатсаңыз керек. Муну кандай кабыл алуудасыз?

- Укук коргоочу коомдук адвокат. Врачтай эле роль ойнойт. Дегеним, катуу оору менен ооруканага түшкөн адамды врач аман алып калганга аракет кылат, туурабы? Ал анын өң-түсүн, улутун сурабайт. Укук коргоочу деле ошондой, ким жардамга муктаж болсо жардамын аябайт. Кайрылган адамдардын кызыкчылыгын коргойт, сатпайт. Тилекке каршы, бизди жаманатты кылгандар болууда, өзгөчө бийлик өкүлдөрү. Талаш-тартыш маселе башталганда эле ушак таратышат. Анан бир нерсе болуп, кызматтан кол жууп калса, арызданып, эжекелеп, ошол укук коргоочуларга чуркашат. Бизде кек сактоо деген жок. Ким кайрылса, ошого мыйзам чегинде жардам беребиз. Тагыраагы, Кудайдын алдында алган милдетти аткарабыз.

- “Кудай берген касиети бар, адамдарды дарылайт” - деп бири айтса, экинчиси, “көзү ачык” - деп айтышат. Болгон чындыкты өз оозуңуздан уксак...

- (Күлөт). “Көзү ачык” - деген туура эмес. Аларга чуркоонун кажети жок. Куранда да тыюу салынат. Анткени, ал өтө кооптуу. Көзү ачык туура эмес бир нерселерди айтып койсо, ага ишенип алган адамдын турмушу бузулушу ыктымал. Же “Сенин бу жериң, тиги жериң ооруйт экен” - деп койсо, ал адам ооруп калышы мүмкүн. Же жаман бир нерсени кабарлап койсо, жамандык болуп калышы мүмкүн жана дагы башкалар. Ар бир адам Кудайга, анан өз күчүнө ишениши керек. Жакшы ойго жетеленип, жакшы нерсе тиленсе эле, баары жакшы болот. Бекеринен “Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы кабарым бар”, “Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында” - деп айтылбайт да. Карачы, кандай гана сонун макалдар, өзүнчө эле философия. Анан бир нерседен күмөн санасаң, сага кантип Кудай берсин. Ишеним керек! Мына мен ошондой ишеним менен жашайм, жакшы нерсе тилейм. Кудай берген касиет бар. Бир нерсени сезип, туюп турам. Өтө кыйналып турган адам жаныма отурса кыйналам. Анан ага болгон кеңешимди айтам, “мындай кыл, тигиндей кыл” деп. Кыскасы, депрессияга түшүп кеткен адамдарды дарылайм. Аны эми айтып отурсам, узун сөз.

- Кыргызстаныбыздын келечеги кандай болот: туюп, биле аласызбы?

- Жакшы. Мен жогоруда айттым го, канчалык жакшы нерсе тилесек, ошондой болот деп. Дагы бир жолу айтам, жаманга жетеленбейли, жакшылыкты гана чакыралы.

- Бүгүнкү жашоо сизге жагып жатабы?

- “Көч бара-бара оңолот” дегендей, темтеңдеп, буттан турганга аракет бар. Бирок, акыркы 6 жылда, алмашылган Конституциянын негизинде министрликтердин вертикали ар кайсы партиялардын талаш-тартышында калып, талкаланды. Талкаланган нерсени бутка тургузуу кыйын. Аткаруучу, соттук бийликтер популисттик өзгөртүүлөрдүн негизинде абдан оор абалга келди. Билимдүү балдарыбыз тышка чыгып кетип жатканы да өтө өкүнүчтүү.

- ММКларга бийликтин кысым көрсөтүүсү өкүндүрбөйбү? Мисалы, Башкы прокуратура, “ажонун аброюна шек келтирди” - деген таризде “Азаттык” радиосун сотко берди. Бул боюнча оюңуз кандай?

- Алгач мен бийликтин да, ММКда иштеп жаткан кээ бир инсандардын да деңгээли түшүп кеткенин баса белгилеп кетким келет. “Окшошконго мушташкан” деп калчу эле апам, ошондой эле болууда. Азыр ММКлардын көпчүлүгү элге так маалымат берүү принцибинен тайып, кожоюну айткан нерсени чагылдырып жатканы жашыруун деле эмес да. ММКлар калыс, адилет болуп, чындыкты элге жеткирсе, ийгиликке жетет.

- 24-март, 7-апрель жакындап калды. Эки төңкөрүш тарыхый баасын ала алдыбы?

- 7–апрелде эл менен болдум. Себеби, 6-апрелде, түнү менен революция лидерлерин кармап, камап салышкан. Эч ким жок болгондон кийин, топ башчысы болуп берүүмдү эл суранды. Ок атылат деп эч ким ойлогон эмес. Ошондо каза болгон балдарга башымды ийип, таазим кылам. Ок атылса да коркпой, кайра Ак үйдү көздөй жулкунуп, жан берип жатышты... Жарадар болгон балдардын аман калышын Кудайдан тилеп, ыйлап жүрдүм. Тилекке каршы мүрт кеткендер болуп жатты... Мезгил менен катып калган балдардын элесин эстеген сайын ыйлагым келет, жүрөгүм ооруйт. Эки-үч жылга чейин унута албай, кыйналып, бук болуп жүрдүм. “Андай эмес, мындай кылсак, ошол шейит кеткен жигиттерибиз өлбөй калат беле?” - деп пленканы артка түргөндөй, оюм менен түрүп, тирүү калтырып, кубанып, куру кыялга баткан күндөр, бушайман болуп, уктабай таң атырган түндөр да болду. Жаман көрүнүштөн жүрөк болк этип, тынчтыкты сүйүп калган. Бул бийлик да кетет, бирок, тынчтык жолу менен кетсин. Бийлик башына ким келсе да, тынчтык жолу менен келсин. Алмазбек Атамбаев сөзүнө туруп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берерине мен ишенем! Эгер айтканынан кайткан болсо, анда көрө жатарбыз... Биз ынтымактуу болушубуз керек! Антпесек, үчүнчү күч колдонуп кетиши мүмкүн. Атайы ушак-айың таратып, элди экиге бөлгөн ички, тышкы күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал. Баарына абай салып, сак бололу, өлкөнүн эртеңкисин ойлойлу, кыргыз элим!


Маектешкен: Нази БАЯН кызы